Падышанын келиши жана Анын Колуктусу жөнүндө
44:1 Ырчылар тобунун башчысына. Шошаним күү аспабы менен. Корактын уулдарынын эйрөтүүсү. Сүйүү ыры.
44:2 Жүрөгүмдөн жакшы сөз төгүлдү. «Менин ырым Падыша жөнүндө. Тилим – тез жазуучунун калеми».
44:3 Сен адам баласынын эң сулуусусуң. Сенин оозуңдан ырайым төгүлүп турат, ошондуктан Кудай Сага түбөлүк батасын берген.
44:4 өз кылычыңды белиңе байла, Кудуреттүүм, даңкың менен, сулуулугуң менен курчан.
44:5 өзүңдүн ушул жасалгаң менен шашыл, чындык, момундук жана адилеттик үчүн өз арабаңа отур. Ошондо оң колуң өзүңө кереметтүү иштерди көрсөтөт.
44:6 Сенин жебелериң курч. элдер Сенин алдыңа жыгылышат. Жебелер Падыша душмандарынын жүрөктөрүн тешип өтөт.
44:7 Кудайым, Сенин тактың түбөлүктүү. Адилеттик таягың – падышачылык бийлигиңдин таягы.
44:8 Сен чындыкты сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көрдүң, ошондуктан Кудай, Сенин Кудайың, жолдошторуңа караганда Сени кубаныч майы менен көбүрөөк майлаган.
44:9 Бүт кийимиң мирра, алой, касия жыттанат. Пил сөөгүнөн жасалган ак сарайларда лира чертип, Сенин көңүлүңдү ачышат.
44:10 Падышалардын кыздары Сенин ардактуу меймандарыңдын арасында. Сенин оң жагыңда Опир алтынынан кийим кийген ханыша турат.
44:11 Ук, бийкеч, кара, кулак сал, өз элиңди, атаңдын үйүн унут.
44:12 Падыша сенин сулуулугуңду көргүсү келет, анткени Ал сенин Теңириң, сен да Ага таазим кыл.
44:13 Тирдин кызы да белектери менен, элдин эң байлары да тартуулары менен Сага таазим кылышат.
44:14 Падыша кызынын бүт даңкы өзүнүн ичинде. Кыздын кийимдери чылк алтындан тигилген.
44:15 Түркүн түстүү кийим кийген аны Падышага алып келишет, артынан курбу кыздарын алып келишет.
44:16 Аларды кубаныч менен, салтанат менен алып келишет да, Падышанын сарайына киргизишет.
44:17 Сенин ата-бабаларыңдын ордунда уулдарың болот. Аларды Сен бүт жер жүзүнө төрө кылып коёсуң.
44:18 Сенин ысымыңды укумдан-тукумга өчпөс кылам, ошондуктан элдер Сени кылымдан кылымга даңкташат.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК