Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 48

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    48-ЗАБУР

    Байлыкка таянгандардын акылсыздыгы

    48:1 Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Забур.

    48:2 Бардык элдер, муну уккула. Бүт ааламда жашап жаткандар, буга кулак салгыла.

    48:3 Карапайымдар да, атактуулар да, байлар да, жакырлар да – баарыңар уккула.

    48:4 Менин оозум акылдуу сөздөрдү сүйлөйт, жүрөгүмдүн ойлогону – билим.

    48:5 Кулагымды накыл сөзгө бурам. Гусли чертип, табышмагымды ачам:

    48:6 «Башыма кыйынчылык түшкөн күндөрү, душмандарымдын мыйзамсыздыгы мени курчап алганда, эмне үчүн коркушум керек?»

    48:7 өз күчүнө ишенгендер жана көп байлыгы менен мактангандар!

    48:8 Адам өз бир тууганын үч куткара албайт, аны куткарып алуу үчүн, Кудайга кун төлөй албайт.

    9-10 Алардын жанын куткарып алуу баасы өтө кымбат. Адам түбөлүк жашаш үчүн жана мүрзөнү көрбөш үчүн, үч качан үч кандай кун төлөй албайт.

    48:11 Акылдуу адамдар акылсыз адамдар сыяктуу эле өлүп жатышканы, эси жоктор өлүп, дүнүйөлөрүн башкаларга калтырып жатышканы ар бир эле адамга айкын.

    48:12 Алардын ою боюнча үйлөрү түбөлүк турат, эй-жайлары укумдан-тукумга калат, ошондуктан жерлерин өздөрүнүн ысымдары менен аташат.

    48:13 Бирок адамдын атак-даңкы түбөлүктүү эмес, анткени адам өлө турган жаныбарларга эле окшош.

    48:14 Алардын бул жолу – акылсыздык, аларды жолдогондор болсо алардын ойлорун туура көрүшөт.

    48:15 Аларды койлор сыяктуу өлгөндөр жаткан жайга камашат. Аларды өлүм кайтарат, эртең менен адил адамдар алардын үстүнөн бийлик жүргүзүшөт. Алардын күчү жок болот, алардын турагы – мүрзө.

    48:16 Бирок Кудай мени кабыл алып, жанымды өлгөндөр жаткан жайдын бийлигинен куткарат.

    48:17 Адам байый баштаганда, анын үйүнүн атак-даңкы арта баштаганда, коркпо.

    48:18 Анткени ал өлүп бара жатканда, үч нерсени ала кетпейт. Атак-даңкы артынан кетпейт.

    48:19 Ал тирүү кезинде өз жанын кадырлап-кастарласа да, өзүн өзү камсыз кылганы үчүн адамдар аны макташса да,

    48:20 ал өзүнүн ата-бабаларынын артынан барат, алар үч убакта жарыкты көрүшпөйт.

    48:21 Атак-даңктуу, бирок акылсыз адам өлө турган жаныбарларга эле окшош.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск