Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Он осуят

    19:1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

    19:2 «Ысрайыл уулдарынын жамаатына мындай деп жарыяла: “Ыйык болгула, анткени Мен, Кудай-Теңириңер, ыйыкмын.

    19:3 Ар бир адам өз ата-энесинен ыйбаа кылсын. Менин ишембилеримди сактагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

    19:4 Жасалма кудайларга кайрылбагыла, өзүңөргө кудайларды куюп албагыла. Анткени Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

    19:5 Теңирге тынчтык курмандыгын чалганыңарда, аны өзүңөргө ырайым табыш үчүн чалгыла.

    19:6 Ал курмандыкты чалган күнү жана кийинки күнү жегиле, ал эми үчүнчү күнгө калганын өрттөп жибергиле.

    19:7 Ким аны үчүнчү күнү жесе, бул жийиркеничтүү, бул Кудайга жакпайт.

    19:8 Аны жеген адам күнөөлүү болот, анткени ал Теңирдин ыйык нерсесин булгады. Ал адам өз элинин ичинен жок кылынат.

    19:9 Жериңерден түшүмүңөрдү жыйнап жатканыңарда, талааңардын четин жыйнабай калтырып койгула, түшүм жыйнаганда түшүп калганын терип албагыла.

    19:10 Жүзүмүңөрдү жыйнап жатканыңарда, түшүмүнөн калтырып койгула, жүзүмүңөрдүн түшүп калганын терип албагыла. Аларды жарды менен келгинге калтыргыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

    19:11 Уурдабагыла, калп айтпагыла, бири-бириңерди алдабагыла.

    19:12 Менин атым менен жалган убада бербегиле, Кудайыңардын атын ушинтип булгабагыла. Мен Теңирмин.

    19:13 өз жакыныңды таарынтпа, тонобо. Жалданган адамдын кызмат акысы таң атканга чейин берилбей калбасын.

    19:14 Кулагы кереңге жаман сөз айтпа, чалынып жыгылсын деп, сокурдун алдына үч нерсе таштаба. Кудайыңдан корк, Мен Теңириңмин.

    19:15 Сотто жалган сүйлөбө. Жакырды кемсинтпе. Улуу адамга жагынба. Жакыныңа калыс бол.

    19:16 өз элиңдин арасында сөз ташыба, жакыныңдын өмүрүнө балта чаппа. Мен Теңирмин.

    19:17 Бир тууганыңды ичиңден жек көрө бербе; жакыныңдын жаңылыштыгын көрсөт, ошондо ал үчүн күнөөкөр болбойсуң.

    19:18 өз элиңдин уулдарына жамандык ойлобо, кек сактаба, тескерисинче, өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй. Мен Теңирмин.

    19:19 Менин мыйзамдарымды аткаргыла. эки түрдөгү жаныбарды бири-бири менен аргындаштырба. Талааңа эки түрдүү урукту аралаштырып сеппе. Жүн менен зыгыр буласынан аралаш токулган кийим кийбе.

    19:20 Ким никелешкен күйөөсү бар күң аял менен жатса, бирок анын куну төлөнө элек болсо же эркиндик бериле элек болсо, анда алар жазаланышсын. Бирок алар өлүм жазасына тартылбасын, анткени аял эркин эмес.

    19:21 Ошол эркек киши жыйын чатырынын эшигинин алдына айып үчүн чалынуучу курмандыкка Теңирге арнап бир кочкор алып келсин.

    19:22 Ыйык кызмат кылуучу айып үчүн чалынган кочкор менен Теңирдин алдында аны кылган күнөөсүнөн арылтат, ошондо анын кылган күнөөсү кечирилет.

    19:23 Кудай-Теңириңер силерге берген жерге келгениңерде, мөмө бере турган кандайдыр бир дарак тиккениңерде, анын мөмөлөрүн сүннөтсүз деп эсептегиле. Аларды үч жылга чейин сүннөтсүз деп эсептегиле, аларды жебегиле.

    19:24 Ал эми төртүнчү жылы анын бардык жемиштери Теңирди даңктоо майрамдарына арналсын.

    19:25 Бешинчи жылы анын мөмөлөрүн жесеңер болот, анын мөмөлөрүн жыйнап алсаңар болот. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

    19:26 үч нерсени каны менен жебегиле. Сыйкырчылык кылбагыла, төлгө салбагыла.

    19:27 Чачыңарды тегерете алдырбагыла, сакалыңардын учун кыркпагыла.

    19:28 өлгөн адамды үстеп жүрүш үчүн, өз денеңерге так салбагыла, денеңерге ийне менен чегип жазбагыла. Мен Теңирмин.

    19:29 Жер бузулуп, бузуктукка толуп кетпеши үчүн, өз кызыңдын бузулуп кетүүсүнө жол бербе.

    19:30 Менин ишемби күндөрүмдү сактагыла, Менин ыйык жайымды сыйлагыла. Мен Теңирмин.

    19:31 өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылбагыла, сыйкырчыларга барбагыла, өзүңөрдү алар менен булгабагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

    19:32 Аксакалдын алдында ордуңдан тур, карыя кишини сыйла, Кудайыңдан корк. Мен Теңирмин.

    19:33 Жериңерге көчүп келген келгинди кысымга албагыла.

    19:34 Көчүп келген келгин адам силер үчүн жергиликтүү адамдай болсун. Аны өзүңдү сүйгөндөй сүй, анткени силер да Мисир жеринде келгин болгонсуңар. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

    19:35 Сот ишинде, бир нерсенин узун-туурасын, салмагын, суюктуктун көлөмүн өлчөөдө адилет болгула.

    19:36 Силердин таразаңар, тараза таштарыңар, эйфаңар жана гиниңер туура болсун. Силерди Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин.

    19:37 Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла. Мен Теңирмин”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск