Кудайсыздын мыйзамсыздыгы
35:1 Ырчылар тобунун башчысына. Теңирдин кулу Дөөттүн забуру.
35:2 Кудайсыздын мыйзамсыздыгын көрүп, ичимен: «Анын көздөрүндө Кудайдан коркуу деген жок», – дедим.
35:3 Анткени ал өзүнүн мыйзамсыздыгын жек көргөндөй, аны мойнуна алгысы келгендей түр көрсөтөт.
35:4 Анын оозунан чыккан сөздөр – жалган жана амалкөйлүк. Ал акылына келгиси келбейт, жакшылык кылгысы келбейт.
35:5 Ал төшөгүндө жатып да жамандык ойлойт, жаман ишке барат, мыйзамсыздык кылуудан жийиркенбейт.
Кудайдын ырайымы
35:6 Теңир! Сенин ырайымың асманга чейин жетет, Сенин ишенимдүүлүгүң булуттарга чейин жетет!
35:7 Сенин адилеттигиң улуу тоолордой, чечимдериң – түпсүз тереңдик. Адамдарды да, жаныбарларды да сактап турган бир өзүңсүң, Теңир!
35:8 Ырайымың кандай кымбат, Кудайым! Адам баласы Сенин канаттарыңдын далдаасынан баш паанек табат.
35:9 Алар Сенин үйүңдөгү майларга тоюшат, аларды өзүңдүн таттуу сууларыңа кандырасың.
35:10 Анткени өмүрдүн булагы Сенде. Биз Сенин жарыгыңдан жарык көрүп турабыз.
35:11 Сени билгендерге өзүңдүн ырайымыңды, жүрөгү тазаларга өз адилеттигиңди көрсөтө бер.
35:12 Мени текебердин буту тебелебесин, күнөөкөрдүн колуна түшпөйүн.
35:13 Ал жерде мыйзамсыздык кылгандар кулап түшүштү, алар эми кайра тура алышпайт!
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК