Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    Анжыр салынган эки себет

    24:1 Теңир мага Теңирдин ийбадатканасынын алдына коюлган анжыр салынган эки себетти көрсөттү. Бул Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт падышасы Жайаким уулу Жайахинди жана жыгач усталары, темир усталары менен Жүйүт төрөлөрүн туткундап, Иерусалимден Бабылга алып келгенден кийин болду.

    24:2 Бир себетте өтө жакшы, эрте бышуучу анжыр мөмөлөрү, экинчи себетте жараксыз болгондуктан жегенге болбой турган, өтө жаман анжыр мөмөлөрү бар экен.

    24:3 Ошондо Теңир менден: «Сен эмнени көрүп турасың, Жеремия?» – деп сурады. Мен: «Жакшы анжырлар өтө жакшы экен, ал эми жаман анжырлар өтө жаман экен, ошон үчүн аларды жегенге болбойт, анткени алар эң жаман», – дедим.

    24:4 Ошондо Теңирден мага сөз болду:

    24:5 Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Мына бул жакшы анжырларга окшоштуруп, Мен өзүм бул жерден каздимдердин жерине жиберген жүйүт туткундарын жакшы деп эсептейм.

    24:6 Аларга жакшы болсун деп, Мен аларга назар салам, аларды бул жерге кайра алып келем. Мен аларды тургузам, аларды бүлүндүрбөйм, Мен аларды отургузам, алардын тамырын кыйбайм.

    24:7 Мен аларга Менин Теңир экенимди биле турган жүрөк берем, ошондо алар Менин элим болушат, Мен болсо алардын Кудайы болом. Анткени алар Мага чын жүрөктөн кайрылышат».

    24:8 Ал эми жараксыз болгондуктан жегенге болбой турган жаман анжырлар тууралуу Теңир мындай дейт: «Мен Жүйүт падышасы Ситкияны жана анын төрөлөрүн, бул жерде калган жана Мисир жеринде жашаган Иерусалим тургундарын ушундай кылам.

    24:9 Мен кууп жиберген бардык жерлерде алардан четтешет, аларга жамандык кылышат, алар лакап болушат, каргышка калышат.

    24:10 Мен аларды өздөрүнө жана ата-бабаларына берген жерден жок кылмайынча, аларга каршы кылыч, ачарчылык, жугуштуу оору жиберем».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск