Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 34

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    34-БөЛЄМ

    34:1 үлийу сөзүн мындай деп улантты:

    34:2 «Уккула, акылмандар, менин сөзүмдү! Акыл-үстүүлөр, мага кулак салгыла!

    34:3 Анткени таңдай тамактын даамын кандай айырмаласа, кулак сөздү ошондой айырмалайт.

    34:4 Ой-пикирибизди ортого салып, эмне жакшы экенин билели.

    34:5 Анткени Аюб мындай деди: “Меники туура, бирок Кудай мени укуктан ажыратты.

    34:6 Менин адилдигимди төгүнгө чыгарды. Жазыксыз алган жараатым айыккыс”.

    34:7 Шылдыңды суудай ичип жаткан Аюбдай адам барбы?

    34:8 Ал мыйзамсыз иштерди жасагандардын уюмуна кирип, мыйзамсыз адамдар менен жүрөт.

    34:9 Анткени ал мындай деп айтты: “Кудайга жакшы иштер менен жагынуудан адамга пайда жок”.

    34:10 Ошондуктан мени уккула, акылдуу адамдар! Кудайда калп болушу мүмкүн эмес, кудуреттүү Кудайда адилетсиздик болбойт.

    34:11 Анткени Ал өзүнүн иштерине жараша кылат, ар бир адамга жолдоруна жараша берет.

    34:12 Чындыгында, Кудай жалган нерсе жасабайт, кудуреттүү Кудай сотту бурмалабайт.

    34:13 Жер жүзүн Ага ким тапшырды? Бүткүл ааламды Ага ким башкартып койду?

    34:14 үгерде Ал өз жүрөгүн өзүнө каратып, руху менен демин өзүнө ала турган болсо,

    34:15 анда бардык тирүү жандар ошол замат өлүп калышмак, адам топуракка айланмак.

    34:16 Ошентип, эгерде сенде акыл болсо, анда буга кулак сал, менин сөздөрүмдү көңүл коюп ук.

    34:17 Чындыкты жек көргөн адам бийлик кыла алабы? Бардыгынан Адилеттүүнү сен айыптай аласыңбы?

    34:18 Падышага: “Сен адилетсизсиң”, – деп, төрөлөргө: “Силер мыйзамсызсыңар”, – деп айтууга болобу?

    34:19 Бирок Ал төрөлөрдүн жүзүнө карабайт, байды кедейден артык көрбөйт, анткени баары Анын колунан чыккан.

    34:20 Алар күтүлбөгөн жерден өлүшөт, эл түн ичинде дүрбөлөңгө түшөт, ошентип, алар жок болушат. Күчтүүлөрдү кууп чыгышат, бирок кол менен эмес.

    34:21 Анткени Анын көздөрү адамдын жолдорунда, Ал адамдын бардык кадамдарын көрүп турат.

    34:22 Мыйзамсыз иштерди кылгандар жашына турган караңгы жер жок, өлүм көлөкөсү да жок.

    34:23 Ошондуктан Кудайга адамдын ишин иликтеп отуруунун зарылдыгы жок.

    34:24 Ал күчтүүлөрдү изилдебей эле жок кылат да, алардын ордуна башкаларды коёт.

    34:25 Анткени алардын иштерин Ал ачыкка чыгарат да, аларды түн ичинде кыйратат, ошентип, алар тукум курут болушат.

    34:26 Кудай аларды мыйзамсыз кишилер катары башкалардын көз алдында кыйратат.

    34:27 Анткени алар Андан баш тартышты, Анын бардык жолдорун түшүнгүлөрү келген жок.

    34:28 Ошондуктан жакырлардын зар-муңу Кудайга жетти, Ал эзилгендердин онтогонун укту.

    34:29 үгерде Ал тынчтык тартууласа, ким буза алат? эгерде Ал өз жүзүн жашырса, ким Аны көрө алат? элди да, адамды да Ал көзөмөлдөп турат.

    34:30 үлди азгырган эки жүздүү адам падышачылык кылбасын деп, көз салып турат.

    34:31 Кудайга мындай деп айтуу керек: “Мен өз жазамды алдым, эми күнөө кылбайм.

    34:32 Ал эми мен билбегенди Сен эйрөт. эгерде мен мыйзамсыз иш кылсам, мындан ары антпейм”.

    34:33 Ал сага сенин каалооң боюнча бериши керекпи? Кабыл албай жаткандан кийин, мен эмес, өзүң тандап алышың керек. эмне билсең, ошону айт.

    34:34 Акылдуу адамдар жана сөзүмдү уккан даанышман мага мындай деп айтышат:

    34:35 “Аюб акылсыз сүйлөп жатат, анын сөздөрүнүн мааниси жок”.

    34:36 Аюбдун мыйзамсыз адамдарга окшоп жооп берген жообуна жараша толугу менен сыноодон өтүшүн каалар элем.

    34:37 Болбосо ал өз күнөөсүнө Кудайдан чегингендигин кошуп алат, арабызда алакан чаап, Кудайга мындан да көп акарат келтирет».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск