Сион – Кудайдын шаары
47:1 Ыр. Забур. Корактын уулдарыныкы.
47:2 Теңир биздин Кудайыбыздын шаарында, өзүнүн ыйык тоосунда улуу, түбөлүк даңктоого татыктуу.
47:3 Сион тоосу – эң сонун бийиктик, бүт жер жүзүнүн кубанычы. Анын түндүк тарабында улуу Падышанын шаары жайгашкан.
47:4 Кудай анын сарайларында тирек катары белгилүү.
47:5 Падышалардын баары чогулуп, согушка аттанышты.
47:6 Бирок алар бул шаарды көргөндө, коркуп кетишти, эрөйлөрү учуп, артка качышты.
47:7 Аларды коркунуч каптады, толгоо тарткан аялдай кыйналышты.
47:8 Сен чыгыш шамалы менен Таршыш кемелерин кыйраттың.
47:9 Биз Себайот Теңирдин шаарында, биздин Кудайдын шаарында, эмнени уксак, азыр ошону көрдүк. Кудай аны түбөлүккө бекемдейт.
47:10 Кудай, биз Сенин ийбадатканаңдын ичинде Сенин ырайымың жөнүндө ойлондук.
47:11 Кудай, Сенин ысымың сыяктуу эле даңкың да төгөрөктүн төрт бурчуна жетет. Сенин оң колуң адилеттикке толгон.
47:12 Сион тоосу шаттансын, Теңир, туура өкүмдөрүң үчүн Жүйүт кыздары кубанышсын.
47:13 Сион тоосун тегеректеп, аны айланып чыккыла. Анын мунараларын санап чыккыла.
47:14 өз жүрөгүңөрдү анын чептерине бургула. Келечек муунга айтып бериш үчүн, анын эй-жайларын карап чыккыла.
47:15 Анткени бул Кудай биздин түбөлүк Кудайыбыз. Ал биз өлгөнгө чейин да жол башчыбыз болот.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК