Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 58

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    58-ЗАБУР

    Куткаруусун сурап Кудайга сыйынуу

    58:1 Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Шабул Дөөттү өлтүрүү үчүн, үйүн кароолго алган учурда Дөөттүн жазган жазуусу.

    58:2 Оо Кудай! Мени душмандарымдан куткар, мага каршы чыккандардан корго!

    58:3 Мени мыйзамсыз иш кылгандардан куткар, канкорлордон сакта.

    58:4 Анткени, мына, алар мени өлтүргүсү келип аңдып жүрүшөт, зулумдар мага каршы топтолуп жатышат. Бул менин кылмышым үчүн эмес, менин күнөөм үчүн эмес, Теңир.

    58:5 Мен күнөөсүз болсом деле топтошуп, куралданып жатышат. Мага жардам берүүгө кел, назарыңды сал.

    58:6 Сен, Теңир, Себайот Кудайсың, Ысрайылдын Кудайысың, бардык элдерди жазалоого аттан, мыйзамсыз иш кылган кудайсыздардын бирин да аяба.

    58:7 Кечинде алар кайрадан келишет, иттердей улуп, шаарды тегеренип жүрүшөт.

    58:8 Мына, алар оозу менен жаман сөздөрдү кусуп жатышат, алардын оозунда кылычтары бар. Алар: «Ким укмак эле?» – деп ойлошот.

    58:9 Бирок Сен, Теңир, аларды күлкү кыласың, ал элдердин баарын уят кыласың.

    58:10 Алардын күчү бар, бирок мен өзүңө чуркайм, анткени Кудай менин тирегим.

    58:11 Мага ырайым көрсөткөн Кудай мени алдыман тосуп чыгат. Кудай мени душмандарымды коркпой карагыдай кылат.

    58:12 үлим унутуп калбашы үчүн, аларды өлтүрбө. Аларды өз күчүң менен таркатып жибер, аларды кулат, Теңир, биздин калканыбыз.

    58:13 Алар тилдеринин күнөөсү үчүн, ооздорунан чыккан сөздөрү үчүн, өздөрүнүн текебердиги менен берген анты үчүн, айткан калпы үчүн колго түшүшсүн.

    58:14 Каарың менен чачып жибер, аларды чачып жибер, алар жок болушсун. Кудай Жакыптын үстүнөн бийлик жүргүзөрүн төгөрөктүн төрт бурчу билсин.

    58:15 Алар кечинде кайрылып келип, иттердей улуп, шаарды тегеренип жүрүшсүн.

    58:16 Тамак издеп тентип жүрүшсүн, түндөрдү ачка өткөрүшсүн.

    58:17 Мен болсо Сенин кудуретиңди мактап ырдайм, Сенин ырайымыңды таң азандан жар салам, анткени башыма кыйынчылык түшкөн күнү Сен мага тирек, баш калкалар жай болдуң.

    58:18 Менин Күчүм! Сени даңктап ырдайм, анткени Кудай менин тирегим, мага ырайым кылган Кудайым.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск