Уландысы. Такыбаа адамга – урмат, мыйзамсызга – каргыш
28:1 Мыйзамсыз адам артынан үч ким кубалабаса деле качып жүрөт, ал эми адил адам арстандай айбаттуу.
28:2 Мамлекет мыйзамдан четтегенде, аны башкаргандар көбөйөт. Ал эми акылман жана билерман адам башкарганда, ал көпкө жашайт.
28:3 Алсыздарды эзген жакыр адам эгинди жууп кеткен нөшөрдөй.
28:4 Мыйзамдан четтегендер адилетсиздерди макташат, ал эми мыйзамды сактагандар аларга каршы чыгышат.
28:5 Кара өзгөй кишилер адилеттикти түшүнүшпөйт, ал эми Теңирди издегендер бардыгын түшүнүшөт.
28:6 Бай болуп терс жолдо жүргөнгө караганда, кедей болуп күнөөсүз жашаган жакшы.
28:7 Мыйзамды сактаган уул – акылдуу уул, ал эми ысырапчылар менен достошкон уул атасын уятка калтырат.
28:8 Сүткордук кылып ашыгы менен алып байыган адам байлыгын жакырларга кайрымдуулук кылган адам үчүн жыйнап жатат.
28:9 Мыйзамды уккусу келбей кулагын жапкан адамдын сыйынуусу да жийиркеничтүү.
28:10 Адил адамдарды жаман жолго азгырган адам өз оруна өзү түшөт, ал эми кемчиликсиз адамдар жакшылыкты мурасташат.
28:11 Бай адам өзүн акылдуу эсептейт, бирок акылдуу кедей аны ашкерелейт.
28:12 Адил адамдар салтанат курушканда, чоң кубаныч болот, ал эми мыйзамсыздар бийликке келгенде, адамдар жашына башташат.
28:13 өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат.
28:14 Кудайдын алдында ар дайым коркуп жашаган адам бактылуу, ал эми жүрөгүн өжөрлөнткөн адам кырсыкка кабылат.
28:15 Жакыр элге үстөмдүк кылган мыйзамсыз өкүмдар айкырган арстандай, ачка аюудай.
28:16 Акылы жок өкмөт башчысы көп кысымчылык көрсөтөт, ал эми ачкөздүктү жек көргөн өкүмдардын өмүрү узун болот.
28:17 Адамдын канын төгүп айыптуу болгон адам бирөө кармап албасын деп, көргө киргенге чейин качып жүрүп өтөт.
28:18 Түз жүргөн адам зыян тартпайт, ал эми туура эмес жолдор менен жүргөн адам ошол жолдордун биринде чалынып жыгылат.
28:19 Жерин иштеткен адам нанга тоёт, бекерпоздорду туураган адам жокчулукка тоёт.
28:20 Ишенимдүү адам батага бай, ал эми байыганга ашыккан адам жазаланбай калбайт.
28:21 Бет карама болуу жакшы эмес, андай адам бир сындырым нан үчүн да адилетсиздикке барат.
28:22 Ичи тар киши байлыкка ашыгат, башына жакырчылык келерин ойлобойт.
28:23 Тили менен жасакерленген адамга караганда бетке айткан адам акыры чоң ылым табат.
28:24 өз атасы менен өз энесин тоноп, «Бул күнөө эмес» деген адам – каракчылардын шериги.
28:25 Менменсинген адам чыр-чатак чыгарат, ал эми Теңирден эмүттөнгөн адам жыргал турмуш өткөрөт.
28:26 өзүнө таянган адам акылсыз, акылмандык менен жүргөн адам аман-үсен болот.
28:27 Жакырга берген адам жакырланып калбайт, ал эми аларга көзүн жумуп койгон адам көп каргышка калат.
28:28 Мыйзамсыздар бийликке келишкенде, адамдар жашына башташат; алар кулашканда, адил адамдар көбөйө башташат.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК