Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Асмандагы тактыда отурган Кудай

    4:1 Ошондон кийин мен өйдө карап, асмандын эшиги ачылганын көрдүм. Мен мурун уккан, сурнайдын үнүндөй болгон, мага сүйлөгөн эн мындай деди: «Бул жакка чык, Мен сага мындан кийин эмне болушу керек экендигин көрсөтөм».

    4:2 Ошол замат мен Рухка толдум. Ошондо мен асманда такты турганын, тактыда Бирөө отурганын көрдүм.

    4:3 Анын көрүнүшү яспис жана акак таштарындай экен. Ал эми тактыны көрүнүшү зымырыт ташындай болгон жаа тегерете курчап турат экен.

    Тактыларда отурган аксакалдар

    4:4 Ал тактынын тегерегинде жыйырма төрт такты бар экен. Ал тактыларда үстүлөрүнө ак кийим, баштарына алтын таажы кийген жыйырма төрт аксакал отурганын көрдүм.

    4:5 Такты тараптан чагылган чартылдап, күн күркүрөп, катуу дабыштар чыгып жатты. Ал эми тактынын алдында Кудайдын жети руху болгон жети чырак жалындап күйүп туруптур.

    4:6 Тактынын алдында кристаллга окшогон, тунук айнектей болгон деңиз, тактынын ортосунда жана тегерегинде алды-арты бүт көз болгон төрт тирүү жандык бар экен.

    4:7 Биринчи жандык арстанга, экинчиси торпокко, үчүнчүсүнүн бети адамдыкына, төртүнчүсү болсо учуп бара жаткан бүркүткө окшош экен.

    4:8 Төрт тирүү жандыктын ар биринин алтыдан канаты бар эле, ал эми алардын тула бою көзгө толо эле. Алар күнү-түнү тыным албастан: «Башынан бери эле бар болгон, азыр да бар болуп турган, келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир ыйык, ыйык, ыйык!» – деп жатышты.

    4:9 Бул тирүү жандыктар тактыда отурган, түбөлүк жашоочу Кудайды даңктап, Ага урмат көрсөтүп, ыраазычылык билдиришкен сайын,

    4:10 жыйырма төрт аксакал тактыда Отургандын алдына жыгылып, түбөлүк Жашоочуга таазим кылып, таажыларын тактынын алдына коюп, мындай деп жатышты:

    4:11 «Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск