Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 65

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    65-ЗАБУР

    Кудайга ыраазычылык билдирүү жана Аны даңктоо

    65:1 Ырчылар тобунун башчысына. Ыр. Забур. Бүт жер жүзү, Кудайды даңазала!

    65:2 Анын ысымын даңктап ырда, Аны даңкта, макта.

    65:3 Кудайга мындай дегиле: «Сенин иштериң кандай коркунучтуу! Сенин күчүң зор, ошондуктан Сага душмандарың багынат.

    65:4 Бүт жер жүзү Сага таазим кылып, Сени мактап ырдасын, Сенин ысымыңды даңктап ырдасын».

    65:5 Келгиле, Кудайдын иштерин көргүлө, Анын адам баласына кылган иштери коркунучтуу.

    65:6 Ал деңизди кургактыкка айлантты. Дарыядан жөө өтүштү. Ошол жерде биз Аны менен кубанганбыз.

    65:7 Ал өз кудурети менен түбөлүк бийлик жүргүзөт. Анын көздөрү элдерди карап турат, козголоңчулар көтөрүлүшпөсүн.

    65:8 үлдер, биздин Кудайды даңктагыла, Анын даңкын жар салгыла.

    65:9 Ал биздин өмүрүбүздү сактап калды, бутубуздун тайышына жол берген жок.

    65:10 Кудай, Сен бизди сынадың, бизди күмүштү эриткендей эриттиң.

    65:11 Сен бизге тузак тарттың, башыбызга алаамат түшүрдүң.

    65:12 Адамдарды башыбызга чыгардың. Биз отко да, сууга да кирдик, анан Сен бизди азаттыкка алып чыктың.

    65:13 Мен Сенин үйүңө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен кирип, Сага берген убадаларымды аткарам.

    65:14 Алар менин башыма кыйынчылык түшкөндө, өз оозумдан чыккан, аларды мен өз тилим менен айткам.

    65:15 Кочкорлордун майларын өрттөп, мен Сага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалам, өгүздөр менен текелерди курмандыкка чалам.

    65:16 Кудайдан корккондор, баарыңар келип уккула, Ал менин жаным үчүн эмне кылгандыгын силерге жарыя кылам.

    65:17 Мен Аны өз оозум менен чакыргам, Аны өз тилим менен мактагам.

    65:18 үгерде мен жүрөгүмдөн мыйзамсыздыкты көргөн болсом, анда Теңир мени укмак эмес.

    65:19 Бирок Кудай укту, менин жалынган үнүмө кулак салды.

    65:20 Менин сыйынуумду четке какпаган, мени өз ырайымынан ажыратпаган Кудайга алкыш!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск