7:1 Адамдын жердеги жашоо мөөнөтү белгиленген эмеспи? Анын күндөрү жалчынын күндөрүндөй эле эмеспи?
7:2 Кул көлөкөнү эңсегендей, жалчы жумушунун бүтүшүн күткөндөй,
7:3 менин энчиме түйшүктүү айлар тийди, мага кайгылуу түндөр эсептелип берилди.
7:4 Жатарымда: “Качан таң атат?” – дейм, бирок түн созула берет, мен таң аткыча кыйналып оодарыла берем.
7:5 Денемди курт каптап, карттанып, терилерим жарылып, ириңдеп жатат.
7:6 Менин күндөрүм чыгырыктан тез айланып, эмүтсүз өтүп жатат.
7:7 Менин өмүрүм жел экенин, көздөрүм кайра жакшылык көрбөстүгүн эсиңден чыгарба.
7:8 Мени көргөн көз эми мени көрбөйт. Сен мени бир караганда эле мен жок болом.
7:9 Булут суюлуп, тарап кетет. Ошондой эле өлгөндөрдүн жайына түшкөн адам кайра чыкпайт,
7:10 ал өз үйүнө кайтып келбейт, анын турган жери аны билбей калат.
7:11 Мен тилимди ошондуктан тыйбайм: рухум кыйналганынан улам сүйлөп жатам, жан-дүйнөм жабыр тартканынан улам даттанып жатам.
7:12 Сен мага сакчы койгудай, мен деңиз белем же деңизде жашаган коркунучтуу жаныбар белем?
7:13 “Төшөгүм сооротот, жаткан жерим кайгы-капамды таратат”, – деп ойлоп жатканымда,
7:14 Сен мени түштөр менен коркутасың, көрүнүштөр менен эрөйүмдү учурасың.
7:15 Ошондо менин жаным сөөктөрүм калганга караганда, дем алуумдун токтошун, өлүмдү артык көрөт.
7:16 Жашоодон жададым. Түбөлүк жашамак белем. Мени өз жайыма кой, анткени менин күндөрүм курулай убаракерчилик.
7:17 Сен ушунчалык баалагыдай, көңүл бургудай, адам баласы ким?
7:18 Ага ар таңда келип турасың, көз ирмем сайын аны сынап турасың.
7:19 Сен качан менден көзүңдү аласың, качан коё бересиң, качан шилекейимди жутканга мүмкүнчүлүк бересиң?
7:20 үгерде мен күнөө кылган болсом, адам күзөтчүсү болгон Сага эмне кыла алам? эмне үчүн Сен мени өзүңө бута кылып алдың? Мен өзүмө өзүм жүк болуп калдым.
7:21 үмне үчүн менин күнөөмдү жууп, мыйзамсыз иштеримди кечирбейсиң? Анткени мен эми топуракка жатам. эртең мени издейсиң, бирок мен жок болом».