Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Даанышмандардын Бейт-Лехемге келиши

    2:1 Ирод падышанын убагында, Жүйүт жеринин Бейт-Лехем деген шаарында, Ыйса төрөлгөндө, чыгыштан Иерусалим шаарына даанышмандар келип:

    2:2 «Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн Падышасы кайда? Чыгыштан биз Анын жылдызын көрүп, Ага таазим кылганы келдик», – дешти.

    2:3 Муну укканда, Ирод падышанын тынчы кетти, аны менен бирге бүт Иерусалим эли да дүрбөлөңгө түштү.

    2:4 Ошондо Ирод башкы ыйык кызмат кылуучулар менен элдик мыйзам окутуучулардын баарын чогултуп алып, алардан: «Машайак кайсы жерде төрөлүшү керек эле?» – деп сурады.

    2:5 Алар ага мындай деп жооп беришти: «Жүйүттүн Бейт-Лехем деген шаарында төрөлүшү керек. Анткени бир пайгамбар аркылуу мындай деп жазылган:

    2:6 “Бирок сен, Бейт-Лехем, Жүйүт жери, Жүйүттүн башка шаарларынан үч бир нерсең менен кем эмессиң, анткени сенден Менин элим Ысрайылды жетектеп жүрө турган Жол башчы чыгат”».

    2:7 Ошондо Ирод даанышмандарды өзүнө жашыруун чакыртып алып, жылдыздын пайда болгон убактысын астыртадан сурап билип алды.

    2:8 Анан аларды Бейт-Лехемге жөнөтүп жатып: «Баргыла да, ошол Наристе жөнүндө жакшылап сураштырып билгиле. Аны табарыңар менен, мага кабарлагыла. Мен да барып, Ага таазим кылайын», – деди.

    2:9 Падыша муну айткандан кийин, алар жөнөп кетишти. Чыгышта көрүнгөн жылдыз алардын алдында жылып жүрүп отуруп, Наристе жаткан жерге келип токтоду.

    2:10 Жылдыздын токтогонун көргөндө, даанышмандар аябай сүйүнүп кетишти.

    2:11 Анан алар эйгө кирип, Наристени жана Анын энеси Мариямды көрүштү. Ошондо алар жүзтөмөндөп жыгылып, Ага таазим кылышты. Сандыкчаларын ачып, Ага ладан, смирна деген жыпар жыттуу заттарды жана алтын тартуу кылышты.

    2:12 Алар Иродго кайтып барбоо керектиги жөнүндө түштөрүндө аян алып, өз өлкөсүнө башка жол менен жөнөп кетишти.

    Мисирге качуу

    2:13 Даанышмандар жөнөп кетишкенден кийин, Теңирдин периштеси Жусупка түшүндө көрүнүп: «Тур, Наристени жана Анын энесин алып, Мисирге кач. Мен айтканга чейин, ошол жерде бол. Анткени Ирод Наристени өлтүртүү үчүн издеткени жатат», – деди.

    2:14 Ошондо Жусуп ордунан туруп, Наристени жана Анын энесин алып, түн ичинде Мисирди карай жол тартты.

    2:15 Ошентип, алар Ироддун көзү өткөнчө, ошол жерде болушту. Теңирдин бир пайгамбар аркылуу «Уулумду Мисирден чакырып алдым» деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн ушундай болду.

    Наристелердин өлтүрүлүшү

    2:16 Ирод өзүнүн даанышмандарга алданып калганын билгенде, аябай каарданып, Бейт-Лехемдеги жана анын тегерек-четиндеги эки жаштагы жана эки жашка чейинки эркек балдарды кырып салууга аскерлерди жөнөттү. Ал Анын жашын даанышмандардан сурап билип алган убакыт боюнча аныктады.

    2:17-18 Ошондо Жеремия пайгамбар аркылуу «Рама шаарынан зар какшап, боздоп ыйлагандын үнү угулат. Бул – өзүнүн балдарын жоктоп ыйлаган Рахел. Ал сооронгусу келбей жатат, анткени алар эми жок» деп айтылган сөз аткарылды.

    Назаретке кайтып келүү

    2:19 Ироддун көзү өткөндөн кийин, Мисирде Теңирдин периштеси Жусупка түшүндө көрүнүп:

    2:20 «Тур! Наристени жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине жөнө. Анткени Наристени өлтүрүүнү каалагандардын көзү өтүп кетти», – деди.

    2:21 Ошондо Жусуп ордунан туруп, Наристени жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине келди.

    2:22 Жүйүт аймагында атасы Ироддун ордуна уулу Архелай падышачылык кылып жатканын угуп, Жусуп ал жакка баруудан коркту. Бирок түшүндө аян алып, Галилея аймагын көздөй жол тартты.

    2:23 Ал жерге келип, Назарет деген шаарга жайланышты. Пайгамбарлар аркылуу «Ал “назареттик” деп аталат» деп айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск