Дөөттүн таянуусу
26:1 Дөөттүн забуру. Теңир менин жарыгым, менин куткаруучум: кимден коркмок элем? Теңир – менин өмүрүмдүн тиреги: кимден эрөйүм учмак эле?
26:2 үгерде кара ниет адамдар, жоолорум, кас душмандарым менин этимди тытып жеш үчүн, мага кол сала турган болсо, анда алар өздөрү чалынып жыгылышат.
26:3 Мага кошуун каршы чыкса да, менин жүрөгүм коркпойт. Мага каршы согуш чыкса да, Кудайга таянам.
26:4 Теңирден мен бир гана нерсени сурадым, ошону гана издеп келем: өмүр бою Теңирдин үйүндө болгум келет, Теңирдин сулуулугун көргүм келет, Анын ийбадатканасына барып тургум келет.
26:5 Анткени башыма мүшкүл түшкөн күнү Ал мени чатырына жашырат, өзүнүн турагынын жашыруун жерине жашырып коёт, мени аскага чыгарып жиберет.
26:6 Ошондо менин башым мени курчаган душмандардан жогору көтөрүлөт, мен Анын жыйын чатырына даңктоо курмандыгын алып келем, Теңирди даңазалап ырдайм.
26:7 Теңир, Сени чакырган үнүмдү ук. Мага ырайым кыл, кулак сал.
26:8 Жүрөгүм Сенин атыңдан: «Менин жүзүмдү издегиле», – деп жатат. Ошондуктан Сенин жүзүңдү издейм, Теңир.
26:9 Менден жүзүңдү жашырба, ачууланып, кулуңдан баш тартпа. Менин жардам берүүчүм элең, мени четке какпа, мени таштаба, Кудайым, менин Куткаруучум!
26:10 Анткени мени атам да, энем да таштап кетти, бирок Теңир мени кабыл алат.
26:11 Теңир, мага өзүңдүн жолуңда жүргөндү эйрөт, душмандарым үчүн мени чындык жолуна сал.
26:12 Мени душмандарымдын колуна салып бербе, анткени мага жалган күбөлөр каршы чыгып, жек көрүп жатышат.
26:13 Бирок мен Теңирдин кең пейилдигин тирүүлөрдүн жеринде көрөрүмө ишенем.
26:14 Теңирден эмүттөн, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун, Теңирден эмүттөн.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК