24:1 үмне үчүн мезгилдер кудуреттүү Кудайдан жашырылган эмес? эмне үчүн аны билгендер Анын күндөрүн көрүшпөйт?
24:2 Мыйзамсыздар жер чектерин жылдырып, жайылган малдарды айдап кетип, өз жайыттарында жайып жүрүшөт.
24:3 Жетимдин эшегин тартып алып, жесирдин өгүзүн күрөөгө алышат.
24:4 Жакырларды жолдон түртүп кетишет, алардан жердеги кордук көргөндөрдүн баары жашырынууга мажбур.
24:5 Мына, алар чөлдөгү жапайы эшектердей, жем табыш үчүн эртең менен эрте туруп, өз иштерине чыгышат! Талаа аларга да, алардын балдарына да азык берет.
24:6 Алар өздөрүнүн эмес, башкалардын талааларынан эгин орушат, мыйзамсыздын жүзүмүн жыйнашат.
24:7 Жылаңачтар суукта жамынчысыз, кийимсиз түнөшөт.
24:8 Тоолордогу жамгырдан суу болушат, баш паана таппай, аскалардын жаракаларына корголошот.
24:9 Жетимди эмчектен ажыратышат, жакырдан күрөө алышат.
24:10 Кийимсиз, жылаңач жүрүүгө мажбур кылышат, ачкаларга машак беришет.
24:11 Дубалдардын ортосунда зайтун майын сыгышат, жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелешет, бирок суусап жүрүшөт.
24:12 Шаарда адамдар онтоп жатышат, өлтүрүлгөн адамдардын жаны жардам сурап бакырып жатат, бирок Кудай мындай мыйзамсыздыкка тыюу салбайт.
24:13 Алардын арасында жарыктын душмандары бар, алар Кудайдын жолун билишпейт, Анын жолу менен жүрүшпөйт.
24:14 Адам өлтүрүүчү таң ата электе туруп, жарды менен кайырчыны өлтүрөт, ал эми түн киргенде уурулук кылат.
24:15 Бузулган адам күүгүмдү күтүп: “Мени үч ким көрбөйт”, – деп, бетин жаап алат.
24:16 Күндүз белгилеп койгон эйгө түн ичинде астынан казып киришет. Алар жарыкты билишпейт.
24:17 Алар үчүн таң – өлүм көлөкөсү, себеби алар өлүм көлөкөсүнүн коркунучун билишет.
24:18 Ал суу үстүндө жеңил, анын жердеги элүшү каргышка калган, ал жүзүмзарга кеткен жолго карабайт.
24:19 Кургакчылык менен ысык аптап кар сууларын жутуп турат. өлгөндөр жаткан жай да күнөөкөрлөрдү ошондой жутуп турат.
24:20 Аны эненин жатыны унутсун. Аны курт тамшанып жесин. Анын аты жер үстүнөн өчсүн. Мыйзамсыз адам жыгачтай сынсын.
24:21 Ал төрөбөгөн баласыз аялды кордогон, жесир аялга жакшылык кылган эмес.
24:22 Ал күчтүүлөрдү да өз күчү менен өзүнө тартат. Ал ордунан турганда, үч ким тирүү каларына көзү жетпей калат.
24:23 Ал ага коопсуз болушу үчүн бардыгын берет, ал ошого таянат. Анын көздөрү алардын баскан жолун көрүп турат.
24:24 Алар жогору көтөрүлүшөт, анан жок болушат. Алар бардык адамдардай эле кулашат, анан өлүшөт, машактай болуп орулушат.
24:25 үгерде мындай эмес болсо, жалган айтты деп, мени ким ашкерелейт жана ким менин сөзүмдү жокко чыгарат?»
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК