Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 118

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    118-ЗАБУР

    Теңирдин мыйзамы

    118:1 Туура жолдо жүргөндөр, Теңирдин мыйзамын сактагандар бактылуу.

    118:2 Анын мыйзамдарын сактагандар, Аны чын жүрөгү менен издегендер бактылуу.

    118:3 Алар мыйзамсыз иштерди кылышпайт, Анын жолдору менен жүрүшөт.

    118:4 Сен өзүңдүн буйруктарыңды бекем сактоону осуят кылгансың.

    118:5 Оо, менин жолдорум Сенин мыйзамдарыңды аткарууга багыт алса кана!

    118:6 Анда мен Сенин осуяттарыңды карап, уят болбос элем.

    118:7 Мен Сенин адилет мыйзамдарыңды эйрөнүп, Сени таза жүрөгүм менен даңктар элем.

    118:8 Сенин көрсөтмөлөрүңдү сактайм, мени таптакыр таштап койбо.

    Теңирдин мыйзамына баш ийүү чечими

    118:9 Жаш жигит өз жолун канткенде таза сактап жүрө алат? өзүн Сенин сөзүң боюнча сактаганда гана.

    118:10 Сени бүт жүрөгүм менен издейм, өзүңдүн осуяттарыңдан четтеп кетүүмө жол бербе.

    118:11 Сенин алдыңда күнөө кылбаш үчүн, мен Сенин сөзүңдү жүрөгүмө катып алдым.

    118:12 Теңир, Сага даңк! Мага өз мыйзамдарыңды эйрөт.

    118:13 Сенин оозуңдан чыккан өкүмдөрүңдүн баарын өз оозум менен жар салдым.

    118:14 Мен Сенин осуяттарыңды аткарганда, ар кандай байлыкка кубангандардай кубанам.

    118:15 Сенин осуяттарың жөнүндө ойлоном, Сенин жолдоруңа назар салам.

    118:16 Сенин көрсөтмөлөрүң менен соороном, Сенин сөздөрүңдү эсимден чыгарбайм.

    Бакыт Теңирдин мыйзамында

    118:17 Сенин сөздөрүңдү сактап жашашым үчүн, өз кулуңа ырайымыңды көрсөт.

    118:18 Сенин мыйзамыңдын кереметтерин көрүшүм үчүн, менин көздөрүмдү ач.

    118:19 Мен жер үстүндө келгинмин, менден өзүңдүн осуяттарыңды жашырба.

    118:20 Ар убакта Сенин мыйзамдарыңды эңсегендиктен, жаным кыйналып бүттү.

    118:21 Сен текеберлерди, каргыш тийгендерди, өзүңдүн осуяттарыңдан баш тарткандарды моюн сундурдуң.

    118:22 Мени шылдың менен кордуктан куткар, анткени мен Сенин осуяттарыңды сактап жүрөм.

    118:23 Төрөлөр отуруп алып, мага каршы сүйлөшүп жатышат. Сенин кулуң болсо Сенин мыйзамдарың жөнүндө ойлонуп жатат.

    118:24 Сенин осуяттарың менин сооронучум, менин кеңешчилерим.

    Теңирдин мыйзамына баш ийүү чечими

    118:25 Жаным топуракка матырылды, мени өзүңдүн сөзүң менен тирилт.

    118:26 Мен өз жолдорум жөнүндө айтып бердим, Сен мени уктуң. Мага өзүңдүн мыйзамдарыңды эйрөт.

    118:27 Мага өзүңдүн буйруктарыңдын жолун түшүнүүгө акыл бер, ошондо мен Сенин кереметтериң жөнүндө ой жүгүртөм.

    118:28 Менин жаным кайгыдан алсырап бара жатат, мага өзүңдүн сөзүң менен күч бер.

    118:29 Мени жалган жолдон алыстат, мага өз мыйзамыңды бер.

    118:30 Мен чындык жолун тандап алдым, Сенин мыйзамдарыңды өзүмдүн алдыма койдум.

    118:31 Мен Сенин осуяттарыңа жабыштым, Теңир, мени уятка калтырба.

    118:32 Сен менин жүрөгүмдү кенен ачканда, мен Сенин осуяттарыңдын жолдору менен жүрөм.

    Теңирдин мыйзамына таянуу

    118:33 Мага өз мыйзамдарыңдын жолун көрсөт, Теңир, ошондо мен Сенин мыйзамдарыңды өмүрүмдүн аягына чейин сактайм.

    118:34 Мени акылга келтир, ошондо мен Сенин мыйзамыңды сактайм, аны бүт жүрөгүм менен аткарам.

    118:35 Мени осуяттарыңдын чыйыр жолуна сал, анткени мен ошол жолду каалайм.

    118:36 Менин жүрөгүмдү дүнүйөкордукка эмес, өзүңдүн осуяттарыңа бур.

    118:37 Курулай убаракерчиликтен көзүмдү бур. өз жолуңда жүрүүгө күч бер.

    118:38 Сенден коркушу үчүн, өз кулуңдун жүрөгүндө өз сөзүңдү бекемде.

    118:39 Мени өзүм коркуп жаткан кордуктан куткар, анткени Сенин өкүмдөрүң жакшы.

    118:40 Мына, Мен Сенин буйруктарыңды каалап жатам, мени өз чындыгың менен тирилт.

    Теңирдин мыйзамы менен сооронуу

    118:41 Теңир, мага өзүңдүн ырайымың, өзүңдүн сөзүң боюнча куткарууң келсин.

    118:42 Ошондо мен өзүмдү кордогонго жооп бере алам, анткени мен Сенин сөзүңө таянам.

    118:43 Чындык сөздөрүңдү менин оозумдан таптакыр алып салба, анткени мен Сенин адилет өкүмүңдү күтүп жатам.

    118:44 Сенин мыйзамыңды дайыма, түбөлүккө сактайм.

    118:45 үркин болом, анткени Сенин буйруктарыңды издедим.

    118:46 Сенин осуяттарың тууралуу падышалардын алдында айтам, уялбайм.

    118:47 өзүм сүйгөн Сенин осуяттарың менен соороном.

    118:48 Колдорумду өзүм сүйгөн Сенин осуяттарыңа сунам, Сенин мыйзамдарың жөнүндө ой жүгүртөм.

    Теңирдин мыйзамы менен сооронуу

    118:49 Кулуңа айткан өз сөзүңдү үсте, Сен ошол сөзүң аркылуу мага эмүт бергенсиң.

    118:50 Ал менин кыйынчылык учурундагы сооронучум, анткени Сенин сөзүң мени тирилтет.

    118:51 Текеберлер мени абдан шылдыңдашты, бирок мен Сенин мыйзамыңдан четтеген жокмун.

    118:52 Теңир, мен Сенин байыркы мыйзамдарыңды үстеп соороном.

    118:53 Сенин мыйзамыңды таштап салган кудайсыздарды көргөндө, эрөйүм учат.

    118:54 Мен жер кезген жерлерде Сенин мыйзамдарың менин ырым болду.

    118:55 Теңирим, түн ичинде да Сенин ысымыңды үстедим, Сенин мыйзамыңды сактадым.

    118:56 Ал меники болуп калды, анткени мен Сенин мыйзамдарыңды сактап жүрөм.

    Теңирдин мыйзамын берилгендик менен аткаруу

    118:57 «Теңирим, Сенин сөздөрүңдү аткаруу – менин энчим», – деп айттым.

    118:58 Мен Сага чын жүрөгүмдөн: «Мага өз сөзүң боюнча ырайым кыл», – деп сыйынгам.

    118:59 өз жолдорум жөнүндө ойлонуп, буттарымды Сенин осуяттарыңа бурдум.

    118:60 Сенин осуяттарыңды дароо аткарууга ашыктым.

    118:61 Кудайсыздар мага тор жайышты, бирок мен Сенин осуяттарыңды унуткан жокмун.

    118:62 Сени адилет өкүмдөрүң үчүн даңктоого түн ортосунда турчумун.

    118:63 Сенден корккондорго, Сенин буйруктарыңды аткаргандарга шерикмин.

    118:64 Жер бети Сенин ырайымыңа толгон, Теңирим. Мага өзүңдүн мыйзамдарыңды эйрөт.

    Теңирдин мыйзамынын баалуулугу

    118:65 Теңирим, өз сөзүң боюнча кулуңа жакшылык кылдың.

    118:66 Мени туура ой жүгүртүүгө эйрөт, туура түшүнүк бер, анткени мен Сенин осуяттарыңа ишенем.

    118:67 Азап тартканга чейин, мен адашып жүргөм, азыр болсо Сенин сөзүңдү сактап жүрөм.

    118:68 Сен жакшысың, жакшылык кыласың, мага өзүңдүн мыйзамдарыңды эйрөт.

    118:69 Текеберлер мен жөнүндө жалган ушак таратып жатышат, мен болсо Сенин буйруктарыңды чын жүрөгүмдөн аткарам.

    118:70 Алардын жүрөгүн май басты, мен болсо Сенин мыйзамың менен соороном.

    118:71 Сенин мыйзамдарыңды эйрөнүш үчүн, азап тартканым жакшы болду.

    118:72 Сенин оозуңдан чыккан мыйзам мен үчүн миңдеген алтындан да, күмүштөн да артык.

    Теңирдин мыйзамынын адилеттүүлүгү

    118:73 Мени Сенин колдоруң жаратты, мени Сенин колдоруң жасады. Мага акыл бер, ошондо мен Сенин осуяттарыңды эйрөнөм.

    118:74 Сенден корккондор Сенин сөзүңө таянганымды көрүп кубанышат.

    118:75 Теңир, Сенин өкүмдөрүң адилет экенин, мени адилеттик менен жазалаганыңды билем.

    118:76 Сенин ырайымың өз кулуңа айткан сөзүң боюнча менин сооронучум болсо экен.

    118:77 Мага боор оорусаң экен, ошондо мен жашайм, анткени Сенин мыйзамың менин сооронучум.

    118:78 Текеберлер уятка калышсын, анткени алар мени ак жерден кыйнап жатышат. Мен болсо Сенин буйруктарың жөнүндө ойлонуп жатам.

    118:79 Сенден корккондор, Сенин осуяттарыңды билгендер мага кайрылышсын.

    118:80 Уятка калбашым үчүн, жүрөгүм Сенин мыйзамдарың боюнча таза болсун.

    Куткаруусун сурап Кудайга сыйынуу

    118:81 Сенин куткарууңду күтө берип, жаным алсырап баратат. Бирок Сенин сөзүңө таянам.

    118:82 Сенин сөзүңдү күтө берип, көзүм талыды. «Мени качан сооротосуң?» – дейм.

    118:83 Мен ышталган чаначтай болуп калдым, бирок Сенин мыйзамдарыңды унуткан жокмун.

    118:84 Кулуң дагы канча күн күтсүн? Мени куугунтуктагандарды качан жазалайсың?

    118:85 Сенин мыйзамыңа каршы текеберлер мага ор казышты.

    118:86 Сенин осуяттарыңдын баары – чындык. Мени ак жерден куугунтуктап жатышат, мага жардам бер.

    118:87 Алар мени жер үстүнөн жок кылып коё жаздашты, бирок мен Сенин буйруктарыңды унуткан жокмун.

    118:88 Мени өзүңдүн ырайымың менен тирилт, ошондо мен Сенин оозуңдан чыккан буйруктарды аткарам.

    Теңирдин мыйзамына болгон ишеним

    118:89 Теңирим, Сенин сөзүң асманда түбөлүккө орногон.

    118:90 Сен түбөлүккө ишенимдүүсүң. Жерди Сен орноттуң, ал ошон үчүн турат.

    118:91 Бардыгы ушул убакка чейин Сенин мыйзамдарың боюнча турат, анткени баары Сага кызмат кылат.

    118:92 Сенин мыйзамың мага сооронуч болбогондо, мен кайгыдан өлүп калмакмын.

    118:93 Сенин буйруктарыңды түбөлүккө унутпайм, анткени Сен мени ошолор аркылуу тирилттиң.

    118:94 Мен Сеникимин, мени куткар, анткени мен Сенин буйруктарыңды издедим.

    118:95 Кудайсыздар мени өлтүрүш үчүн, аңдып жүрүшөт. Мен болсо Сенин осуяттарыңа көңүл коём.

    118:96 Мен ар кандай жеткилеңдиктин чегин көрдүм, бирок Сенин осуятыңдын чеги жок.

    Теңирдин мыйзамына болгон сүйүү

    118:97 Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм! Күнү бою ошол жөнүндө ойлоном.

    118:98 өз осуятың менен Сен мени душмандарымдан акылдуу кылдың, анткени ал дайыма мени менен.

    118:99 Устаттарымдын баарынан акылдуу болуп калдым, анткени мен Сенин осуяттарың жөнүндө ойлоном.

    118:100 Карыяларга караганда көптү билип калдым, анткени мен Сенин буйруктарыңды аткарып жүрөм.

    118:101 Сенин сөзүңдү сакташ үчүн, буттарымды ар кандай жаман жолдордон сактайм.

    118:102 Сенин мыйзамдарыңдан четтебейм, анткени Сен мени эйрөтүп жатасың.

    118:103 Сенин сөздөрүң менин таңдайымда кандай таттуу! Алар менин оозумда балдан да таттуу.

    118:104 Мен Сенин буйруктарың аркылуу акылыма келгем, ошондуктан ар кандай жалган жолду жек көрөм.

    Теңирдин мыйзамынын жарыгы

    118:105 Сенин сөзүң – бутума шам, жолума жарык.

    118:106 Мен Сенин адилет мыйзамдарыңды сактоону убада кылгам, ошондуктан аткарам.

    118:107 Теңир, мен абдан кыйналдым, мени өз сөзүң боюнча тирилт.

    118:108 Теңирим, менин оозумдан чыккан мактоо курмандыгын кабыл ал, мага өзүңдүн мыйзамыңды эйрөт.

    118:109 Менин жаным ар дайым коркунучта, бирок Сенин мыйзамыңды унутпайм.

    118:110 Кудайсыздар мага тор жайышты, бирок мен Сенин буйруктарыңдан четтеген жокмун.

    118:111 Сенин осуяттарыңды түбөлүк мурас катары кабыл алдым, анткени алар – менин жүрөгүмдүн кубанычы.

    118:112 Мен жүрөгүмдү Сенин буйруктарыңды дайыма, өмүрүмдүн акырына чейин аткарууга бурдум.

    Теңирдин мыйзамы – коопсуздук

    118:113 Жаман ойлуу адамдарды жек көрөм, ал эми Сенин мыйзамыңды сүйөм.

    118:114 Сен менин баш калкалар жайымсың, калканымсың. Сенин сөзүңө таянам.

    118:115 Мыйзамсыздар, мага жолобогула, мен өзүмдүн Кудайымдын осуяттарын аткарам.

    118:116 Жашашым үчүн, мага өз сөзүң боюнча күч бер. Ємүттөнгөнүм үчүн, мени уятка калтырба.

    118:117 Мени колдо, ошондо мен куткарылам. Сенин мыйзамдарыңа дайыма көңүл коём.

    118:118 Мыйзамдарыңдан четтегендердин баарын Сен кулатасың, анткени алардын куулугунан үч нерсе чыкпайт.

    118:119 Жер үстүндөгү кудайсыз адамдардын баарын Сен күлдөй сапырасың, ошондуктан мен Сенин осуяттарыңды сүйөм.

    118:120 Сенин коркунучуңдан денем титирейт, мен Сенин жазаларыңдан корком.

    Теңирдин мыйзамына болгон тил алчаактык

    118:121 Мен баарын адилеттик жана чындык боюнча кылдым, мени куугунтуктоочуларымдын колуна салып бербе.

    118:122 өз кулуңа болуш, текеберлер эзбесин.

    118:123 Сенин куткарууңду жана акыйкат сөздөрүңдү күтө берип көзүм талыды.

    118:124 өз кулуңа өз ырайымың боюнча ырайым кыл, мага өз мыйзамдарыңды эйрөт.

    118:125 Мен Сенин кулуңмун, мага акыл бер, ошондо мен Сенин осуяттарыңды түшүнөм.

    118:126 Теңирдин чара көрө турган убакыты келди, анткени Сенин мыйзамыңды бузушту.

    118:127 Мен болсо Сенин осуяттарыңды алтындан да, таза алтындан да жакшы көрөм.

    118:128 Сенин буйруктарыңдын баарын адилеттүү деп эсептейм, жалган жолдорду жек көрөм.

    Теңирдин мыйзамына баш ийүүгө болгон каалоо

    118:129 Сенин осуяттарың кереметтүү, ошондуктан алар менин жүрөгүмдө сакталуу.

    118:130 Сенин сөздөрүңдөн алган ачылыш көздү ачат, жөнөкөйлөргө акыл берет.

    118:131 Мен оозумду ачып акактап жатам, анткени Сенин осуяттарыңды эңсеп турам.

    118:132 Ысымыңды сүйгөндөргө кандай назар салып, ырайым кылсаң, мага да ошондой кыл.

    118:133 Буттарымды Сенин сөздөрүң менен жүргүдөй кылып бекемде, үч бир мыйзамсыз иштин мени бийлеп алуусуна жол бербе.

    118:134 Мени адамдын эзүүсүнөн куткар, ошондо Сенин буйруктарыңды аткарам.

    118:135 өз кулуңду өз жүзүң менен жарык кыл, мага өзүңдүн мыйзамдарыңды эйрөт.

    118:136 Сенин мыйзамыңды сактабай жатышкандыктан, көзүмдүн жашы көл болду.

    Теңирдин мыйзамынын адилеттүүлүгү

    118:137 Сен адилетсиң, Теңирим, Сенин мыйзамдарың да адилет.

    118:138 Осуят кылган көрсөтмөлөрүң адилет, туптуура.

    118:139 Мени кызганыч жеп жатат, анткени менин душмандарым Сенин сөздөрүңдү унутуп коюшту.

    118:140 Сенин сөзүң абдан таза, Сенин кулуң аны сүйөт.

    118:141 Мен кичинекей, жек көрүндү адаммын, бирок Сенин буйруктарыңды унуткан жокмун.

    118:142 Сенин адилеттигиң түбөлүктүү, Сенин мыйзамың – чындык.

    118:143 Башыма кыйынчылык түшүп, азап тартып жатам, бирок Сенин осуяттарың – менин сооронучум.

    118:144 Сенин көрсөтмөлөрүң түбөлүккө адилеттүү. Мени акылыма келтир, ошондо мен жашайм.

    Куткаруусун сурап Кудайга сыйынуу

    118:145 Сени чын жүрөгүмдөн чакырам, Теңирим, мени ук, ошондо мен Сенин мыйзамдарыңды сактайм.

    118:146 Сени чакырам, мени куткар, ошондо Сенин осуяттарыңды сактайм.

    118:147 Таң заардан Сени чакырам. Сенин сөзүңө таянам.

    118:148 Сенин сөзүңдү терең түшүнүш үчүн, түнү менен кирпик какпай чыгам.

    118:149 өзүңдүн ырайымың боюнча менин үнүмдү ук, Теңирим. өз адилеттигиң боюнча мени тирилт.

    118:150 Жамандык ойлогондор мага жакындап калышты, алар Сенин мыйзамыңдан алыс.

    118:151 Сен жакынсың, Теңирим, Сенин осуяттарыңдын баары – чындык.

    118:152 өзүңдүн осуяттарыңды түбөлүккө орнотконуңду мен мурунтан эле билем.

    Куткаруусун сурап Кудайга жалынуу

    118:153 Менин азап тартып жатканыма назарыңды салып, мени куткар, анткени мен Сенин мыйзамыңды унуткан жокмун.

    118:154 Менин ишиме киришип, мени корго. Мени өз сөзүң боюнча тирилт.

    118:155 Куткарылуу кудайсыздардан алыс, анткени алар Сенин мыйзамдарыңды издешпейт.

    118:156 Сенин боорукердигиң чексиз, Теңирим. Мени өз адилеттигиң боюнча тирилт.

    118:157 Мени куугунтуктагандар, душмандарым көп, бирок мен Сенин осуяттарыңдан четтеген жокмун.

    118:158 Сенин сөзүңдөн четтегендерди көрүп капа болом, анткени алар Сенин сөзүңдү сакташкан жок.

    118:159 Сенин буйруктарыңды кандай сүйөрүмдү көр. өзүңдүн ырайымың боюнча мени тирилт.

    118:160 Сенин сөзүңдүн негизи – чындык, Сенин ар бир адилет өкүмүң түбөлүктүү.

    Теңирдин мыйзамын берилгендик менен аткаруу

    118:161 Төрөлөр мени себепсиз куугунтуктап жатышат, бирок менин жүрөгүм Сенин сөзүңдөн коркот.

    118:162 өтө чоң олжого эү болгондой, Сенин сөзүңө кубанам.

    118:163 Жалганчылыкты жек көрөм, андан жийиркенем, Сенин мыйзамыңды болсо сүйөм.

    118:164 Адилет өкүмдөрүң үчүн Сени бир күндө жети жолу даңктайм.

    118:165 Сенин мыйзамыңды сүйгөндөрдүн тынчтыгы зор, аларга бөгөт жок.

    118:166 Сенин жардамыңа таянам, Теңирим, Сенин осуяттарыңды аткарам.

    118:167 Сенин осуяттарың менин жүрөгүмдө сакталуу, мен аларды абдан сүйөм.

    118:168 Сенин буйруктарың менен осуяттарыңды аткарам, анткени менин бардык жолум Сенин алдыңда.

    Кудайдан жардам сурап сыйынуу

    118:169 Менин зар-муңум Сага жетсин, Теңирим. өз сөзүң боюнча мага акыл бер.

    118:170 Менин жалынуум Сенин алдыңа келсин. өзүңдүн сөзүң боюнча мени куткар.

    118:171 Сен мага өзүңдүн мыйзамдарыңды эйрөткөндө, менин оозумдан Сени мактаган сөздөр чыгат.

    118:172 Менин тилим Сенин сөзүңдү жарыя кылат, анткени Сенин осуяттарыңдын баары адилет.

    118:173 Сенин колуң мага жардам берүүгө даяр болсун, анткени мен Сенин буйруктарыңды тандап алдым.

    118:174 Сенин жардамыңды зарыгып күтүп жатам, Теңирим, Сенин мыйзамың – менин сооронучум.

    118:175 Менин жаным жашасын, Сени даңктасын, Сенин адилеттигиң мага жардам берсин.

    118:176 Мен жоголгон койдой адашып калдым. өз кулуңду издеп тап, анткени мен Сенин осуяттарыңды унуткан жокмун.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск