Кудайдын соту жана ырайымы
51:1 Ырчылар тобунун башчысына.
51:2 үдомдук Дойек Шабулга келип: «Дөөт Акимелектин үйүнө келди», – деп билдиргенден кийинки Дөөттүн эйрөтүүсү.
51:3 Зулум адам, эмнеге сен кыянат ишиң менен мактанып жатасың? Кудайдын ырайымы дайыма мени менен.
51:4 Тилиң өлүмдү тилеп жатат, жаман ойлуу, сенин тилиң курч устарадай.
51:5 Сен жакшылык кылганга караганда, жамандык кылганды жакшы көрөсүң, чындыкка караганда калп айтканды жакшы көрөсүң.
51:6 Адамды өлтүрө турган ар кандай сөздөрдү, жалган сүйлөгөндү жакшы көрөсүң.
51:7 Ошон үчүн Кудай сени таптакыр кыйратат, сени өзүңдүн турак-жайыңдан, тамырыңды тирүүлөр жашаган жерден сууруп алып ыргытат.
51:8 Адил адамдар көрүп коркуп калышат. Сага күлүп, мындай дешет:
51:9 «Мына бул адам Кудайга таянган эмес, тескерисинче, байлыгынын молдугуна таянган, кыянат иштери менен күч алган».
51:10 Мен болсо Кудайдын үйүндөгү көгөрүп турган зайтун дарагындаймын. Кудайдын ырайымына ар дайым таянам.
51:11 Кылган иштериң үчүн мен Сени түбөлүккө даңктайм жана Сенин ысымыңа таянам, анткени ыйыктарыңдын алдында Сенин ысымың жакшы.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК