Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Көп балык кармоо

    5:1 Ыйса Генисарет көлүнүн жүүгинде турган эле. Кудайдын сөзүн угуш үчүн, Анын жанына эл үйүлүп калды. Ал көлдө турган эки кайыкты көрдү.

    5:2 Кайыктан түшкөн балыкчылар болсо торлорун жууп жатышкан.

    5:3 үки кайыктын бири Шымондуку эле. Ыйса анын кайыгына түшүп, андан жүүктен бир аз нарыраак сүзүп баруусун өтүндү. Анан Ал кайыкка отуруп алып, элди окута баштады.

    5:4 Ал сөзүн бүткөндөн кийин, Шымонго: «Көлдүн терең жерине сүзүп барып, торлоруңарды салгыла», – деди.

    5:5 Шымон Ага: «Устат, биз түнү бою эмгектенип, үч нерсе кармай алган жокпуз. Бирок Сен айтып жаткан соң, торду салайын», – деди.

    5:6 Алар торду салып, абдан көп балык кармашты. Балыктын көптүгүнөн тор айрыла баштады.

    5:7 Ошондо алар кол булгап, экинчи кайыктагы жолдошторун жардамга чакырышты. Алар келип, балыктарды салышканда, эки кайык тең толуп калды. Кайыктар чөгө баштады.

    5:8 Муну көргөн Шымон Петир Ыйсанын бутуна жыгылып: «Теңир, менин жанымдан кет. Анткени мен күнөөкөр адаммын», – деди.

    5:9 Анткени ушунча көп балык кармагандарынан улам, аны жана анын жанындагылардын баарын коркунуч басты.

    5:10 Шымондун достору болгон Зебедей уулдары Жакып менен Жакан да коркуп кетишкен эле. Ошондо Ыйса Шымонго: «Коркпо, мындан ары адамдарды кармайсың», – деди.

    5:11 Алар эки кайыкты тең жүүкке чыгарышты да, бүт баарын таштап, Ыйсанын артынан эүрчип жөнөштү.

    Ыйсанын пес оорулууну айыктырышы

    5:12 Ыйса бир шаарда жүргөндө, бүт денеси пес болгон бир адам келди. Ал Ыйсаны көргөндө, Анын бутуна жыгылып: «Теңир, эгерде Сен кааласаң, мени таза кыла аласың», – деп жалынды.

    5:13 Ошондо Ыйса колун сунуп, ага тийгизди да: «Каалайм, таза бол», – деди. Ал ошол замат пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.

    5:14 Ыйса ага: «үч кимге айтпа, бирок ыйык кызмат кылуучуга барып көрүнүп, өзүңдүн тазаланууң үчүн, Муса буйругандай, курмандык чал. Бул аларга күбөлөндүрүү болсун», – деп буйруду.

    5:15 Бирок Ал жөнүндө барган сайын көп айтыла баштады. Анын сөзүн угуу үчүн жана ооруларынан айыгуу үчүн, эл агылып келип жатты.

    5:16 Ыйса болсо өзү жалгыз эүн талаага барып сыйынды.

    Шал оорулууну айыктыруу

    5:17 Бир күнү Ыйса элди окутуп жатканда, ал жерде Галилеянын бардык айыл-кыштактарынан, Жүйүт аймагынан жана Иерусалимден келген фарисейлер, мыйзам окутуучулар отурушкан. Теңирдин күчү оорулуулардын айыгуусу аркылуу көрүнүп жатты.

    5:18 Ошол учурда бир нече адам бир шал оорулууну төшөнчүсү менен алып келишти. Алар аны Ыйсанын алдына жаткыруу үчүн, эйгө киргизүүгө аракет кылышты.

    5:19 Бирок элдин көптүгүнөн алар аны эйгө киргизе албай, эйдүн төбөсүнө чыгып, чатырды ачышты. Ошол жерден шал оорулуу адамды төшөнчүсү менен ортого, Ыйсанын алдына түшүрүштү.

    5:20 Ыйса алардын ишенимин көрүп, ага: «Адам, сенин күнөөлөрүң кечирилди», – деди.

    5:21 Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер өз ара: «Кудайга акарат келтирген бул ким? Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат?» – дешти.

    5:22 Ыйса болсо алардын оюн билип: «үмне үчүн минтип ойлоп жатасыңар?

    5:23 Кайсынысын айткан оңой: “Сенин күнөөлөрүң кечирилди” дегенби же “Ордуңан туруп, бас” дегенби?

    5:24 Бирок Адам Уулунун жер үстүндө күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экендигин билишиңер үчүн», – деди да, шал оорулуу адамга: «Сага айтамын, ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар», – деди.

    5:25 Ал ошол замат көпчүлүктүн көз алдында ордунан турду да, төшөгүн алып, Кудайды даңктап, үйүнө жөнөдү.

    5:26 Ошондо баары айран-таң калып, Кудайды даңкташты. Єрөйлөрү учкан алар: «Бүгүн биз кереметтүү иштерди көрдүк», – дешти.

    Матайдын чакырылышы

    5:27 Ушундан кийин Ыйса сыртка чыгып, бажыканада отурган салык жыйноочу Лебини көрүп, ага: «Менин артымдан эүрчи», – деди.

    5:28 Ошондо ал бардыгын таштап, ордунан туруп, Аны эүрчип жөнөдү.

    5:29 Леби Ыйсаны үйүнө чакырып, чоң сый көрсөттү. Ыйса менен көптөгөн салык жыйноочулар жана башка кишилер бир дасторкондо отурушту.

    5:30 Ошондо мыйзам окутуучулар менен фарисейлер күңкүлдөп, Ыйсанын шакирттерине: «үмне үчүн силер салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бирге ичип-жеп отурасыңар?» – дешти.

    5:31 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек.

    5:32 Мен тобо кылууга адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келгем».

    Орозо жөнүндө суроо

    5:33 Алар болсо Ыйсага: «Жакандын шакирттери менен фарисейлердин шакирттери бат-бат орозо кармап сыйынышат. Сенин шакирттериң болсо ичип-жей беришет», – дешти.

    5:34 Ыйса аларга: «Күйөө жанында болгондо, үйлөнүү тоюндагыларды орозо кармоого мажбурлай аласыңарбы?

    5:35 Бирок Күйөө алардын жанынан алынып кете турган күндөр келет, орозону алар ошол күндөрү кармашат», – деди.

    Кийим жана чанач жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    5:36 Анан Ыйса аларга элгү-насаат аңгеме менен сүйлөдү: «үч ким жаңы кийимден айрып алып, эски кийимге жамаачы салбайт. эгерде салса, жаңы кийим бузулат, жаңы кийимден алынган жамаачы эски кийимге жарашпай калат.

    5:37 үч ким эски чаначка жаңы шарап куйбайт. эгерде куйса, жаңы шарап чаначты айрып салат. Шарап да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат.

    5:38 Жаңы шарапты жаңы чаначка куюу керек. Ошондо тигиниси да, мунусу да сакталат.

    5:39 үски шарапты ичкенден кийин, үч ким жаңы шарапты дароо сурабайт. Анткени ал: “үскиси жакшы”, – дейт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск