Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Кудайдын Ахаз падышага айттырган сөзү

    7:1 Узиянын уулу, Жотамдын уулу, Жүйүт падышасы Ахаздын убагында Сирия падышасы Ретсин менен Ысрайыл падышасы Ремалиянын уулу Пеках Иерусалимди басып алыш үчүн, ага каршы согуш ачышты, бирок басып ала алышкан жок.

    7:2 Дөөттүн тукумуна: «Сириялыктар эпрайымдыктардын жерине келип жайгашышты», – деп билдиришти. Ошондо токойдогу дарактар шамалдан дирилдегендей, анын да, элинин да жүрөгү дирилдеди.

    7:3 Ошондо Теңир Ышайага мындай деди: «Сен уулуң Шейар-Жашуп менен жуугучтун талаасына кеткен жолдогу жогорку көлмөнүн суу түтүгүнүн аягынан Ахазды тосуп чыгып,

    7:4 ага мындай дегин: Сак бол, тынчсызданба, ушул түтөгөн чычалалардын эки учунан – Ретсиндин, сириялыктардын жана Ремалиянын уулунун жалындаган каарынан эрөйүң учпасын, жүрөгүң түшпөсүн.

    7:5 Сирия, эпрайым жана Ремалия уулу сага каршы жамандык ойлоп, мындай деп жатышат:

    7:6 “Жүйүткө барып, бүлгүн салып, басып алалы, ал жерге Табейалдын уулун падыша кылып коёлу”.

    7:7 Бирок Теңир мындай дейт: “Бул оюңар ишке ашпайт жана ордунан чыкпайт.

    7:8 Анткени Сириянын борбору – Дамаск, ал эми Дамасктын башчысы – Ретсин. Бирок алтымыш беш жылдан кийин эпрайымдыктар эл болуудан калат.

    7:9 үпрайымдыктардын борбору – Самария, ал эми Самариянын башчысы – Ремалия уулу. эгерде ишенбесеңер, анда туруштук бере албайсыңар”».

    7:10 Теңир Ахазга сүйлөгөнүн улантып, мындай деди:

    7:11 «Кудай-Теңириңден өзүңө жышаан сура. Жышаанды түпкүрдөн же жогорудан көрсөтүүсүн сура».

    7:12 Ахаз болсо: «Сурабайм, Теңирди сынабайм», – деди.

    7:13 Ошондо Ышайа мындай деди: «Дөөттүн тукуму, уксаңар боло! Адамдарды кыйнаганыңар аз келгенсип, менин Кудайымды да кыйнагыңар барбы?

    Кудайдын жышааны: эмануел

    7:14 Ошон үчүн силерге Теңир өзү аян берет: Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, Ага эмануел деген ат коюшат.

    7:15 Ал жаман нерсени четке кагууну, жакшы нерсени тандап алууну түшүнгөнгө чейин, сүт жана бал менен тамактанат.

    7:16 Анткени ал бала жаман нерсени четке кагууну, жакшы нерсени тандап алууну түшүнгөнгө чейин, сен корккон ал жерди өзүнүн эки падышасы калтырып кетет.

    Жүйүткө коркунуч туудурган кол салуулар жөнүндө алдын ала айтуу

    7:17 Бирок Теңир сенин башыңа, элиңдин башына, атаңдын тукумунун башына эпрайым Жүйүттөн бөлүнгөндөн бери болуп көрбөгөн күндөрдү салат, Ашур падышасын алып келет».

    7:18 Ошол күнү мындай болот: Теңир Мисир дарыясынын куймасындагы чымынга жана Ашур жериндеги аарыга белги берет.

    7:19 Алар учуп келип, эүн калган өрөөндөргө, аскалардын жаракаларына, тикенектүү бадалдарга, бак-дарактарга конушат.

    7:20 Ошол күнү Теңир дарыянын аркы өйүзүндөгү жалданган устара менен – Ашур падышасы менен чачыңарды, бутуңардагы түгүңөрдү кырат, атүгүл, сакалыңарды алат.

    7:21 Ошол күнү мындай болот: бир кунажын, эки кой баккан адам

    7:22 алардын берген сүтүнүн молдугунан май жейт. Ушул жерде калгандардын бардыгы май жана бал менен азыктанышат.

    7:23 Ошол күнү мындай болот: миң күмүш тыйын турган миң жүзүм сабагы өскөн жерлердин баарын коко тикендер, тикенектүү бадалдар каптайт.

    7:24 Ал жерге жаа менен, жебе менен барышат, анткени бардык жерди коко тикен, тикенектүү бадал каптайт.

    7:25 Ошондо коко тикен менен тикенектүү бадалдан коркуп, соко менен тазаланган тоолордун бирине да барбайсың. Ал жакка өгүздөрдү айдап жиберишет, ал жерлерди койлор тебелейт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск