Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Марк 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Жин оорулуу адамдын айыгышы

    5:1 Алар көлдүн наркы өйүзүндөгү Гадара аймагына келишти.

    5:2 Ыйса кайыктан түшөрү менен, Аны мүрзөлүк үңкүрлөр тараптан жин оорулуу бир адам тосуп чыкты.

    5:3 Ал мүрзөлүк үңкүрлөрдө жашачу, аны үч ким чынжыр менен да байлап коё алчу эмес.

    5:4 Анткени аны көп жолу кишендеп, чынжыр менен байлашкан, бирок ал чынжырларды эзүп, кишендерди талкалап салчу. Аны тыюуга үч кимдин күчү жетчү эмес.

    5:5 Ал дайыма, күндүр-түндүр тоолордо, үңкүрлөрдө кыйкырып жүрчү, өзүн өзү таш менен ургулачу.

    5:6 Ал Ыйсаны алыстан көрүп чуркап келди да, Ага таазим кылып:

    5:7 «үй, Ыйса, бардыгынан жогору турган Кудайдын Уулу! Менде эмнең бар? Кудай үчүн суранам, мени кыйнай көрбө», – деп, катуу кыйкырды.

    5:8 Анткени Ыйса ага: «Жин, бул адамдын ичинен чыгып кет!» – деп айткан эле.

    5:9 Анан Ыйса андан: «Сенин атың ким?» – деп сурады. Ал: «Менин атым “Түмөн”, анткени биз көппүз», – деп жооп берди.

    5:10 «Бизди ушул өлкөдөн кууп чыгара көрбө», – деп, жиндер Ыйсадан аябай өтүнүштү.

    5:11 Ошол жерде, тоонун боорунда чочколор жайылып жүргөн эле.

    5:12 Жиндердин баары Ыйсадан: «Бизди ушул чочколорго жибер, ошолордун ичине кирели», – деп өтүнүштү.

    5:13 Ыйса ошол замат аларга уруксат берди. Жиндер адамдын ичинен чыгып, чочколордун ичине кирди. Ошондо эки миңге жакын чочко көлдү карай бет алып, тик жардан кулап, сууга чөгүп өлдү.

    5:14 Чочко кайтаруучулар болсо качып жөнөштү. Алар шаарларга, айылдарга барып, бул окуя тууралуу жарыялашты. эмне болгондугун көргөнү чыккан эл

    5:15 Ыйсанын жанына келип, баягы жин оорулуунун, ичинде түмөн жини бар адамдын, кийим кийип, акыл-үсине келип отурганын көрүп, эрөйлөрү учту.

    5:16 Бул окуяны көргөндөр жин оорулуу адамга эмне болгондугу жөнүндө, чочколор жөнүндө элге айтып беришти.

    5:17 Ошондо эл Ыйсадан өздөрүнүн аймагынан чыгып кетүүсүн сурана баштады.

    5:18 Ыйса кайыкка түшкөндө, жин оорусунан айыккан адам Андан: «Сенин жаныңда жүрөйүнчү», – деп суранды.

    5:19 Бирок Ыйса ага уруксат берген жок. Ага: «Єйүңө, жакындарыңа бар, Теңир сага эмне кылганын, сага кандай ырайым көрсөткөнүн аларга айтып бер», – деди.

    5:20 Ошондо ал барып, Ыйсанын эмне кылганын Декапол дубанында жарыялай баштады. Бардыгы таң калып жатты.

    Ыйсанын оорулуу аялды айыктырышы, Жайырдын кызын тирилтиши

    5:21 Ыйса кайрадан берки өйүзгө сүзүп келгенде, Анын жанына көп эл чогулуп калды. Ал көлдүн жүүгинде турганда,

    5:22 синагога башчыларынын бири, Жайыр деген киши келди. Ал Ыйсаны көргөндө, Анын бутуна жыгылып:

    5:23 «Кызым өлүм алдында жатат. Барып, ага колуңду тийгиз, ал оорусунан айыгып, тирүү калсын», – деп жалынып-жалбарды.

    5:24 Ыйса аны менен жөнөдү. Анын артынан эүрчип алган көп эл Аны туш тарабынан кысып бара жатты.

    5:25 үлдин арасында он эки жылдан бери кан агуудан азап чегип жүргөн бир аял бар эле.

    5:26 Ал көп дарыгерлерге көрүнүп, колунда болгонун бүт түгөткөн, бирок оорусунан айыкпай, абалы начарлай берген.

    5:27 Ыйса жөнүндө уккан бул аял көпчүлүктү аралап өтүп, Анын артынан келип, кийимине колун тийгизди.

    5:28 Анткени ал: «Анын кийимине колумду тийгизсем эле айыгам», – деген эле.

    5:29 Ошол замат анын кан агуусу токтоду. Аял өзүнүн оорудан айыкканын сезди.

    5:30 Ошол эле учурда Ыйса өзүнөн күч чыкканын сезип: «Менин кийимиме ким колун тийгизди?» – деп, элге кайрылды.

    5:31 Шакирттери Ага: «Топ эл Сени кысып турганын көрүп турасың да, анан “Мага ким колун тийгизди?” – дейсиң!» – дешти.

    5:32 Бирок Ыйса муну ким кылганын көрүш үчүн, тегерегин карады.

    5:33 өзүнүн айыкканын билген ал аял коркконунан калтырап, Ыйсанын алдына келип жыгылды да, Ага болгон чындыкты айтып берди.

    5:34 Ошондо Ыйса ага: «Кызым, сени ишенимиң куткарды. Тынчтык менен бара бер. Ооруңдан айык!» – деди.

    5:35 Ыйса ушуну айтып жатканда, синагога башчысынын үйүнөн адамдар келишип: «Кызың өлүп калды. эми Устатты убара кылбай эле кой», – дешти.

    5:36 Ыйса бул сөздөрдү укканда, ошол замат синагога башчысына: «Коркпо, бирок ишен!» – деди.

    5:37 Ыйса Петирди, Жакыпты жана анын бир тууганы Жаканды гана эүрчитип алып,

    5:38 синагога башчысынын үйүнө барды. Ал жерден Ал ызы-чуу түшүп, буркурап-боздоп ыйлап жаткандарды көрдү.

    5:39 Ичкери кирип, аларга: «үмнеге ызы-чуу түшүп, ыйлап жатасыңар? Кыз өлбөй эле уктап жатат», – деди.

    5:40 Алар болсо Ыйсаны шылдыңдап күлүштү. Ыйса баарын тышка чыгарып жиберди да, кыздын ата-энесин жана өзү менен келгендерди эүрчитип, кыз жаткан бөлмөгө кирди.

    5:41 Ыйса кызды колунан алып, ага: «Талита куми!» – деди. Бул сөз «Кыз, сага айтып жатамын, тур!» деп которулат.

    5:42 Кыз ошол замат ордунан туруп, баса баштады. Ал он эки жашта эле. Муну көргөндөр аябай таң калышты.

    5:43 «Муну үч ким билбесин», – деп, Ыйса аларга катуу эскертти да, кызга тамак берүүнү буйруду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск