Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Жети мөөр басылган китеп

    5:1 Анан мен тактыда Отургандын оң колунан эки бетине тең жазылган, жети мөөр басылган түрмөк китепти көрдүм.

    5:2 Ошондой эле күчтүү периштени көрдүм, ал: «Мөөрлөрдү алып таштап, китепти ачууга ким татыктуу?» – деп, катуу эн менен сурап жатты.

    5:3 Бирок асманда да, жерде да, жер астында да ал китепти ачууга, анын ичин кароого үч ким табылган жок.

    5:4 Ошондо мен ал китепти ачып окууга, атүгүл, анын ичин кароого татыктуу үч ким табылбагандыгы үчүн аябай ыйладым.

    5:5 Ошондо аксакалдардын бири мага мындай деди: «Ыйлаба, мына, Жүйүт уруусунан, Дөөттүн тукумунан чыккан Арстан жеңип чыкты. Мына Ошол жети мөөрдү алып таштап, китепти ача алат».

    5:6 Анан мен тактынын, төрт тирүү жандыктын жана аксакалдардын ортосунда мууздалган сыяктуу Козу турганын көрдүм. Анын жети мүйүзү жана жети көзү бар экен. Алар – Кудайдын бүт дүйнөгө жиберген жети руху.

    5:7 Ошол Козу келип, тактыда Отургандын оң колунан китепти алды.

    5:8 Ал китепти алганда, төрт тирүү жандык жана жыйырма төрт аксакал Козунун алдына жыгылышты. Алардын ар биринде гусли жана жыпар жыттуу затка толгон алтын чөйчөктөр бар эле. Ал чөйчөктөрдөгү жыпар жыттуу зат – ыйыктардын сыйынуусу.

    5:9 Анан алар мындай жаңы ыр ырдашты: «Сен китепти алууга, анын мөөрлөрүн ачууга татыктуусуң, анткени Сен мууздалдың, өз каның менен ар бир уруудан, ар бир тилден, ар бир элден жана ар бир улуттан бизди Кудайга сатып бердиң.

    5:10 Бизди Кудайыбызга падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар кылдың. Биз жер үстүндө падышачылык кылабыз».

    5:11 Анан мен тактынын, тирүү жандыктардын жана аксакалдардын тегерегинен көптөгөн периштелерди көрдүм, алардын эндөрүн уктум. Алар миң-миңдеп, миң-түмөндөп саналат экен.

    5:12 Алар катуу эн менен: «Мууздалган Козу бийликке жана байлыкка, даанышмандыкка жана кудуретке эү болууга, урматталууга, даңкталууга жана макталууга татыктуу», – деп айтып жатышты.

    5:13 Ошондо мен асмандагы жана жердеги, жер астындагы жана деңиздеги, бүт дүйнө жүзүндөгү тирүү жандыктардын баарынын: «Тактыда Отурган жана Козу түбөлүккө макталсын, урматталсын, даңкталсын жана бийлик кыла берсин!» – деп айтышканын уктум.

    5:14 Ошондо төрт тирүү жандык: «Оомийин», – дешти. Жыйырма төрт аксакал болсо жерге жыгылып, түбөлүк Жашоочуга таазим кылды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск