Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Михей 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    үл башчыларынын жазаланары жөнүндө

    3:1 Ошондо мен мындай дедим: «Жакыптын башчылары, Ысрайылдын төрөлөрү, уккула! Чындыкты силер билишиңер керек эмеспи?

    3:2 Силер болсо жакшы нерсени жек көрүп, жаман нерсени жакшы көрүп жатасыңар. Алардын терисин сыйрып жатасыңар, этин сөөктөрүнөн ажыратып жатасыңар,

    3:3 Менин элимдин этин жеп, терисин сыйрып жатасыңар, ал эми сөөктөрүн карапага сала тургансып сындырып, этин казанга сала тургансып бөлүп жатасыңар».

    3:4 Ошондо алар Теңирди чакырышат, бирок Теңир аларды укпайт, ошол убакта алардан өз жүзүн жашырат, анткени алар кыянат иштерди кылып жатышат.

    3:5 Менин элимди адаштырган, тиштери менен кемирген, «Тынчтык!» деп кыйкырган, ал эми өздөрүнүн оозуна үч нерсе салбагандарга согуш жарыя кылган пайгамбарларга каршы Теңир мындай дейт:

    3:6 «Ошон үчүн көрүнүштүн ордуна силерге түн болот, пайгамбарчылыктардын ордуна караңгылык болот. Пайгамбарлардын үстүнөн күн батат, алардын үстүнөн күн караңгылайт.

    3:7 Көрөгөчтөр уятка калышат, төлгөчүлөр шылдың болушат. Алардын бардыгы ооздорун жабышат, анткени Кудайдан жооп болбойт».

    3:8 Мен болсо Жакыпка өзүнүн кылмышын, Ысрайылга өзүнүн күнөөсүн айтыш үчүн, Теңирдин Рухунун күчүнө, адилеттүүлүккө жана кайраттуулукка толдум.

    3:9-10 Акыйкаттыктан жийиркенген, түз нерсенин баарын кыйшык кылган, Сионду кан менен, Иерусалимди адилетсиздик менен курган Жакыптын башчылары, Ысрайылдын төрөлөрү, муну уккула!

    3:11 Анын башчылары пара алып сот жүргүзүп жатышат, ыйык кызмат кылуучулары акы алып окутуп жатышат, пайгамбарлары акча алып пайгамбарчылык кылып жатышат, бирок ошол эле учурда алар: «Теңир биздин арабызда эмеспи? Биздин башыбызга алаамат түшпөйт!» – деп, Теңирге таянып жатышат.

    3:12 Ошондуктан силердин айыңардан Сион айдоо талаасындай болуп айдалат, Иерусалим үйүлгөн урандыга айланат, ал эми бул эй турган тоо токойлуу адырга айланат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск