Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 59

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    59-ЗАБУР

    Ысрайылды куткаруусун сурап Кудайга сыйынуу

    59:1 Ырчылар тобунун башчысына. Шушан-үдут күү аспабы менен. Yйрөнүү үчүн Дөөттүн жазуусу.

    59:2 Дөөттүн месопотамиялык Сирия жана собалык Сирия менен согушкандагы, Жойап кайрылып келе жатып, Туздуу өрөөнүндө он эки миң эдомдукту кыйратканда жазган жазуусу.

    59:3 Оо Кудай! Сен бизди четке кактың, бизди талкаладың, бизге каардандың. эми бизди кайра тургуз.

    59:4 Сен жерди титиретип, жарака кетирдиң. Анын бузулган жерлерин айыктыр, анткени ал титиреп жатат.

    59:5 Сен өз элиңдин башынан оор күндөрдү өткөрүүсүнө жол бердиң, бизди баш айланта турган шарабыңа тойгуздуң.

    59:6 Кудайдан корккондорго тууңду бер, алар аны чындык үчүн көтөрсүн.

    59:7 Сенин жакшы көргөндөрүң куткарылсын. Мени өзүңдүн оң колуң менен куткар, мени ук.

    59:8 Кудай өзүнүн ыйык жайында мындай деди: «Жеңишке жетем, Шекемди бөлөм, Сукот өрөөнүн өлчөйм.

    59:9 Гилат да, Менаше да Меники, эпрайым – Менин башымдагы туулга, Жүйүт Менин бийлик таягым.

    59:10 Маап Менин жууна турган чылапчыным. эдомго өтүгүмдү сунам. Пелишти жерин жеңип, салтанат менен чыгам!»

    59:11 Ким мени бекем чептүү шаарга киргизет? Ким мени эдомго жеткирет?

    59:12 Кудайым, Сен бизди таштап койдуңбу? Кудайым, биздин аскерлер менен согушка чыкпайсыңбы?

    59:13 Бизге кысталышта жардам бер, анткени адамдын жардамы – курулай убаракерчилик.

    59:14 Кудай менен күчтүүбүз, Ал душмандарыбызды кулатат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск