40:1 Теңир Аюбга бороон ичинен мындай деп жооп берди:
40:2 «үркектей болуп белиңди буу, Мен сенден сурайын, сен Мага түшүндүрүп бер.
40:3 өзүңдү акташ үчүн, Менин сотумду жокко чыгарып, Мени айыптагың келеби?
40:4 Сенин күчүң Кудайдыкындайбы? Ал күркүрөгөндөй күркүрөй аласыңбы?
40:5 Андай болсо өзүңдү улуулук менен, даңаза менен шөкөттөп көрчү, жаркыраган шаан-шөкөт менен, келишкен кооздук менен курчанып көрчү.
40:6 Каарыңдын жаалын чачып көрчү, текебер болгон бардык нерсени карап, аны моюн сундуруп көрчү.
40:7 Менменсингендердин баарын карап, аларды кемсинтип көрчү, мыйзамсыздарды турган жеринде кыйратып көрчү.
40:8 Алардын баарын жерге көмүп көрчү, алардын жүзүн караңгылык менен каптап көрчү.
40:9 Мен ошондо сени өзүңдүн оң колуң куткара алат деп билем.
40:10 Мына бегемот, Мен аны сени жараткандай эле жараткам. Ал өгүздөй болуп чөп жейт.
40:11 Анын күчү белинде, анын кубаттуулугу белинин булчуңунда.
40:12 Куйругун кедр жыгачындай бурат, белиндеги тарамыштары тутумдашып турат.
40:13 Анын буттары жез кернейдей, сөөктөрү темир таяктардай.
40:14 Бул – Кудайдын жолдорунун жеткен чеги. Аны Жараткан гана ага өз кылычын жакындата алат.
40:15 Анын тамагын тоолор камдайт, ал жерде бардык жапайы айбандар оюн салып жүрүшөт.
40:16 Ал саябандуу дарактардын түбүндө, калың камыштардын арасында, саздарда жатат.
40:17 Аны саябандуу дарактар көлөкөсү менен жаап, өзөн боюндагы талдар курчап турат.
40:18 Мына, ал дарыядан суу ичип жатат, шашпайт, Иордан суусу оозуна кирип жатса да, козголуп койбойт.
40:19 Аны өзүнүн көзүнчө ким кармай алат? Ким анын тумшугун темир илгек менен теше алат?
40:20 Сен лебийатанды кайырмак менен тартып чыгара аласыңбы? Жип менен тилинен байлай аласыңбы?
40:21 Анын таноосун тешип чүлүктөй аласыңбы? Жаагын ийне менен теше аласыңбы?
40:22 Ал сага көпкө жалынып турмак беле? Сага жылуу сөздөрдү сүйлөмөк беле?
40:23 Ал сени менен келишим түзмөк беле? Аны өзүңө биротоло кул кыла аласыңбы?
40:24 Аны менен чымчык менен эрмектешкендей эрмектеше аласыңбы, аны кыздарың үчүн байлап бере аласыңбы?
40:25 Аны балыкчылар сатышат болду бекен? Аны Канаан соодагерлеринин арасында бөлүшөт болду бекен?
40:26 Анын терисин найза менен теше аласыңбы, башын балыкка ыргыткан дегүү менен сая аласыңбы?
40:27 Ага кол салып көрчү! Күрөш жөнүндө унутпа, мындан кийин мындай кылбайсың.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК