Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Акылмандыктын жана билимдин пайдасы

    4:1 Балдар, атаңардын акыл-насаатын уккула, акыл-үстүү болуу үчүн кулак салгыла!

    4:2 Анткени мен силерге жакшы сабак бердим. Менин осуяттарымды таштабагыла.

    4:3 Анткени мен да бир кезде атамдын уулу элем, энемдин жалгыз, сүйүктүү уулу элем.

    4:4 Ошондо атам мага акыл эйрөтүп: «Жүрөгүңө менин сөздөрүмдү тутуп ал, осуяттарымды сактап жаша», – деген.

    4:5 Даанышмандыкка эү бол, акылмандуулукка эү бол. Муну эсиңден чыгарба, менин айткандарымдан четтебе.

    4:6 Менин сөзүмдү таштаба, ошондо ал сени сактап жүрөт; аны сүй, ошондо ал сени коргоп жүрөт.

    4:7 эң негизгиси – акылмандык. Акылмандыкка эү бол, бардык мал-мүлкүң менен акыл-үстүүлүккө эү бол.

    4:8 Аны бийик бааласаң, ал сени бийикке көтөрөт. эгерде ага жабышсаң, ал сенин даңкыңды чыгарат.

    4:9 Ал сенин башыңа эң сонун гүлчамбар кийгизет, эң сонун таажыга жеткирет.

    4:10 Кулак сал, уулум, менин сөздөрүмдү кабыл ал, ошондо өмүрүң узарат.

    4:11 Мен сага акылмандыктын жолун көрсөтүп жатам, түз жол менен алып бара жатам.

    4:12 Бара жатканыңда жолуң тарыбайт, чуркап жөнөсөң мүдүрүлбөйсүң.

    4:13 Акыл-насааттарды бекем карма, аны таштаба, сактап жүр, анткени ал сенин өмүрүң.

    4:14 Мыйзамсыздардын жолуна түшпө, зулумдардын жолу менен жүрбө.

    4:15 Ал жолду ташта, ал жол менен баспа, ал жолго жолобо, ал жолдон кыя өт.

    4:16 Анткени алар жамандык кылмайынча укташпайт, бирөөнү кулатмайынча, алардан уйку качат.

    4:17 Анткени алар мыйзамсыздык менен нан таап жешет, уурдалган шарап ичишет.

    4:18 Адил адамдардын жолу – жаркыраган чырак, ал толук жарык киргенге чейин уламдан-улам жаркырай берет.

    4:19 Мыйзамсыздардын жолу – караңгылык, алар эмнеге мүдүрүлөрүн билишпейт.

    4:20 Уулум! Менин сөздөрүмө кулак сал, айткандарыма кулагыңды төшө!

    4:21 Алар сенин көз алдыңдан кетпесин, аларды жүрөгүңдүн түпкүрүндө сакта.

    4:22 Анткени ал – аны тапкандар үчүн өмүр, бүт денеси үчүн – саламаттык.

    4:23 Баарынан да, сактай тургандардан жүрөгүңдү сакта, анткени өмүрдүн булагы анда.

    4:24 Калп айтуудан баш тарт, анткорлонуп сүйлөөдөн кач.

    4:25 Көзүң түз карасын, көз карашың түз болсун.

    4:26 Басар жолуңду ойлонуп бас, ошондо сенин бүт жолуң бекем болот.

    4:27 Оңго да, солго да бурулба, бутуңду жаман жолдон алыс кыл.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск