Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Плач Иеремии 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Жеремиянын кайгырышы

    3:1 Мен Теңирдин каар таягынын соккусунан улам кайгыны баштан өткөргөн адаммын.

    3:2 Ал мени жетелеп, жарыкка эмес, караңгылыкка киргизди.

    3:3 Ал мага каршы бурулуп, күнү бою өз колун менден тарткан жок.

    3:4 Менин денем менен теримди жабыркатты, сөөктөрүмдү талкалады.

    3:5 Мени тегерете тосту, мени кайгы жана кыйынчылык менен курчады.

    3:6 Мени небак өлгөндөрдөй кылып, караңгы жерге отургузду.

    3:7 Чыгып кетпесин деп, мени дубал менен курчады, кишендеримди оордотту.

    3:8 Мен жалынып-жалбарып кайрылганымда, сыйынуумду токтотуп койду.

    3:9 Менин жолдорумду таштар менен тосту, жолдорумду бузуп салды.

    3:10 Ал мен үчүн буктурмада бугуп жаткан аюудай, жашыруун жерде жаткан арстандай болуп калды.

    3:11 Ал менин жолдорумду бузуп салды, мени тытып таштады, мени киши санынан чыгарды.

    3:12 өз жаасын тартты, мени жаа үчүн бута кылып койду.

    3:13 өз саадагындагы жебелер менен бөйрөктөрүмө атты.

    3:14 Мен өзүмдүн бүт элиме шылдың болдум, алардын күндөлүк ырына айландым.

    3:15 Ал мени кайгыга тойгузду, мага эрмен ичирди.

    3:16 Тиштеримди таш менен талкалады, мени күлгө оонатты.

    3:17 Жанымдан тынчтык кетти, жакшы күн жөнүндө унутуп койдум.

    3:18 Ошондо мен: «Алсырап калдым, Теңирге болгон эмүтүм эзүлдү.

    3:19 Менин кайгым жөнүндө, кыйынчылыктарым жөнүндө, эрмен менен өт жөнүндө ойло», – дедим.

    3:20 Аларды менин жаным тынымсыз үстеп, кыйналып жатат.

    3:21 Мен өз жүрөгүмө мындай деп жооп берип, эмүт кылып жатам:

    3:22 «Теңир ырайымдуу болгондуктан, биз жок болуп кеткен жокпуз, анткени Анын ырайымы түгөнгөн жок.

    3:23 Анын ырайымы ар бир таңда жаңырып турат. Сенин ишенимдүүлүгүң зор!

    3:24 Теңир менин бөлүгүм, – дейт менин жаным, – ошондуктан мен Андан эмүттөнөм».

    3:25 Теңирден эмүттөнгөндөргө, Теңирди издеген адамга Теңир ырайымдуу.

    3:26 Теңирдин куткаруусун чыдамкайлык менен күткөн адамга жакшы.

    3:27 Жаш кезинде моюнтурук көтөргөн адамга жакшы.

    3:28 Ал унчукпастан жалгыз отурат, анткени аны ага Теңир салды.

    3:29 Ал оозун топуракка коюп: «Балким, дагы эмүт бардыр», – деп ойлойт.

    3:30 Ал уруп жатканга бетин тосот, кордукка тоёт.

    3:31 Бирок Теңир түбөлүккө таштабайт.

    3:32 Кайгы жиберсе да, өзүнүн улуу ырайымдуулугу менен ырайым кылат.

    3:33 Анткени Ал адам уулдарын өз жүрөгүнүн каалоосу боюнча жазалабайт, өз жүрөгүнүн каалоосу боюнча кайгыга салбайт.

    3:34 Бирок жер жүзүндөгү бардык туткундарды тебелеп жатышканда,

    3:35 Бардыгынан Жогору Тургандын алдында адамды адилетсиз соттоп жатышканда,

    3:36 адамды өз ишинде кысымга алып жатышканда, Теңир көрбөйт бекен?

    3:37 «Теңир буйрук кылбаган нерселер деле боло берет», – деп, ким айтып жатат?

    3:38 Алаамат да, тынчтык да Бардыгынан Жогору Тургандын оозунан чыккан буйрук боюнча болуп жаткан жокпу?

    3:39 Жашап жаткан адам эмнеге кайгырып жатат? Ар ким өз күнөөлөрү үчүн кайгырсын.

    3:40 өзүбүздүн жолдорубузду сынайлы, изилдейли, анан Теңирге кайрылалы.

    3:41 Асманда жашаган Кудайга жүрөгүбүз менен колубузду көтөрөлү:

    3:42 «Биз күнөө кетирип, өжөрлөндүк, Сен кечирген жоксуң.

    3:43 Сен өзүңдү каар менен жаап алып, биздин артыбыздан түштүң, бизди өлтүрдүң, аяган жоксуң.

    3:44 Биздин сыйынуубуз Сага жетпеш үчүн, Сен өзүңдү булут менен жаап алдың.

    3:45 үлдердин арасында Сен бизди таштандыга, жийиркеничке айланттың.

    3:46 Душмандарыбыздын бардыгы бизге каршы ооздорун араандай ачышты.

    3:47 Коркунуч жана ор, кыйроо жана бүлүнүү биздин энчибиз болду».

    3:48 үлимдин кызы кыйрагандыктан, көзүмдүн жашы көл болуп жатат.

    3:49 Көз жашым токтобой төгүлүп жатат, анткени жеңилдик жок.

    3:50 Теңир асмандан качанга чейин көз кырын салбайт, качанга чейин көрбөйт?

    3:51 Менин шаарымдын бүт кыздары үчүн көзүм жанымды кайгыга салып жатат.

    3:52 Мага үч себепсиз душман болгондор мени чымчык сыяктуу торго түшүрүү үчүн, ар кандай аракет кылышты.

    3:53 Менин өмүрүмдү орго салып, мага таш жаадырышты.

    3:54 Суу башыма чейин көтөрүлдү, ошондо мен: «өлдүм!» – дедим.

    3:55 Теңир, терең ордун ичинен мен Сенин ысымыңды чакырдым.

    3:56 Сен менин үнүмдү уктуң. Менин эшкүрүгүмдү, ыйымды укпаш үчүн, өз кулагыңды жаап алба!

    3:57 Мен Сени чакырганда, Сен жакын келип: «Коркпо!» – дечүсүң.

    3:58 Теңир, Сен менин жанымдын ишин коргоп турчусуң, менин өмүрүмдү куткарып турчусуң.

    3:59 Теңир, Сен менин таарынычымды көрүп турасың, менин ишимди чечип бер!

    3:60 Сен алардын бүт кегин, алардын мага каршы ойлогон бүт оюн көрүп турасың.

    3:61 Теңир, Сен алардын тилдегенин, алардын мага каршы ойлогон ойлорун угуп турасың.

    3:62 Сен күн сайын мага каршы чыккандардын сөздөрүн, алардын мага каршы колдонгон айла-амалдарын угуп турасың.

    3:63 Аларды карачы, отурса да, турса да, алардын ыры – мен.

    3:64 Теңир, аларга кылган иштерине жараша тиешесин бере көр.

    3:65 Алардын жүрөгүнө караңгылык жибер, аларга өзүңдүн каргышыңды жибер.

    3:66 Теңир, каарың менен алардын артынан түш, аларды асман астынан жок кыл.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск