Кудайдан жардам сурап сыйынуу
141:1 Дөөттүн эйрөтүүсү. Анын үңкүрдө жаткандагы сыйынуусу. Yнүмдү чыгарып, Теңирди чакырдым; үнүмдү чыгарып, Теңирге сыйындым.
141:2 Анын алдына жалынуумду төктүм, Ага зар-муңумду ачтым.
141:3 Рухум алсырап калганда, Сен менин жолумду билгенсиң. Алар мен жүргөн жолго торлорун жашыруун жайышты.
141:4 Оң жагымды карасам, үч ким мени тааныбайт, мен үчүн баш калкалар жер жок, үч ким менин жаным үчүн кам көрбөйт.
141:5 Теңир, мен Сени чакырдым, мен Сага мындай деп кайрылдым: «Сен менин баш калкалар жайымсың, тирүүлөр жашаган жерде менин элүшүмсүң».
141:6 Менин зар-муңума кулак сал, анткени мен аябай алсырап калдым. Мени куугунтукка алгандардан куткар, анткени алар менден күчтүүрөөк.
141:7 Жанымды капастан чыгар, Сенин ысымыңды даңктайын. Мага жакшылык кылсаң, тегерегиме адил адамдар чогулат.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК