Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Пес оорусунан тазалануу жөнүндө

    14:1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

    14:2 «Пес оорулуу жөнүндөгү, аны тазалоо убактысы жөнүндөгү мыйзам мындай: аны ыйык кызмат кылуучуга алып келиш керек.

    14:3 Ыйык кызмат кылуучу стандын сыртына чыгат. эгерде ыйык кызмат кылуучу пес оорулуунун пес оорусунан айыкканын көрсө,

    14:4 анда ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамга эки тирүү адал канаттууну, кедр жыгачын, кочкул кызыл жипти, иссопту алып келүүнү буйруйт.

    14:5 Анан ыйык кызмат кылуучу бир канаттууну алып, чопо идиштеги агын суунун үстүнө мууздоону буйрук кылат.

    14:6 Ал эми өзү тирүү канаттууну, кедр жыгачын, кочкул кызыл жипти, иссопту алып, аларды жана тирүү канаттууну агын суунун үстүнө мууздалган канаттуунун канына малат.

    14:7 Анан пес оорусунан тазалана турган адамга жети жолу кан чачып, аны таза деп жарыялайт да, тирүү канаттууну талаага коё берет.

    14:8 Тазалана турган адам өз кийимдерин жууп, бүт түгүн кырдырып, сууга жуунат, ошондо таза болот. Андан кийин станга келип, жети күн өз чатырынын сыртында турсун.

    14:9 Жетинчи күнү денесиндеги бүт түгүн: чачын, сакал-мурутун, кашын, денесинде болгон бүт түгүн кырдырат, анан кийимдерин жууйт, денесин сууга жууйт, ошондо ал таза болот.

    14:10 Сегизинчи күнү ал кемчилиги жок эки кочкор, кемчилиги жок бир жылдык ургаачы козу, нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, бир лог зайтун майын алып келсин.

    14:11 Тазалай турган ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамды курмандыктары менен бирге Теңирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына коёт.

    14:12 Анан ыйык кызмат кылуучу бир эркек козу алып, айып үчүн чалынуучу курмандыкка чалат. Ошондой эле бир лог зайтун майын алып, аларды Теңирдин алдында силкилдетет.

    14:13 Ал козуну күнөө үчүн чалынуучу курмандык менен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык союла турган жерде, ыйык жерде соёт, анткени айып үчүн чалынуучу бул курмандык күнөө үчүн чалынуучу курмандык сыяктуу эле ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү. Бул – эң ыйык курмандык.

    14:14 Анан ыйык кызмат кылуучу айып үчүн чалынган курмандыктын канынан алып, тазалана турган адамдын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына жана оң бутунун бармагына сыйпайт.

    14:15 Анан ыйык кызмат кылуучу зайтун майынан бир лог алып, өзүнүн сол алаканына куят.

    14:16 Анан ыйык кызмат кылуучу оң колунун сөөмөйүн сол алаканындагы зайтун майына малып, Теңирдин алдында жети жолу чачат.

    14:17 Ал эми алаканында калган зайтун майын ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамдын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына, оң бутунун бармагына, айып үчүн чалынган курмандыктын каны сыйпалган жерлерге сыйпайт.

    14:18 Ыйык кызмат кылуучу алаканында калган зайтун майын тазалана турган адамдын башына сыйпап, аны Теңирдин алдында тазалайт.

    14:19 Андан кийин ыйык кызмат кылуучу күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты чалып, тазалана турган адамды таза эместигинен тазалайт. Ошондон кийин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты соёт.

    14:20 Анан ыйык кызмат кылуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгын курмандык чалынуучу жайга коёт. Ыйык кызмат кылуучу аны ошентип тазалайт, ошондо ал таза болот.

    14:21 үгерде ал жарды болсо, колунда жок болсо, анда өзүн тазалаш үчүн, Теңирге арнап айып үчүн чалынуучу курмандыкка силкилдетип алып келүү үчүн, бир эркек козу, нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун, бир лог зайтун майын алып келсин.

    14:22 Колунан келген эки бактекти же эки жаш көгүчкөндү алып келсин. Канаттуулардын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка алып келсин.

    14:23 Буларды тазалануунун сегизинчи күнү Теңирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына, ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.

    14:24 Ыйык кызмат кылуучу айып үчүн чалынуучу курмандык козуну жана бир лог зайтун майын Теңирдин алдында силкилдетсин.

    14:25 Анан эркек козуну айып үчүн чалынуучу курмандыкка соёт. Ыйык кызмат кылуучу айып үчүн чалынган курмандыктын канынан алып, тазалана турган адамдын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына, оң бутунун бармагына сыйпайт.

    14:26 Анан ыйык кызмат кылуучу зайтун майын өзүнүн сол алаканына куят.

    14:27 Анан сол колундагы зайтун майына оң колунун сөөмөйүн малып, Теңир алдында жети жолу чачат.

    14:28 Ыйык кызмат кылуучу алаканындагы зайтун майын тазалана турган адамдын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына, оң бутунун бармагына, айып үчүн чалынган курмандыктын каны сыйпалган жерлерге сыйпайт.

    14:29 Ал эми алаканында калган зайтун майын тазалана турган адамдын башына сыйпайт, аны Теңирдин алдында тазалоо үчүн сыйпайт.

    14:30 Анан тазалана турган адам алып келген бактектердин бирин же жаш көгүчкөндөрдүн бирин алып келет.

    14:31 Анын алып келген канаттууларынын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин нан курмандыгы менен бирге бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалат. Ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамды Теңирдин алдында ошентип тазалайт».

    14:32 Тазаланып жаткан пес оорулуу кедей жөнүндөгү мыйзам ушул.

    Єйлөрдөгү пес оорусу жөнүндө

    14:33 Теңир Муса менен Арунга дагы мындай деп айтты:

    14:34 «Мен силерге берген Канаан жерине киргениңерде, силер эүлеген жердеги үйлөргө пес оорусун каптатам.

    14:35 Ошондо кимдин үйүн пес оорусу каптаса, ал ыйык кызмат кылуучуга барып: “Менин үйүмдө жара сыяктуу бир нерсе пайда болуп жатат”, – деп айтсын.

    14:36 Ыйык кызмат кылуучу эйгө кирип жараны карап көрөрдөн мурун, эйдөгү нерселердин баары таза эмес болуп калбашы үчүн, эйдү бошотууну буйруйт, ошондон кийин гана ыйык кызмат кылуучу эйдү көрүүгө келет.

    14:37 Ал жараны карап көрөт. эгерде жара эйдүн дубалдарына жашыл же кызыл оюкчаларды пайда кылып, дубалга тереңдеп баратса,

    14:38 анда ал эйдөн чыгып, эйдү жети күнгө бекитет.

    14:39 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу кайра келип карап көрөт. эгерде жара эйдүн дубалдарына жайылып баратса,

    14:40 анда ыйык кызмат кылуучу жарасы бар таштарды чыгарып алып, шаардын сыртындагы таза эмес жерге алып барып таштоону буйрук кылат.

    14:41 Ал эми эйдүн ички шыбагын бүт кырып чыгып, кырындыларды шаардын сыртындагы таза эмес жерге ташташат.

    14:42 Анан алынган таштардын ордуна башка таштарды коюп, башка ылай жасап, эйдү кайрадан шыбап чыгышат.

    14:43 үгерде таштарды чыгарып алып, эйдүн шыбагын кырып, таза эмес жерге таштагандан кийин да, жара эйдө кайрадан пайда болуп, жайыла баштаса,

    14:44 анда ыйык кызмат кылуучу келип карап көрөт. эгерде жара жайылып кетсе, анда ал – эйдү оюп кете турган пес оорусу, ал эй таза эмес.

    14:45 Ал эйдү бузуп, таштарын, жыгачтарын, шыбактарын шаардын сыртындагы таза эмес жерге алып барып ташташ керек.

    14:46 Ким эй жабык турганда кирсе, ал кечке чейин таза эмес болот.

    14:47 Ким ал эйдө түнөсө, кийимдерин жуусун. Ким ал эйдө тамак жесе, кийимдерин жуусун.

    14:48 Анан ыйык кызмат кылуучу келип карап көрөт. эгерде ыйык кызмат кылуучу келип, эй шыбалгандан кийин, эйгө жара жайылбаганын көрсө, анда эйдү таза деп жарыялайт, анткени жара өтүп кеткен.

    14:49 Ал эйдү жарадан тазалаш үчүн, эки канаттуу, кедр жыгачын, кочкул кызыл жип жана иссоп алып,

    14:50 бир канаттууну агын суу куюлган чопо идиштин үстүнө мууздайт.

    14:51 Анан ал кедр жыгачын, иссопту, кочкул кызыл жипти, тирүү канаттууну алып, агын суунун үстүнө мууздалган канаттуунун канына малып, эйгө жети жолу чачып чыгат.

    14:52 Ал эйдү канаттуунун каны менен, агын суу менен, тирүү канаттуу менен, кедр жыгачы менен, иссоп менен, кочкул кызыл жип менен тазалайт.

    14:53 Анан тирүү канаттууну шаардын сыртындагы талаага коё берет. Yйдү ал ошентип тазалайт, ошондо эй таза болот.

    14:54 Пес оорусунун жарасы жөнүндөгү, таз жөнүндөгү,

    14:55 кийимдин, эйдүн пес оорусу жөнүндөгү, шишик, темирөткү жана тактар жөнүндөгү,

    14:56 алардын качан таза, качан таза эмес болору жөнүндөгү мыйзам ушул. Пес оорусу жөнүндөгү мыйзам ушул».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск