Коргоосун сурап Кудайга сыйынуу
25:1 Дөөттүн забуру. Оо Теңир, мага калыстык кыл, анткени мен айыпсызмын. Сага таянам, солк этпейм.
25:2 Мени текшерип көр, сынап көр, Теңир. Менин ички дүйнөмдү, жүрөгүмдү эрит.
25:3 Анткени Сенин ырайымың менин көз алдымда, ошондуктан мен Сенин чындыгың боюнча жүрдүм.
25:4 Жалганчы адамдар менен бирге отурган жокмун, эки жүздүүлөр менен бирге жүргөн жокмун.
25:5 Кара ниет адамдардын тобун жек көрөм, кудайсыздар менен бирге отурбайм.
25:6 Мен өзүмдүн айыпсыздыгым менен колдорумду жууйм, Сенин курмандык чалынуучу жайыңды айланып өтүп,
25:7 Сени даңктайм, Теңирим. Сенин кереметтүү иштериңди жарыя кылам.
25:8 Теңирим! Мен Сенин үйүңдү жана Сенин даңкың турган жерди сүйөм.
25:9 Менин жанымды күнөөкөрлөр менен бирге, өмүрүмдү кан ичкичтер менен бирге кыйратпа.
25:10 Алардын колдорунда кыянаттык, алардын оң колу парага толгон.
25:11 Мен болсо айыпсызмын, мени куткар, мага ырайым кыл.
25:12 Менин бутум түз жолдо турат. Жыйындарда Теңирди даңктайм.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК