Ырайым кылуусун сурап Кудайга сыйынуу
142:1 Дөөттүн забуру. Теңир! Менин сыйынуумду ук, өз ишенимдүүлүгүң боюнча менин жалынуума кулак сал, мага өз адилеттигиң менен жооп бер.
142:2 өз кулуң менен соттошпо, анткени Сенин алдыңда бир да тирүү жан актала албайт.
142:3 Душман мени аңдып жүрөт, өмүрүмдү жерге тепсеп, небак өлгөн кишидей караңгылыкта жашоого мажбур кылды.
142:4 Ошондо ындыным өчүп калды, жүрөгүм сенейип катып калды.
142:5 Байыркы күндөрдү үстеп, Сенин бардык иштериң жөнүндө ойлоном, колуңдун иштери жөнүндө ой жүгүртөм.
142:6 Сага колумду сунам; сууга чаңкаган жердей болуп, жаным Сага тартылат.
142:7 Мени тезирүүк ук, Теңирим, рухум алсырап бара жатат. Менден жүзүңдү жашырба, көрдө жаткандарга окшоп калбайын.
142:8 Сенин ырайымыңды эртерүүк угайын, анткени мен Сага таянам. Мага жүрө турган жолумду көрсөт, анткени жанымды Сенин алдыңа алып келем.
142:9 Теңирим, мени душмандарымдан куткар, Сага корголойм.
142:10 Мага өзүңдүн эркиңди аткарууну эйрөт, анткени Сен менин Кудайымсың. Сенин жакшы Рухуң мени чындык өкүм сүргөн жерге алып барсын.
142:11 Теңирим, мени өз ысымың үчүн тирилт, өз чындыгың үчүн жанымды мүшкүлдөн куткар.
142:12 өз ырайымың менен душмандарымды жок кыл, жанымды жабыр тарттыргандардын баарын жок кыл, анткени мен Сенин кулуңмун.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК