Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Ыйсанын көлмөнүн жанындагы оорулууну айыктырышы

    5:1 Ошол күндөрдөн кийин жүйүттөрдүн бир майрамы болуп, Ыйса Иерусалимге келди.

    5:2 Иерусалимдин «Кой дарбазасы» деп аталган дарбазасынын жанында арамейче «Бетезда»1 деп аталган көлмө бар эле. Аны беш бастырма курчап турчу.

    5:3 Ал жерде көптөгөн оорулуулар: сокурлар, аксактар, шал болуп калгандар суунун чайпалышын күтүп жатышчу.

    5:4 Себеби Кудайдын бир периштеси кайсы бир убакта ушул көлмөгө түшүп, сууну чайпачу. Суу чайпалары менен, сууга эң биринчи түшкөн адам, кандай оорусу болсо да, айыгып чыкчу.

    5:5 Ошол жерде отуз сегиз жылдан бери шал болуп ооруган бир адам бар эле.

    5:6 Ыйса аны көргөндө, анын көптөн бери жатканын билип: «Айыккың келеби?» – деп сурады.

    5:7 Оорулуу Ага: «Мырза, суу чайпалганда, мени көлмөгө түшүрө турган адамым жок. Мен жеткенче эле, башка бирөө түшүп кетет», – деп жооп берди.

    5:8 Ыйса ага: «Ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, бас!» – деди.

    5:9 Ал ошол замат оорусунан айыгып, төшөнчүсүн алды да, басып кетти. Бул ишемби күн эле.

    5:10 Ошондуктан жүйүттөр айыгып калган адамга: «Бүгүн ишемби күн. Төшөгүңдү көтөрүп жүргөнгө болбойт!» – дешти.

    5:11 Ал болсо аларга: «Мени айыктырган адам: “Төшөгүңдү ал да, бас!” – деди», – деп жооп берди.

    5:12 «Сага: “Төшөгүңдү ал да, бас!” – деп айткан адам ким?» – деп сурашты алар.

    5:13 Айыккан киши Анын ким экенин билген жок, анткени Ыйса ошол жердеги элдин арасына кирип кеткен эле.

    5:14 Кийин Ыйса ага ийбадатканадан жолугуп: «Мына, сен айыктың, абалың мурункудан да жаман болбош үчүн, мындан ары күнөө кылба», – деди.

    5:15 Ал барып, өзүн айыктырган Ыйса экендигин жүйүттөргө айтты.

    5:16 Ошондо жүйүттөр Ыйсаны ишемби күнү айыктыргандыгы үчүн, өлтүрмөкчү болуп, куугунтуктай башташты.

    5:17 Ыйса болсо аларга: «Атам ушул күнгө чейин иш кылып жатат, ошондуктан Мен да иш кылып жатам», – деди.

    5:18 «Ал ишемби күнүн гана бузбастан, Кудайды “Атам” деп, өзүн Кудайга теңеди», – деп, жүйүттөр Ыйсаны өлтүрүү үчүн, мурдагыдан да көбүрөөк аракет кыла башташты.

    Ыйсанын бийлиги

    5:19 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Атасынын кылганын көрбөсө, Уулу өз алдынча үч нерсе кыла албайт. Анткени Уулу Атасы кылганды кылат.

    5:20 Анткени Атасы Уулун жакшы көргөндүктөн, өзү кылгандарынын баарын Ага көрсөтөт. Ал тургай, силер таң кала турган мындан чоң иштерди көрсөтөт.

    5:21 Анткени Атасы өлгөндөрдү тирилтип, аларга өмүр бергендей эле, Уулу да каалаган адамына өмүр берет.

    5:22 Анткени Атасы үч кимди соттобойт. Ал соттун бүт бийлигин Уулуна берген.

    5:23 Ал аны өзүн урматташкандай эле, Уулун да баары урматташы үчүн берген. Уулун урматтабаган адам Аны жиберген Атасын да урматтабайт.

    5:24 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Менин сөзүмдү угуп, Мени жиберген Кудайга ишенген адам түбөлүк өмүргө эү, ал соттолбойт, анткени өлүмдөн өмүргө өттү.

    5:25 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, өлгөндөр Кудайдын Уулунун үнүн угуп тирилер убакыт келет, ал тургай, келип да калды.

    5:26 Анткени Атанын өзүндө өмүр бар болгон сыяктуу эле, Уулунда да Атасы берген өмүр бар.

    5:27 Атасы Ага сот жүргүзүү бийлигин да берди. Анткени Ал – Адам Уулу.

    Тирилүү жөнүндө

    5:28 Буга таң калбагыла, анткени мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет.

    5:29 Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат: жакшылык кылгандар өмүргө эү болуу үчүн, жамандык кылгандар соттолуу үчүн тирилишет.

    5:30 Мен өз алдымча үч нерсе кыла албайм. Атам Мага кандай айтса, ошондой соттойм. Менин сотум адилет, анткени Мен өз каалоомду эмес, Мени жиберген Атамдын каалоосун аткарам.

    Ыйса жөнүндөгү күбөлөндүрүүлөр

    5:31 үгерде Мен өзүм жөнүндө өзүм күбөлөндүрүп жатсам, анда Менин күбөлөндүрүүм чындык эмес.

    5:32 Мен жөнүндө күбөлөндүргөн башка бирөө бар. Мен Анын күбөлөндүрүүсүнүн чындык экенин билем.

    5:33 Жаканга киши жибердиңер эле, ал чындык жөнүндө күбөлөндүрдү.

    5:34 Дегинкиси, Мен адамдын күбөлөндүрүүсүн кабыл албайм, бирок муну силердин куткарылып калышыңар үчүн айтып жатам.

    5:35 Жакан жарык чачып, жанып турган чырак эле, силер болсо анын жарыгы менен бир аз убакыт кубангыңар келди.

    5:36 Бирок Менде Жакандын күбөлөндүрүүсүнөн чоң күбөлөндүрүү бар. Себеби Атамдын Мага тапшырган иштери – Менин кылып жаткан бул иштерим Мени Атам жибергендигин күбөлөндүрөт.

    5:37 Мени жиберген Атам өзү да Мен жөнүндө күбөлөндүрдү. Силер үч качан Анын үнүн уккан эмессиңер, жүзүн да көргөн эмессиңер.

    5:38 Анын сөзү силердин жүрөгүңөрдөн орун алган эмес. Анткени Ал жиберген Мага ишенбей жатасыңар.

    5:39 Силер Ыйык Жазууну изилдеп жатасыңар, анткени ал аркылуу түбөлүк өмүргө эү болобуз деп ойлойсуңар. Ыйык Жазуу болсо Мен жөнүндө күбөлөндүрөт.

    5:40 Бирок силер өмүргө эү болуу үчүн, Мага келүүнү каалабайсыңар.

    5:41 Адамдардан даңк кабыл албайм.

    5:42 Бирок Мен силерди билем: жүрөгүңөрдө Кудайга болгон сүйүү жок.

    5:43 Мен Атамдын атынан келдим, бирок Мени кабыл албай жатасыңар. эгерде башка бирөө өз атынан келсе, аны кабыл аласыңар.

    5:44 Жалгыз Кудайдын даңктоосун күтпөстөн, бири-бириңерден даңктоо кабыл алып жатсаңар, кантип ишене аласыңар?

    5:45 Мени Атасынын алдында айыптайт деп ойлобогула. Айыптоочуңар бар: ал – өзүңөр эмүттөнүп жүргөн Муса.

    5:46 үгерде Мусага ишенсеңер, Мага да ишенмексиңер, анткени ал Мен жөнүндө жазып кеткен.

    5:47 үгерде анын жазгандарына ишенбей жатсаңар, Менин сөздөрүмө кантип ишенесиңер?»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск