36:1 үлийу сөзүн мындай деп улантты:
36:2 «Бир аз чыдай тур, Кудайдын атынан дагы айта турган сөзүм бар экенин мен сага көрсөтөйүн.
36:3 Мен пикиримди алыстан баштайм, Жаратканымдын адилеттүүлүгүн далилдеп берем.
36:4 Анткени, чынында эле, менин сөздөрүм жалган эмес. Сенин алдыңда билими жеткилең бирөө турат.
36:5 Мына, Кудай кудуреттүү, Ал жүрөгү таза адамды четке какпайт!
36:6 Ал мыйзамсыздарды колдобойт, эзилгендерге тиешелүүсүн берет.
36:7 Ал адилдерден көзүн албайт, аларды падышалардын тагына отургузат, аларды жогорулатат.
36:8 үгерде алар чынжыр менен кишенделип, кырсыктын кишендеринде кармалып турушса,
36:9 анда Ал алардын иштерин өздөрүнө көрсөтөт, алардын мыйзамсыздыгы көбөйүп кеткенин өздөрүнө көрсөтөт.
36:10 үскертиш үчүн, алардын кулактарын ачат, аларга: “Мыйзамсыз иштерден баш тарткыла”, – дейт.
36:11 үгерде тил алып, Ага кызмат кылышса, анда өз күндөрүн жыргалчылыкта, өз жылдарын шаттыкта өткөрүшөт.
36:12 үгерде тил алышпаса, анда жаа жебесинен өлүшөт, акылдан ажырап өлүшөт.
36:13 Бирок эки жүздүүлөр жүрөгүнө каар топтойт, Кудай аларды кишендеп салганда, Ага кайрылышпайт.
36:14 Ошондуктан алардын жаны жаш чагында өлөт, өмүрлөрү бузулгандар менен өтөт.
36:15 Ал жакырды башына түшкөн кырсыктан куткарат, эзилип жатканда, анын кулагын ачат.
36:16 Ал сени да тар жерден кысымчылык жок, кең жерге алып чыгат эле, дасторконуң майга толот эле.
36:17 Бирок сен мыйзамсыздардын түшүнүктөрүнө жык толгонсуң: түшүнүк менен айыптоо сага жакын.
36:18 Кудайдын каары сени жазалап, өлтүрүп койбосун! Сени чоң кун куткарбайт.
36:19 Ал сенин байлыгыңды бааламак беле? Жок! Алтыныңды да, байлыгыңды да баалабайт.
36:20 үлдер өздөрүнүн турган жеринде кырылып жаткан ошол түндү тилебе.
36:21 Сактан, мыйзамсыздыкка барба, анткени сен азап тартканды мыйзамсыздык кылгандан артык көрдүң.
36:22 Кудай өзүнүн кудурети менен бийик, Андай насаатчы барбы?
36:23 Ким Ага Анын жолун көрсөтөт? “Сен адилетсиз иш кылып жатасың”, – деп, Ага ким айта алат?
36:24 Адамдар көрүп турган Анын иштерин даңазалоону унутпа.
36:25 Анын иштерин ар бир адам көрө алат, адам аларды алыстан байкай алат.
36:26 Мына, Кудай улуу, ошондуктан биз Аны таанып биле албайбыз; Анын жылдарынын саны изилденгис.
36:27 Ал суу тамчыларын чогултат, алар көп болгондо, жамгыр болуп төгүлөт.
36:28 Жамгыр булуттардан тамчылайт, адамдарга мол төгүлөт.
36:29 Ошондой эле булуттардын жайылышын, Анын чатырынын күркүрөгөнүн ким түшүнө алат?
36:30 Азыр алардын үстүнө Ал өз жарыгын чачыратып, деңиз түбүн жаап жатат.
36:31 Ал жактан Ал элдерди башкарып, тамак-ашты мол берип жатат.
36:32 Ал чагылганды өз колдоруна жашырып, ага кимди урууну буйруйт.
36:33 Анын күркүрөөсү өзү жөнүндө билдирет, жаныбарлар да эмне болуп жатканын сезишет.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК