39:1 Сен аскалардагы жапайы эчкилердин тууй турган маалын билесиңби? Маралдардын тууп жатканын көрдүң беле?
39:2 Алардын боозуган ай-күнүн эсептей аласыңбы? Алардын тууй турган маалын билесиңби?
39:3 Алар балдарын тууп, өз жүктөрүн ыргытып жатышканда ийилишет.
39:4 Алардын балдары күчкө кирип, талаада чоңоюп, бөлүнүп кетишет, аларга кайрылып келишпейт.
39:5 Жапайы эшекти эркин коё берген ким? Жапайы качырды кишенден чыгарган ким?
39:6 Аларга талааны эй кылып, шор жерди турак кылып берген Менмин.
39:7 Ал көп эл жашаган шаарга күлөт, айдагандардын кыйкырыгын укпайт.
39:8 Тоолордон жем издейт, ар кандай өсүмдүктөрдү издеп табат.
39:9 Жапайы өгүз сага кызмат кылгысы келеби? Ал сенин малканаңа түнөйбү?
39:10 Жапайы өгүздү аркан менен байлап алып, жер айдай аласыңбы? Аны менен талааны малалай аласыңбы?
39:11 Күчтүү деп, ага ишене аласыңбы? Ага өзүңдүн ишиңди таштап коё аласыңбы?
39:12 Ал сенин эрөнүңдү кайрып, кырманыңа жыйып берерине ишене аласыңбы?
39:13 Тоос кушка кооз канатты, төө кушка канат менен мамык жүндү сен бердиң беле?
39:14 Ал жумурткасын жерге таштайт, аларды кумга жылытат.
39:15 Аларды бирөөнүн буту басып кетерин же жырткыч айбандар тебелеп кетерин унутуп калат.
39:16 Ал өгөй балдарына мамиле кылгансып, өз балдарына катаал мамиле кылат, мүэнетим текке кетет деп коркпойт.
39:17 Анткени Кудай ага даанышмандык берген эмес, ага акыл да бөлүп берген эмес.
39:18 Бирок ал бийиктикке көтөрүлгөндө, атка да, атчанга да күлөт.
39:19 Атка кубат берип, мойнуна жал жапкан сенби?
39:20 Аны чегирткени коркуткандай коркута аласыңбы? Таноосунан чыккан кошкурук – бир укмуш!
39:21 Буттары менен жер казып, күчүнө сыймыктанат, куралга каршы барат.
39:22 Ал коркунучка күлөт, андан коркпойт, кылычтан жалтанбайт.
39:23 Yстүндө саадак кагылат, найза менен кыска найза жаркылдайт.
39:24 Жаалы келип турганда, топурак жутат, сурнай тартылганда, ордунда тура албайт.
39:25 Сурнай тартылганда, “куу-куу” деп кишенеп турат. Ал салгылашты, жол башчылардын катуу эндөрүн, кыйкырыкты алыстан сезет.
39:26 Туйгун сенин акылмандыгың менен учуп жүрөбү? Канаттарын сенин акылмандыгың менен түштүккө жайып жатабы?
39:27 Бүркүт сенин сөзүң менен асманга көтөрүлүп, аскага уясын салабы?
39:28 Ал зоокада жашайт, зооканын кырында, үч ким бара албас жерде түнөйт.
39:29 Ошол жактан өзүнүн жемин көрөт, анын көздөрү алыстан көрөт.
39:30 Анын балапандары кан ичет, өлүк кайсы жерде жатса, ал ошол жерде».
39:31 Теңир сөзүн улантып, Аюбга мындай деди:
39:32 «Кудуреттүү Кудай менен талашып-тартышкан адам да эйрөтөбү? Кудайды ашкере кылган адам Ага жооп берсин».
39:33 Ошондо Аюб Кудайга мындай деп жооп берди:
39:34 «Мына, мен үч нерсеге арзыбаган адаммын! Мен Сага эмне деп жооп берем? Колум менен оозумду жабам.
39:35 Мен бир жолу айткан болчумун, эми жооп бербейм, эки жолу айткан болсом да, мындан ары жооп бербейм».
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК