Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    Кудайдын карапачынын үйүнөн сүйлөгөн сөзү

    18:1 Жеремияга Теңирден болгон сөз:

    18:2 «Тур, карапачынын үйүнө түш, ошол жерде Мен сага өзүмдүн сөздөрүмдү айтам».

    18:3 Ошондо мен карапачынын үйүнө түштүм, ал карапа жасаган тегерек куралда өз ишин жасап жатыптыр.

    18:4 Карапачы топурактан жасап жаткан идиш анын колунда бузулуп калды. Ошондо ал кайрадан ошол топурактан өзү каалаган башка бир идиш жасады.

    18:5 Ошондо мага Теңирден сөз болду:

    18:6 «Ысрайыл, Мен силерге ушул карапачы кылгандай кыла албайт бекем? – дейт Теңир. – Карапачынын колунда топурак кандай болсо, силер да Менин колумда ошондойсуңар, Ысрайыл.

    18:7 Күүде Мен кайсы бир эл же падышачылык жөнүндө анын тамырын жулам, талкалайм, жок кылам деп айтам.

    18:8 Бирок Мен айткан ошол эл өзүнүн жаман иштеринен баш тартса, Мен аларга жамандык кылам деген оюмдан кайтам.

    18:9 Ал эми күүде Мен кайсы бир эл же падышачылык жөнүндө аны орнотом жана бекемдейм деп айтам.

    18:10 Бирок алар Менин көз алдымда жамандык кылып, Менин үнүмдү укпай турган болсо, Мен аларга ырайым кылам деген оюмдан кайтам.

    18:11 Ошондуктан Жүйүттүн адамдарына жана Иерусалимдин тургундарына айт: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен силерге жамандык даярдап жатам, силерге каршы жамандык ойлоп жатам. Ошондуктан ар бириңер өзүңөрдүн жаман жолуңардан бурулгула, жолдоруңарды жана иштериңерди оңдогула”.

    18:12 Бирок алар мындай деп айтышат: “Yмүт кылба, биз өзүбүздүн оюбуз боюнча жашайбыз, ар бирибиз жаман жүрөгүбүздүн өжөрлүгү боюнча иш кылабыз”».

    18:13 Ошондуктан Теңир мындай дейт: «үлдер арасынан сурагыла, ушундай нерсени уккан адам бар бекен? Ысрайыл кызы өтө жийиркеничтүү иштерди кылды.

    18:14 Лебанон тоосунун чокусунан кар кетеби? Башка жерлерден аккан муздак суулар соолуп калабы?

    18:15 Менин элим болсо Мени таштап кетти. Алар жалган кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышат, өз жолдорунда мүдүрүлүштү, салынбаган жол менен жүрүш үчүн,

    18:16 өздөрүнүн жерин көргөн элдин эрөйүн учурган жер кылыш үчүн, түбөлүк шылдыңга калтырыш үчүн, байыркы жолдорун ташташты. Ошондуктан ал жер менен өткөн ар бир адам таң калып, башын чайкайт.

    18:17 Аларды чыгыш шамалы сыяктуу душмандын көз алдында сапырам. Башына мүшкүл түшкөн күнү аларга жүзүмдү бурбастан, аркамды салам».

    Жеремиянын Кудайдан жардам сурап сыйынышы

    18:18 Алар болсо: «Келгиле, Жеремияга каршы жаман ой түзөбүз, анткени ыйык кызмат кылуучунун мыйзамы, акылмандын кеңеши, пайгамбардын сөзү жоголо элек. Келгиле, аны тилибиз менен өлтүрүп, сөзүн укпай коёбуз», – деп айтышты.

    18:19 Мени ук, Теңир, менин душмандарымдын үнүн ук.

    18:20 Жакшылыкка жамандык кылса болобу? Алар болсо менин жаным үчүн ор казып жатышат. Алар жөнүндө жакшы нерсе айтыш үчүн, Сенин каарыңды алардан кайт кылдырыш үчүн, өзүңдүн алдыңда турганымды үстегин.

    18:21 Ошондуктан алардын балдарын ачарчылыкка калтыр, аларды кылыч менен кыр. Алардын аялдары баласыз калышсын, жесир калышсын, күйөөлөрү өлүмгө берилсин, уландары майданда кылычтан кырылсын.

    18:22 Сен аларга күтүлбөгөн жерден аскерлерди каптатканда, алардын үйлөрүнөн өкүрүк угулуп турсун. Анткени алар мени колго түшүрүш үчүн, ор казып жатышат, буттарым үчүн жашыруун тузак тартып коюшту.

    18:23 Бирок Сен, Теңир, алардын мени өлтүрүш үчүн ойлогон бардык ойлорун билесиң. Алардын анткорлугун кечирбе, алардын Сенин алдыңдагы күнөөсүн унутпа. Алар Сенин алдыңда кулатылсын. Аларды өзүң каарданып жатканда жазала.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск