Даңктоо ыры
91:1 Забур. Ишемби күнгө арналган ыр.
91:2 Бардыгынан жогору турган Кудай, Сени даңктаган, Сенин ысымыңды мактап ырдаган кандай жакшы!
91:3 үртең менен Сенин ырайымыңды, түн ичинде чындыгыңды жарыя кылуу кандай жакшы!
91:4 Он кылдуу арфа, гусли чертип ырдоо кандай жакшы!
91:5 Анткени Сен мени өзүңдүн жараткандарың менен кубанттың, Теңир. Мен Сенин колуң жасаган иштерге суктанам.
91:6 Теңир, Сенин иштериң кандай улуу! Сенин ойлоруң кандай терең!
91:7 Аны ойлонбогон адам билбейт, аны акылы жок адам түшүнбөйт.
91:8 Кудайсыздар чөп чыккандай чыгышат, мыйзамсыз иштерди кылгандар түбөлүк жок болуш үчүн гүлдөшөт.
91:9 Сен болсо, Теңирим, түбөлүккө баарынан жогору турасың!
91:10 Анткени, мына, Теңирим, Сенин душмандарың, мына, Сенин душмандарың өлүп жатышат, мыйзамсыз иштерди кылгандар туш-тушка чачырап жатышат.
91:11 Бирок Сен менин мүйүзүмдү буйволдун мүйүзүндөй жогору көтөрдүң, Сен мени жаңы зайтун майы менен майладың.
91:12 Мен душмандарымдын кыйраганын өз көзүм менен көрүп жатам, мага каршы чыккан зулумдардын талкаланганын өз кулагым менен угуп жатам.
91:13 Адил адам курма дарагындай гүлдөйт, Лебанон кедриндей асманга бой керет.
91:14 Теңирдин үйүнө отургузулгандар Кудайыбыздын короосунда гүлдөшөт.
91:15 «Теңир адилеттүү, Ал менин тирегим, Анда калп жок», – деп жар салуу үчүн,
91:16 алар карыганда да мөмөлүү, ширелүү, жашыл болуп турушат.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК