Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоиль 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Жалпы элдин кайгысы

    1:1 Петуел уулу Жоелге болгон Теңирдин сөзү.

    1:2 «Карыялар, муну уккула, бул жердин бардык тургундары, кулак салгыла: силердин тушуңарда же ата-бабаңардын тушунда ушундай болду беле?

    1:3 Муну балдарыңарга айткыла, ал эми балдарыңар өз балдарына айтышсын, алардын балдары болсо кийинки муунга айтышсын:

    1:4 кырк аяктан калганды чегиртке жеди, чегирткеден калганды курт жеди, ал эми курттан калганды коңуз жеди.

    1:5 Ойгонгула, ичкичтер, ыйлагыла, шарап ичкендердин баары, жүзүм ширесин жоктоп, боздоп ыйлагыла. Анткени ал силердин оозуңардан тартылып алынды!

    1:6 Анткени менин жериме күчтүү, сан жеткис бир эл келди. Анын тиштери арстандын тиштериндей, азуулары ургаачы арстандыкындай.

    1:7 Ал менин жүзүм сабагымды кыйратты, менин анжыр дарагымды сындырды, аны жылаңачтап сыйрып ыргытып жиберди, ошондо анын бутактары агарып калды».

    1:8 Жаш кезинде тийген күйөөсүн жоктогон жаш аялдай зумбал жамынып ыйла!

    1:9 Теңир үйүнө алып келинүүчү нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктар токтоду. Ыйык кызмат кылуучулар, Теңирдин кызматчылары, ыйлап жатышат.

    1:10 Талаа эүн калып, жер кайгырып жатат, анткени дан жок болду, жүзүм сабагы куурады, зайтун дарагы соолуду.

    1:11 Дыйкандар, уяттан бетиңер кызарсын, жүзүмчүлөр, ыйлагыла, буудай менен арпаны жоктоп ыйлагыла, анткени талаадагы түшүм жок болду.

    1:12 Жүзүм сабагы куурады, анжыр дарагы соолуду. Анар, курма жана алма бактары – талаадагы бүт дарактар куурап калды. Ошондуктан адам баласынан кубаныч жоголду.

    1:13 Ыйык кызмат кылуучулар, белиңерди курчагыла, ыйлагыла, курмандык чалынуучу жайдын кызматчылары, боздоп ыйлагыла! Менин Кудайымдын кызматчылары, келгиле, зумбал кийип түн өткөргүлө. Анткени силердин Кудайыңардын үйүнө алып келинүүчү нан курмандыктары менен куюлуучу курмандыктар токтоду.

    1:14 Орозо белгилегиле, жыйын жарыялагыла, бул өлкөнүн карыяларын, бардык тургундарын Кудай-Теңириңердин үйүнө чакыргыла, Теңирге жалынгыла.

    1:15 Оо, эмне деген күн! Анткени Теңирдин күнү жакын! Ал Кудуреттүүдөн кыйратуучу катары келет.

    1:16 Тамак биздин көз алдыбызда тартылып алынып жаткан жокпу? Шаттык менен кубаныч биздин Кудайдын үйүнөн тартылып алынып жаткан жокпу?

    1:17 Уруктар топурактын катмарында чирип калды, дан сактагычтар бош калды, кампалар талкаланды, анткени эгин болбой калды.

    1:18 Мал кандай онтоп жатат! өгүздөр тентип жүрүшөт, анткени аларга жайыт жок, койлор да жапа чегип жатышат.

    1:19 Теңир, Сага жалынам, анткени талаадагы оттуу жайыттарды от жалмап салды, талаадагы дарактардын бардыгын жалын куйкалап кетти.

    1:20 Атүгүл, талаадагы жаныбарлар да Сени чакырып жатышат, анткени агын суулар соолуду, талаадагы жайыттарды от жалмап салды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск