Уулдарга берилген кеңеш
3:1 Уулум! Менин акыл-насаатымды эсиңден чыгарба, жүрөгүң осуяттарымды сактасын.
3:2 Анткени алар сага узун өмүр, узак өмүр жаш, тынчтык берет.
3:3 Сени ырайым менен чындык таштабасын. Буларды мойнуңа байлап ал, жүрөгүңдүн лоокторуна жазып ал,
3:4 ошондо Кудайдын жана адамдардын алдында ырайым жана жакшылык табасың.
3:5 Бүт жүрөгүң менен Теңирден эмүттөн, өз акылыңа таянба.
3:6 Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт.
3:7 өзүңдү акылман эсептебе, Теңирден корк, жамандыктан кач.
3:8 Бул денеңе саламаттык, сөөгүңө азык болот.
3:9 Теңириңе мал-мүлкүң менен, алгачкы кирешең менен урмат көрсөт.
3:10 Ошондо кампаларың ашыгы менен данга толот, жүзүм сыгылуучу жайыңдан жаңы шарап ашып-ташып төгүлүп турат.
3:11 Уулум, Теңирдин жазасын четке какпа, Анын айыбыңды ачканын оор көрбө.
3:12 Анткени Теңир сүйгөн адамын жазалайт, ага атасы уулуна ырайым кылгандай ырайым кылат.
3:13 Акылмандыкты издеп тапкан, акылга эү болгон адам бактылуу!
3:14 Анткени акылга эү болуу күмүшкө эү болуудан артык, анын жемиши алтындан артык.
3:15 Ал асыл таштардан кымбат. Сен каалагандардын ичинен ага үч нерсе тең келбейт.
3:16 Анын оң колунда – узун өмүр, сол колунда – байлык менен атак-даңк.
3:17 Анын жолу – жагымдуу жол, анын бардык жолу – бейпилдик.
3:18 Ага эү болгондор үчүн ал – өмүр дарагы, аны сактагандар – бактылуу адамдар!
3:19 Теңир жерди кеменгерлиги менен негиздеген, асманды акылмандыгы менен орноткон.
3:20 Анын акылмандыгы менен түпсүз туңгуюктар ачылган, булуттар шүүдүрүм себелейт.
3:21 Уулум! Булардан көзүңдү алба, туура ой жүгүртүүнү, үстүүлүктү сакта,
3:22 алар жаның үчүн өмүр, мойнуң үчүн мончок болот.
3:23 Ошондо өз жолуңду коркпостон улайсың, мүдүрүлбөйсүң.
3:24 Жатканыңда коркпойсуң, уйкуң таттуу болот.
3:25 Күтүлбөгөн коркунучтан, мыйзамсыздардын кол салганынан коркпойсуң.
3:26 Анткени Теңир сенин таянычың болот, бутуңду тузактан сактайт.
3:27 Жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгүң бар болуп турганда, муктаж болгон адамга жакшылык кылуудан баш тартпа.
3:28 Жаныңда бар болуп туруп, досуңа: «үртең кел, эртең берем», – дебегин.
3:29 Сени менен капарсыз жашап жаткан жакыныңа жамандык кылууну ойлобо.
3:30 Сага жамандык кылбаган адам менен себепсиз чатакташпа.
3:31 Зордук-зомбулук кылган адамга көз артпа, анын жолдорунун бирине да түшпө.
3:32 Анткени бузулган адам Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми адил адамдар менен Анын байланышы бар.
3:33 Теңирдин каргышы мыйзамсыздын үйүнүн үстүндө, ал эми адил адамдардын үйүнө Ал батасын берет.
3:34 үгерде Ал шылдыңчыл текеберлерди уятка калтырып жатса, анда момундарга ырайым кылат.
3:35 Акылмандар атак-даңкты, акылсыздар маскарачылыкты мурасташат.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК