Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Кудайдын адилет соту

    2:1 Ошондуктан сен, башканы соттогон адам, ким болсоң да, сага кечирим жок. Себеби сен башканы соттоо менен, өзүңдү айыптап жатасың. Анткени сен башканы соттоп жатып, өзүң деле ошол иштерди кылып жатасың.

    2:2 Ал эми биз мындай иш кылгандарга Кудайдын адилет соту жүргүзүлөрүн билебиз.

    2:3 Ушундай иш кылгандарды соттоп жатып, ошол эле иштерди жасаган адам, сен Кудайдын сотунан качып кутулам деп ойлоп турасыңбы?

    2:4 Же Кудай өз айкөлдүгү менен сени тобо кылууга жетелерин билбей, Анын айкөлдүгүн, сабырдуулугун жана чыдамдуулугун барк албай жатасыңбы?

    2:5 Бирок сен өзүңдүкүн бербегендигиң менен, өкүнбөгөндүгүң менен, Кудайдын каары төгүлө турган жана адилет соту боло турган күнгө, өзүңө өзүң каар чогултуп жатасың.

    2:6 Кудай ар бир адамга иштерине жараша тиешесин берет:

    2:7 даңкты, урмат-сыйды жана өлбөстүктү туруктуулук менен жакшылык кылуу аркылуу издегендерге түбөлүк өмүр берет,

    2:8 ал эми өзүнүкүн бербей, чындыкка баш ийбей, адилетсиздикке багынгандарга каарын жана ачуусун төгөт.

    2:9 Жамандык кылган ар бир адамдын, алгач жүйүттөрдүн, андан кийин эллиндердин башына кайгы жана кыйынчылык түшөт.

    2:10 Тескерисинче, жакшылык кылган ар бир адам, алгач жүйүттөр, андан кийин эллиндер даңкка, урмат-сыйга жана тынчтыкка бөлөнөт.

    2:11 Анткени Кудайда бет карамалык жок.

    Мыйзам менен сүннөт куткарбайт

    2:12 Мыйзамды билбей күнөө кетиргендер мыйзамсыз эле жок болушат. Ал эми мыйзамды билип туруп күнөө кетиргендер ошол мыйзам боюнча соттолушат.

    2:13 (Анткени Кудайдын алдында мыйзамды уккандар акталышпайт, мыйзамды аткаргандар акталышат.

    2:14 Анткени мыйзамды билбеген бутпарастар табиятынан эле мыйзам буйруганды аткарып жатышса, анда алар мыйзамды билишпегенине карабастан, өздөрүнө өздөрү мыйзам.

    2:15 Ошентип, алар мыйзам талабынын жүрөктөрүндө жазылганын көрсөтүп жатышат. Бул жөнүндө алардын абийири жана бирде айыптаган, бирде актаган ойлору күбөлөндүрүп жатат).

    2:16 Мен таратып жаткан Жакшы Кабар боюнча, Кудай Ыйса Машайак аркылуу адамдардын жашыруун иштерин соттогон күнү бул айкын болот.

    2:17 Мына, сен өзүңдү жүйүтмүн деп, мыйзамга таянып, Кудай менен мактанасың.

    2:18 Анын каалоосун билесиң. Кайсы ишти жасаса жакшы экенин сен мыйзамдан эйрөнгөнсүң.

    2:19-20 Мыйзамдан билим алып, чындыкты билгендиктен, сен өзүңдүн сокурларга жол көрсөтүүчү, караңгыда жүргөндөргө жарык, акылсыздарга насаатчы, балдарга окутуучу экениңе толук ишенесиң.

    2:21 Сен башкаларды эйрөтүп, өзүң эмнеге эйрөнбөйсүң?

    2:22 Сен башкаларга: «Уурдаба», – деп насаат айтып, өзүң эмнеге уурдайсың? «Нике бузба», – деп айтып, өзүң эмнеге нике бузасың? Буркандардан жийиркенесиң да, анан эмнеге алардын бутканаларын талап-тонойсуң?

    2:23 Мыйзам менен мактанасың да, анан эмнеге мыйзамды бузуп, Кудайга сөз тийгизесиң?

    2:24 Анткени Ыйык Жазууда жазылгандай, «силердин айыңардан бутпарастардын арасында Кудайдын ысымына тил тийип жатат».

    2:25 үгерде сен мыйзамды аткарсаң, анда сүннөттүн пайдасы бар. эгерде сен мыйзамды бузсаң, анда сенин сүннөтүң сүннөт эмес.

    2:26 Демек, сүннөтү жок адам мыйзамдын буйруктарын аткарса, анын сүннөтсүздүгү сүннөт катары эсептелбейби?

    2:27 Ыйык Жазууну билген, сүннөткө отургузулган, бирок мыйзамды бузуп жаткан сени сүннөткө отургузулбаган, бирок мыйзамды аткарган адам соттобойбу?

    2:28 Анткени көрүнүшү жүйүт болсо эле жүйүт эмес, сүннөткө отургузулса эле сүннөттүү эмес.

    2:29 Тескерисинче, жүрөгү жүйүт болгон адам – жүйүт. Жүрөктүн сүннөтү да тамганын негизинде эмес, Рух боюнча болот. Ошондой адамга адамдардан эмес, Кудайдан мактоо айтылат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск