Кудайсыздардан коргоосун сурап Кудайга жалынуу
139:1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
139:2 Оо Теңир, мени жаман адамдан куткар, мени кысымга алган адамдан сакта.
139:3 Алар жүрөгүндө жамандык ойлоп, күн сайын согушууга даяр турушат.
139:4 Тилдерин жыландай соймоңдотушат, ооздорунда жыландын уусу бар.
139:5 Оо Теңир, мени кудайсыздын колунан сакта, кысымга алган адамдан сакта, алар мени жыкканы жатышат.
139:6 Текеберлер мага жашыруун тузак тартып, сыйыртмак салышты, жолума тор жайышты, капкан коюшту.
139:7 Мен Теңирге мындай дедим: «Сен менин Кудайымсың. Менин жалынган үнүмдү ук, Теңирим!»
139:8 Теңир, Теңир, менин куткаруучу күчүм! Согушта Сен башымды калкаладың.
139:9 Теңир, текеберленбеши үчүн, кудайсыздарды тилегине жеткирбе, алардын жаман ойлорун ишке ашырба.
139:10 Мени курчагандардын ооздорунан чыккан жамандык өз баштарына тийсин.
139:11 Аларга чок жаасын. Алар отко ыргытылсын, турбас болуп туңгуюкка ыргытылсын.
139:12 Тили заар адам жер үстүндө тамыр жайбасын, кысым кылгандын кыянаттыгы өзүн өлүмгө тартып кетсин.
139:13 Теңир эзилгендерге адил өкүм чыгарарын, жардыларга адилеттик кыларын билем.
139:14 Адил адамдар Сенин ысымыңды даңкташат, адилет адамдар Сенин алдыңда жашашат.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК