Ысрайылга ырайым кылуусун сурап Кудайга сыйынуу
84:1 Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Забур.
84:2 Теңир! өз жериңе ырайым кылдың, Жакыпты туткундан бошоттуң.
84:3 өз элиңдин мыйзамсыз иштерин кечирдиң, анын бүт күнөөлөрүн жаап салдың.
84:4 өз ачууңду тыйдың, катаал каарыңды башка жакка бурдуң.
84:5 Бизди кайра калыбыбызга келтир, куткаруучу Кудайыбыз, бизге каарданганыңды токтот.
84:6 Чын эле, Сен бизге түбөлүккө каардана бересиңби, өзүңдүн каарыңды укумдан-тукумга уланта бересиңби?
84:7 өз элиңди өзүң менен кубантыш үчүн, Сен бизди кайрадан тирилтпей коёсуңбу?
84:8 Бизге өз ырайымыңды көрсөт, Теңирим, бизди куткар.
84:9 Кудай-Теңирдин эмне айтарын угайын. Ал өз элине, өзүнүн тандап алгандарына тынчтык берет. Бирок алар кайрадан акылсыздык кылышпаса экен.
84:10 Кудайдын даңкы биздин жерибизде жашашы үчүн, Андан корккондорго Анын куткаруусу ушунчалык жакын!
84:11 Ырайым менен чындык жолугушат, адилеттик менен тынчтык өбүшөт.
84:12 Чындык жерден чыгат, адилеттик асмандан түшөт.
84:13 Теңир береке берет, ошондо жерибиз өз жемишин берет.
84:14 Адилеттик Анын алдында барат жана Анын буттарына жол даярдайт.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК