Аюбдун Билдатка жооп бериши
9:1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:
9:2 «Туура! Ушундай экенин билем. Бирок адам Кудайдын алдында кантип актана алат?
9:3 үгерде адам Кудай менен талашып-тартышкысы келсе, адам Анын миң суроосунун бирине да жооп бере албайт.
9:4 Кудай терең акылдуу, күчү зор. Ким Ага каршы чыгып, аман калды?
9:5 Тоолорду жылдырат, алар таанылбай калат. Каары кайнаганда, аларды өзгөртүп салат.
9:6 Ал жерди ордунан козгогондо, анын түркүктөрү солкулдайт.
9:7 Күнгө буйрук берсе, күн чыкпай калат, жылдыздарды жашырып коёт.
9:8 Жалгыз өзү асманды жайып, деңиз толкундарынын үстүндө жүрөт.
9:9 Аш, Кесил, Ким топ жылдыздарын жана түштүктөгү жылдыздарды Ал жараткан.
9:10 Ал укмуштуу, улуу, изилденгис, сансыз кереметтерди жаратат!
9:11 Ал менин бет алдыман өткөндө, мен Аны көрө албайм. Жаныман өткөндө, мен Аны байкай албайм.
9:12 Алып кетсе, ким Ага каршы сөз айта алат? “Сен эмне кылып жатасың?” – деп, Ага ким айта алат?
9:13 Кудай өз каарын төкпөй койбойт. Анын алдында Рахаптын жардамчылары баш иет.
9:14 Андан бетер мен Ага жооп бере аламбы, Анын алдында мен сөз таба аламбы?
9:15 Меники туура болгон күндө да, жооп бербейм, өкүмдардын алдында ырайым гана сурайм.
9:16 Мен Аны чакырганда, Ал мага жооп берсе да, Ал менин үнүмдү укканына ишенбес элем.
9:17 Ал алай-дүлөй бороондо мага сокку урат, жазыксыз жерден жаратымды ырбатат,
9:18 жанымды жай алдырбайт, азапка малат.
9:19 Күчкө салайын десем, Ал эбегейсиз күчтүү. Соттошоюн десем, Аны менен мени ким беттештирет?
9:20 үгерде мен актана турган болсом, өз тилим эле мени айыпка жыгат. Мен айыпсыз болгон күндө да, Ал мени айыптуу деп табат.
9:21 Айыпсызмын мен. Жашагым келбейт, өмүрүмдү жек көрөм!
9:22 Баары бир. Ошондон улам мен: “Ал айыпсызды да, айыптууну да өлтүрөт”, – деп айттым.
9:23 үгерде Ал айыптууну күтпөгөн жерден өлтүрүп жатса, анда айыпсыздын кыйналганына күлөт.
9:24 Жер мыйзамсыздардын колуна берилген. Анын сотторунун жүздөрүн Ал чүмбөттөп койгон. эгерде Ал болбосо, анда ким?
9:25 Менин өмүрүм чабармандан да тез чуркап, жакшылык көрбөстөн качып бара жатат.
9:26 Ал камыш кайыктай, жемине шукшурулуп келе жаткан бүркүттөй сызып бара жатат.
9:27 Мен: “«Муң-зарымды унутуп, түнөргөн жүзүмдү өзгөртүп, көңүлүмдү көтөрөйүн», – десем да,
9:28 азап тартып калтырап турам, Сен мени жазыксыз деп жарыялабастыгыңды билем.
9:29 үгерде мен айыптуу болсом, анда эмне үчүн бекер эле кыйналып жатам?
9:30 Мен аппак кардын суусуна жуунсам да, колдорумду таптаза кылып тазаласам да,
9:31 Сен мени баткакка батырасың, кийген кийимим менден жийиркенет”.
9:32 Анткени мен Ага жооп бере тургандай, Аны менен бирге сотко баргыдай, Ал мен сыяктуу адам эмес.
9:33 үкөөбүздүн ийнибизге колдорун коюп, жараштыра турган ортобузда арачы жок.
9:34 Ал менден таягын тартсын, коркунучу эрөйүмдү учурбасын.
9:35 Ошондо мен сүйлөйм, Андан коркпойм, анткени мен андай эмесмин.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК