Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 117

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    117-ЗАБУР

    Жеңиш бергени үчүн Теңирге ыраазычылык билдирүү

    117:1 Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    117:2 Ысрайыл тукуму: «Анын ырайымы түбөлүктүү», – десин.

    117:3 Арундун тукуму: «Анын ырайымы түбөлүктүү», – десин.

    117:4 Теңирден корккондор: «Анын ырайымы түбөлүктүү», – дешсин.

    117:5 Кысталышта калганда, Теңирди чакырдым, Ал угуп, мени кенен жерге алып чыкты.

    117:6 Теңир мени менен, мен коркпойм: адам мага эмне кыла алат?

    117:7 Теңир менин жардам берүүчүм: душмандарымды жалтанбай карайм.

    117:8 Адамдан эмүттөнгөндөн көрө, Теңирге таянган жакшы.

    117:9 Төрөлөрдөн эмүттөнгөндөн көрө, Теңирге таянган жакшы.

    117:10 Бардык элдер мени курчап алышты, бирок мен аларды Теңирдин ысымы менен талкаладым.

    117:11 Мени тегеректеп курчап алышты, бирок мен аларды Теңирдин ысымы менен талкаладым.

    117:12 Алар мени аарыдай курчап алышты, бирок алар тикенек күйүп өчкөндөй өчүштү, мен аларды Теңирдин ысымы менен талкаладым.

    117:13 Алар мени жыгыш үчүн, катуу түртүштү, бирок Теңир мага жардам берди.

    117:14 Теңир менин күчүм жана ырым. Ал менин куткарылуум болуп калды.

    117:15 Куткарылуунун жана кубанычтын үнү адил адамдардын үйүндө: Теңирдин оң колу күчүн көрсөттү.

    117:16 Теңирдин оң колу бийик, Теңирдин оң колу күчүн көрсөттү.

    117:17 Мен өлбөйм, жашай берем, Теңирдин иштерин жарыя кыла берем.

    117:18 Теңир мени катуу жазалады, бирок өлүмгө кыйган жок.

    117:19 Мага чындыктын дарбазаларын ачкыла. Мен алар аркылуу кирип, Теңирди даңктайм.

    117:20 Бул дарбазалар Теңирдики. Адил адамдар алар аркылуу киришет.

    117:21 Мени угуп куткарганың үчүн, Сени даңктайм.

    117:22 Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды.

    117:23 Бул Теңирден, бул биз үчүн таң каларлык.

    117:24 Бул күндү Кудай жараткан: бул күнү кубаналы, көңүлүбүздү көтөрөлү!

    117:25 Оо Теңир, куткара көр! Оо Теңир, бизге ийгилик бере көр!

    117:26 Теңирдин атынан келе жаткан бактылуу! Силерге Теңирдин үйүнөн бата беребиз.

    117:27 Кудай – Теңир, Ал бизге жарыгын чачты. Курмандыкты курмандык чалынуучу жайдын мүйүзүнө байлагыла.

    117:28 Сен менин Кудайымсың, мен Сени даңктайм. Сен менин Кудайымсың, мен Сени даңазалайм.

    117:29 Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск