Кудайдын Ысрайылды куткарары жана ага бата берери жөнүндөгү убадасы
8:1 Себайот Теңирден мындай сөз болду:
8:2 Себайот Теңир мындай дейт: «Мен Сионду чоң кызганыч менен кызгандым. Мен аны катуу каар менен кызгандым».
8:3 Теңир мындай дейт: «Мен Сионго кайрылып келип, Иерусалимде жашайм, ошондо Иерусалим чындык шаары деп аталат, Себайот Теңирдин тоосу ыйык тоо деп аталат».
8:4 Себайот Теңир мындай дейт: «Иерусалимдин көчөлөрүндө кайрадан кары кишилер менен кары аялдар колдоруна таяк кармап отурушат, анткени алар узак өмүр сүрүшөт.
8:5 Бул шаардын көчөлөрү ойноп жүргөн жаш балдар менен жаш кыздарга толот».
8:6 Себайот Теңир мындай дейт: «үгерде бул ошол күндөрү бул элдин көзүнө укмуш болуп көрүнсө эле, Менин көзүмө да укмуш болуп көрүнмөк беле? – дейт Себайот Теңир».
8:7 Себайот Теңир мындай дейт: «Мен өз элимди чыгыш өлкөсүнөн жана батыш өлкөсүнөн куткарып алам.
8:8 Аларды алып келем, алар Иерусалимде жашап калышат. Алар Менин элим болушат, акыйкаттык менен чындыктын негизинде Мен алардын Кудайы болом».
8:9 Себайот Теңир мындай дейт: «Себайот Теңирдин үйүнүн пайдубалы орнотулган күнү пайгамбарлар аркылуу айтылган сөздөрдү азыр да угуп жаткандар, ийбадаткананы куруш үчүн, кайраттуу болгула.
8:10 Анткени ошол күндөрдөн мурун адамдарга акы төлөө болгон эмес, жаныбарлардын эмгеги үчүн да акы төлөө болгон эмес. Кетип жаткандарга да, келип жаткандарга да душмандардан тынчтык болгон эмес. Адамдардын бири-бири менен касташуусуна Мен жол берчүмүн.
8:11 Азыр болсо бул элдин калдыгы үчүн Мен мурдагы күндөрдөй эмесмин, – дейт Себайот Теңир.
8:12 Анткени эгин тынчтыкта айдалат, жүзүм сабагы өз жемишин берет, жер өз түшүмүн берет, асман өз шүүдүрүмүн берет: мунун баарын Мен бул калган элдин эүлигине берем.
8:13 Жүйүт менен Ысрайыл, силер элдердин арасында каргыш болосуңар, бирок Мен силерди куткарам, силер бата болосуңар. Коркпогула, кайраттуу болгула!»
8:14 Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Силердин ата-бабаларыңар Мени каардантышканда, Мен силерди жазалоону чечкем, ошол чечимимди өзгөрткөн эмесмин, – дейт Себайот Теңир.
8:15 Бирок Мен бул күндөрү Иерусалимге жана Жүйүткө кайрадан жакшы нерсе кылууну чечтим. Коркпогула!
8:16 Силер кыла турган иштер булар: бири-бириңерге чындыкты айткыла, дарбазаңардын алдында акыйкаттык менен тынчтыкты сактап сот жүргүзгүлө.
8:17 Силердин араңардан үч ким өз жүрөгүндө жакынына каршы кыянаттык ойлобосун, жалган антты сүйбөгүлө, анткени мунун баары – Мен жек көргөн нерселер, – дейт Теңир».
8:18 Анан мага Себайот Теңирден мындай сөз болду:
8:19 Себайот Теңир мындай дейт: «Төртүнчү айдын орозосу, бешинчи айдын орозосу, жетинчи айдын орозосу жана онунчу айдын орозосу Жүйүт тукуму үчүн кубаныч менен шаттыкка, жакшы майрамдарга айлансын. Чындык менен тынчтыкты сүйгүлө».
8:20 Себайот Теңир мындай дейт: «Көптөгөн элдер жана көптөгөн шаарлардын тургундары келишет.
8:21 Бир шаардын тургундары экинчи шаардын тургундарына барып: “Теңирдин алдына барып сыйыналы, Себайот Теңирди издейли”, – дешет; Ар бири: “Мен да барам”, – дейт.
8:22 Иерусалимде Себайот Теңирди издеш үчүн, Теңирге сыйыныш үчүн, көптөгөн уруулар жана күчтүү элдер келишет».
8:23 Себайот Теңир мындай дейт: «Ал күндөрдө мындай болот: ар кандай тилдерде сүйлөгөн бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: “Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук”, – дешет».
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК