16:1 Адам жүрөгүндө бир нерсени ниет кылат, бирок анын жообу Теңирден болот.
16:2 Адамга өзүнүн бардык жолдору таза көрүнөт, бирок жүрөктөрдү Теңир салмактайт.
16:3 Иштериңди Теңирге тапшыр, ошондо ойлогон ойлоруң ишке ашат.
16:4 Бардыгын Теңир өзү үчүн жаратты. Атүгүл, мыйзамсызды кайгы күнгө сактап турат.
16:5 Жүрөгү текебер адам Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал жазасыз калбайт деп, кепилге өтсө болот.
16:6 Ырайым жана чындык менен күнөө тазаланат, Теңирден коркуу жамандыктан алыстатат.
16:7 Адамдын жолдору Теңирге жакканда, Ал аны душмандары менен да элдештирет.
16:8 Алдамчылык менен мол киреше тапканча, чындык менен аз киреше тапкан артык.
16:9 Адамдын жүрөгү өз жолун ойлонуштурат, бирок анын кадамын Теңир багыттайт.
16:10 Падышанын оозунан Кудайдын өкүмү чыгат, сотто анын оозу күнөө кылбайт.
16:11 Туура тараза жана өлчөөчү идиштер Теңирден, баштыктагы бардык тараза таштар да Теңирден.
16:12 Мыйзамсыз иш падышалар үчүн жийиркеничтүү, анткени такты чындык менен бекемделет.
16:13 Чын сүйлөгөн ооз падышага жагат, ал чындыкты сүйлөгөн адамды жакшы көрөт.
16:14 Падышанын каары – өлүмдүн кабарчысы, бирок акылдуу адам анын каарын кайттырат.
16:15 Падышанын жарык жүзү – өмүр, анын ырайым кылганы жазгы жамгырдай.
16:16 Даанышмандыкка эү болуу алтынга эү болуудан алда канча жакшы, акылмандыкка эү болуу тандамал күмүшкө эү болуудан жакшы.
16:17 Адил адамдардын жолу – жамандыктан оолак болуу. өз жолун сактаган адам өз жанын сактайт.
16:18 Кыйроонун алдында текебердик келет, кулардын алдында менменсингендик келет.
16:19 Текеберлер менен олжо бөлүшкөнчө, момундар менен бирге моюн сунган жакшы.
16:20 Ишти акылдуулук менен жүргүзгөн адам ийгилик табат, Теңирге таянган адам бактылуу.
16:21 Жүрөгү акылдуу адам акылдуу деп аталат, жагымдуу сөз акылга акыл кошот.
16:22 Акылы бар адам үчүн акыл – өмүрдүн булагы, ал эми акылсыздардын илимпоздугу – акылсыздык.
16:23 Акылдуу адамдын жүрөгү өз тилин акылдуу кылат, оозундагы билимин арттырат.
16:24 Жагымдуу сөз – бал, ал – жанга жагымдуу, сөөккө дары.
16:25 Адамга түз көрүнгөн жолдор бар, бирок алардын аягы – өлүмгө алып баруучу жол.
16:26 үмгекчи өзү үчүн эмгектенет, анткени эмгектенүүгө оозу мажбурлап жатат.
16:27 Амалкөй адам жамандык ойлоп турат, анын оозунан куйкалоочу от чыгат.
16:28 үки жүздүү адам чыр-чатак себет, ушакчы адам досторду ажыратат.
16:29 Жакшылык ойлобогон адам өз жакынын бузуп, жаман жолго түртөт.
16:30 Ал кыянаттык ойлоп табыш үчүн, көзүн жүлжүйтөт, эриндерин тиштеп, кыянаттык кылат.
16:31 Даңктын таажысы – чындык жолунда жүргөн ак чач.
16:32 Көпкө чыдаган адам эр жүрөк адамдан артык, өзүн кармай билген адам шаарды басып алган адамдан артык.
16:33 өкчөмө таш жерге ыргытылат, бирок анын бардык чечими Теңирден болот.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК