37:1 Бул жөнүндө ойлогондо, жүрөгүм титиреп, ордунан козголуп кетти.
37:2 Уккула, Анын үнүн уккула, Анын оозунан чыккан күркүрөөнү уккула!
37:3 Анын жаңырыгы бүт асманга жаңырат, анын жарыгы бүт жер үстүнө жаркырайт.
37:4 Анын артынан эн күркүрөйт. Кудай өзүнүн улуулугунун үнү менен күркүрөйт. Анын үнүн үч ким токтотпойт.
37:5 Кудай өз үнү менен укмуштуудай күркүрөп жатат, биздин акылыбыз жетпеген улуу иштерди жасап жатат.
37:6 Анткени Ал карга: “Жерге түш!” – деп айтат. Жамгыр да, нөшөр да Анын бийлиги астында.
37:7 Анын ишин бардык адамдар билиш үчүн, Ал ар бир адамдын колуна мөөр басат.
37:8 Ошондо айбандар ийиндерине кирип, чүэндеринен чыкпай калышат.
37:9 Түштүктөн бороон, түндүктөн ызгаар келет.
37:10 Кудайдын деминен муз жаралат, суунун үстү тартылат.
37:11 Ошондой эле Ал булуттарды сууга толтурат, булуттар Анын жарыгын таратышат.
37:12 Булуттар Анын каалоосу боюнча багыт алып, жер бетинде Анын буйруктарын аткарышат.
37:13 Ал аларды, же жазалаш үчүн, же жакшылык үчүн, же ырайым кылыш үчүн жиберет.
37:14 Буга көңүл бур, Аюб. Токтой тур, Кудайдын укмуш иштерин түшүн.
37:15 Кудай аларды кандай жайгаштырганын, өзүнүн булуттарынын арасынан чагылганды кандай чартылдатарын билесиңби?
37:16 Булуттардын кантип илинип турганын, билимдин Кеменгери жасаган керемет иштерди билесиңби?
37:17 Ал түштүктүн ысык шамалы менен жерди тынчытканда, кийген кийимиң кандай ысырын билесиңби?
37:18 Сен Аны менен кошо жез күзгүдөй жаркыраган асманды жайдың беле?
37:19 Бизге Ага эмне деп айтууну эйрөт. Биз бул караңгылыкта үч нерсе түшүнө албай жатабыз.
37:20 Менин айтканым Ага жетет болду бекен? Айтылган сөздүн Ага жеткенин айткан бирөө бар бекен?
37:21 Азыр булуттардан күндүн жарыгы көрүнбөй жатат, бирок шамал согуп, асманды тазалап кетет.
37:22 Жаркыроо түндүктөн келет, Кудайдын тегереги укмуштуудай жарык.
37:23 Кудай кудуреттүү! Ага биздин акылыбыз жетпейт. Ал күчү, өкүмү жана адилеттүүлүгү менен улуу. Ал эзбейт.
37:24 Ошондуктан адамдар Анын алдында коркуп турушсун, бардык акылмандар Анын алдында титиреп турушсун!»
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК