Адилеттик кылуусун сурап Кудайга сыйынуу
7:1 Бенжемин тукумунан чыккан Куштун иши боюнча Дөөттүн Теңир алдында зарлаган ыры.
7:2 Теңирим, Кудайым, мен Сага таянам. Мени куугунтукка алгандардан куткар, мени ошолордон сакта.
7:3 Алар мени куткаруучу жок кезде арстан өңдүү тытып, жанымды сууруп алышпасын.
7:4 Теңирим, Кудайым! эгер мен бир жаман иш кылган болсом, колумда жалган иш болсо,
7:5 үгер мени менен тынч жашаган адамга жамандык кылган болсом (мага үч себепсиз душман болгон адамды да куткаргам),
7:6 анда мени душман кууп жетип, өмүрүмдү тебелеп, даңкымды күлгө айлантып салсын.
7:7 Теңир, каарың менен ордуңан тур, душмандарымдын жаалына каршы чык; мен үчүн ойгонуп, өз өкүмүңдү чыгар, аны өзүң осуят кылгансың.
7:8 Сенин тегерегиңе топ эл жыйылат, алардын үстүнөн жогору көтөрүл.
7:9 Теңир элдерди соттойт. Теңирим, мага чынчылдыгым, күнөөсүздүгүм боюнча өкүм чыгар.
7:10 Кудайсыздардын кыянаттыктары токтосун, адил адамга болсо күч бер, анткени Сен жүрөктөрдү, ички ойлорду сынайсың, адилеттүү Кудай!
7:11 Менин калканым – таза жүрөктөрдү куткаруучу Кудай.
7:12 Кудай – адилеттүү сот, Ал – ар күнү катуу жазалоочу Кудай.
7:13 үгерде ким кайрылбаса, Ал кылычын курчутуп, жаасын мүүлеп тартат.
7:14 Ал үчүн өлтүрүүчү куралдарды даярдайт, өзүнүн жебелерин оттуу кылат.
7:15 Мына, кудайсыз адам жамандык сүүп, куру нерсени багып, жалганды жыйнап алды.
7:16 Бирөөгө казган оруна өзү түштү.
7:17 Анын кылган жамандыгы өз башына көрүнөт, анын кылган кыянаттыгы төбөсүнө түшөт.
7:18 Мен Теңирди чындыгы үчүн даңктайм, бардыгынан жогору турган Теңирдин ысымын мактап ырдайм.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК