Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 26

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    26-БөЛЄМ

    Ысрайылды экинчи жолу санап чыгуу

    26:1 Ошол кыйроодон кийин Теңир Мусага жана ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу элазарга мындай деди:

    26:2 «Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатындагы жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактууларын уруусу боюнча санап чыккыла».

    26:3 Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө Муса менен ыйык кызмат кылуучу элазар аларга мындай дешти:

    26:4 «Теңир Мусага буйругандай, Мисир жеринен чыккан Ысрайыл уулдарынын жыйырма жана андан жогорку жаштагыларынын бардыгын санап чыккыла.

    26:5 Ысрайылдын туну – Рубейин. Рубейиндин уулдарынан тараган уруулар: Ханохтон тараган Ханох уруусу, Палудан тараган Палу уруусу,

    26:6 Хесрондон тараган Хесрон уруусу, Кармиден тараган Карми уруусу.

    26:7 Мына ушулар – Рубейиндин уруулары. Булардын саны кырк үч миң жети жүз отуз болду.

    26:8 Палунун уулу – элийап.

    26:9 үлийаптын уулдары: Немуел, Датан жана Абырам. Теңирге каршы чыккан Корактын таламдаштарына кошулуп, Муса менен Арунга каршы чыккан Датан менен Абырам ушул.

    26:10 Ошондо жер араанын ачып, аларды жана Коракты жутуп алган. От эки жүз элүү кишини өрттөп кеткенде, алар менен бирге таламдаштары да өлүшкөн. Бул аларга эскертүү болуп калган.

    26:11 Бирок Корактын уулдары өлгөн эмес.

    26:12 Шымондун уулдарынан тараган уруулар: Немуелден тараган Немуел уруусу, Жаминден тараган Жамин уруусу, Жахинден тараган Жахин уруусу,

    26:13 Зерактан тараган Зерак уруусу, Шабулдан тараган Шабул уруусу.

    26:14 Мына ушулар – Шымондун уруулары, алардын саны – жыйырма эки миң эки жүз.

    26:15 Гат уулдарынан тараган уруулар: Сепондон тараган Сепон уруусу, Хагиден тараган Хаги уруусу, Шуниден тараган Шуни уруусу,

    26:16 Озниден тараган Озни уруусу, эйриден тараган эйри уруусу,

    26:17 Ароттон тараган Арот уруусу, Арейлиден тараган Арейли уруусу.

    26:18 Мына ушулар – Гат уруулары, алардын саны – кырк миң беш жүз.

    26:19 Жүйүттүн уулдары: эйир жана Онан. Бирок эйир менен Онан Канаан жеринде өлүшкөн.

    26:20 Жүйүттүн уулдарынан тараган уруулар: Шейладан тараган Шейла уруусу, Перестен тараган Перес уруусу, Зерактан тараган Зерак уруусу.

    26:21 Перестин уруулары: Кесрондон тараган Кесрон уруусу, Хамулдан тараган Хамул уруусу.

    26:22 Мына ушулар – Жүйүт уруулары, алардын саны – жетимиш алты миң беш жүз.

    26:23 Исахар уулдарынан тараган уруулар: Толадан тараган Тола уруусу, Пубадан тараган Пуба уруусу,

    26:24 Жашуптан тараган Жашуп уруусу, Шимрондон тараган Шимрон уруусу.

    26:25 Мына ушулар – Исахар уруулары, алардын саны – алтымыш төрт миң үч жүз.

    26:26 Забулун уулдарынан тараган уруулар: Сереттен тараган Серет уруусу, эйлондон тараган эйлон уруусу, Жахлиелден тараган Жахлиел уруусу.

    26:27 Мына ушулар – Забулун уруулары, алардын саны – алтымыш миң беш жүз.

    26:28 Жусуптун уулдарынан тараган уруулар: Менаше менен эпрайым.

    26:29 Менашенин уулдары: Махирден тараган Махир уруусу. Махирден Гилат туулган, Гилаттан Гилат уруусу тараган.

    26:30 Гилаттын уулдары булар: Жезерден тараган Жезер уруусу, Хейлектен тараган Хейлек уруусу,

    26:31 Асриелден тараган Асриел уруусу, Шехемден тараган Шехем уруусу,

    26:32 Шемиттен тараган Шемит уруусу, Хейперден тараган Хейпер уруусу.

    26:33 Хейпер уулу Салапаттын эркек балдары болгон эмес, кыздары гана болгон. Салапаттын кыздарынын аттары: Махла, Ноя, Хогла, Милка жана Тирса.

    26:34 Мына ушулар – Менаше уруулары, алардын саны – элүү эки миң жети жүз.

    26:35 үпрайымдын уулдарынан тараган уруулар: Шутелахтан тараган Шутелах уруусу, Бехерден тараган Бехер уруусу, Тахандан тараган Тахан уруусу.

    26:36 Шутелахтын уулдары булар: эйрондон тараган эйрон уруусу.

    26:37 Мына ушулар – эпрайым уулдарынан тараган уруулар, алардын саны – отуз эки миң беш жүз. өз-өз уруулары боюнча Жусуптун уулдары ушулар.

    26:38 Бенжеминдин уулдарынан тараган уруулар мына булар: Беладан тараган Бела уруусу, Ашбелден тараган Ашбел уруусу, Акирамдан тараган Акирам уруусу,

    26:39 Шепупамдан тараган Шепупам уруусу, Хупамдан тараган Хупам уруусу.

    26:40 Беланын уулдары: Арт менен Нааман. Арттан Арт уруусу, Наамандан Нааман уруусу тараган.

    26:41 Бенжеминдин уулдарынан тараган уруулар ушулар, алардын саны – кырк беш миң алты жүз.

    26:42 Дандын уулдарынан тараган уруулар мына булар: Шухамдан тараган Шухам уруусу. Дандын уулдарынан тараган уруулар ушулар.

    26:43 Шухамдын урууларын санап чыкканда, алтымыш төрт миң төрт жүз болду.

    26:44 Ашырдын уулдарынан тараган уруулар булар: Имнадан тараган Имна уруусу, Ишпадан тараган Ишпа уруусу, Бириядан тараган Бирия уруусу.

    26:45 Бириянын уулдары: Хеберден тараган Хебер уруусу, Малкиелден тараган Малкиел уруусу.

    26:46 Ашырдын кызынын аты Сара эле.

    26:47 Ашырдын уулдарынан тараган урууларды санап чыкканда, элүү үч миң төрт жүз болду.

    26:48 Напталынын уулдарынан тараган уруулар булар: Жахсиелден тараган Жахсиел уруусу, Гуниден тараган Гуни уруусу,

    26:49 Жетсерден тараган Жетсер уруусу, Шилемден тараган Шилем уруусу.

    26:50 Напталынын уулдарынан тараган урууларды санап чыкканда, кырк беш миң төрт жүз болду.

    26:51 Ысрайыл уулдарынын жалпы саны алты жүз бир миң жети жүз отуз болду.

    26:52 Анан Теңир Мусага мындай деди:

    26:53 «Жер адам санына жараша бөлүнсүн.

    26:54 Кайсы уруунун саны көп болсо, ага көбүрөөк жер бер. Кайсы уруунун саны азыраак болсо, ага азыраак жер бер. Жерди ар бир уруунун санына жараша бөлүштүр.

    26:55 Жер өкчөмө таш менен бөлүштүрүлсүн, алар ата-бабаларынын урууларынын аттарына жараша элүш алышсын.

    26:56 Жер саны көп урууга да, саны аз урууга да өкчөмө таш менен бөлүштүрүлсүн».

    26:57 өз-өз уруулары боюнча эсепке кирген Леби уруулары булар: Гейиршондон тараган Гейиршон уруусу, Кааттан тараган Каат уруусу, Мерариден тараган Мерари уруусу.

    26:58 Лебиден тараган уруулар булар: Либни уруусу, Хеброн уруусу, Махли уруусу, Муши уруусу, Корак уруусу. Кааттан Амрам төрөлгөн.

    26:59 Амрамдын аялынын аты – Жохебет, ал – Лебинин кызы. Аны Лебинин аялы Мисирде төрөгөн. Ал Амрамга Арун менен Мусаны жана алардын карындашы Мириямды төрөп берген.

    26:60 Арундан Надап менен Абыйут, элазар менен Итамар төрөлгөн.

    26:61 Бирок Надап менен Абыйут Теңирдин алдына башка от алып келгени үчүн өлүшкөн.

    26:62 Ошентип, бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркек аттуулардын саны жыйырма үч миң болду. Алар Ысрайыл уулдары менен чогуу эсептелген жок, анткени Ысрайыл уулдарынын арасынан аларга жер бөлүнгөн эмес.

    26:63 Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө Муса менен ыйык кызмат кылуучу элазар санап чыккан Ысрайыл уулдарынын эсепке киргендери ушулар.

    26:64 Булардын эсебине Муса менен ыйык кызмат кылуучу Арун Синай чөлүндө санап чыккан Ысрайыл уулдарынан бир да киши кирген жок.

    26:65 Анткени Теңир алар жөнүндө: «Алар чөлдө өлүшөт», – деп айткан. Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыядан башка алардан үч ким калган жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск