Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Теңирдин Сулайманга келиши

    9:1 Сулайман Теңирдин ийбадатканасын, падыша сарайын куруп бүттү, эмнени кааласа, ошонун баарын жасап бүттү.

    9:2 Ошондо Теңир мурда Гибондо келгендей, ага экинчи жолу келди.

    9:3 Теңир ага мындай деди: «Мен сенин сыйынууңду жана өтүнүчүңдү уктум. Сен курган бул ийбадатканада Менин ысымым түбөлүк жашашы үчүн, Мен аны ыйыктадым. Менин көзүм да, жүрөгүм да ал жерде дайыма болот.

    9:4 үгер сен Мен сага осуят кылгандардын бардыгын аткарып, Менин алдымда атаң Дөөт сыяктуу таза жүрөк менен адил жашасаң, Менин буйруктарым менен мыйзамдарымды сактасаң,

    9:5 анда “Сенин тукумуң Ысрайыл элинин тагынан түшпөйт” деп, атаң Дөөткө айтканымдай, сенин падышачылык тагыңды Ысрайылга түбөлүк коём.

    9:6 үгерде силер да, уулдарыңар да Менден четтеп кетсеңер, Менин силерге берген осуяттарым менен буйруктарымды аткарбасаңар, башка кудайларга кызмат кылып, табына баштасаңар,

    9:7 анда Мен өзүм берген жерден Ысрайылды жок кылам, өзүмдүн ысымым үчүн ыйыктаган ийбадаткананы таштап кетем, ошондо Ысрайыл бүт элдер арасында лакап жана күлкү болот.

    9:8 Ушул бийик ийбадаткананын жанынан өткөн ар бир адам эрөйү учуп, ышкырып: “Теңир бул жерди жана бул ийбадаткананы эмне үчүн ушундай кылды?” – деп айтат.

    9:9 Ошондо: “Булар ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыккан өздөрүнүн Кудай-Теңирин таштап, башка кудайларды кабыл алып, аларга табынып, кызмат кылышкандыгы үчүн ушул алааматтын баарын Теңир алардын башына салды”, – деп айтышат».

    Сулайман менен Хирамдын ортосундагы келишим

    9:10 Сулайман эки эйдү – Теңир үйү менен падыша сарайын жыйырма жылда куруп бүттү.

    9:11 Тир падышасы Хирам Сулайманга каалашынча кедр жана кипарис жыгачын, алтын жеткирип тургандыгы үчүн, Сулайман падыша Хирамга Галилея жеринен жыйырма шаар берди.

    9:12 Хирам Сулайман берген шаарларды көрүү үчүн, Тирден чыкты. Бирок алар ага жаккан жок.

    9:13 Ал: «Бир тууганым, сен мага эмне деген шаарларды бергенсиң?» – деди. Анан Хирам аларды Кабул жери деп атады, ушул күнгө чейин ал ушундай аталат.

    9:14 Падышага Хирам жүз жыйырма талант алтын жөнөттү.

    Сулаймандын убагында Ысрайылдын гүлдөшү

    9:15 Сулайман падыша Теңирдин ийбадатканасын, өз үйүн курууга, Мило сепилин, Иерусалим дубалын, Хатсорду, Мегидону жана Гезерди калыбына келтирүүгө жумшоо үчүн ушундай салык салган эле.

    9:16 Мисир падышасы фараон келип, Гезерди басып алды да, аны өрттөп, шаарда жашаган канаандыктарды кырып, аны Сулаймандын аялы болгон өз кызынын себине берди.

    9:17 Сулайман Гезерди жана төмөнкү Бейт-Коронду,

    9:18 Баалатты жана чөлдөгү Тадморду,

    9:19 үгин сактай турган бардык шаарларды, майдан арабалар үчүн, атчан аскерлер үчүн шаарларды, Иерусалимде, Лебанондо жана өзүнө караштуу бардык жерлерде эмнени кургусу келсе, ошолордун бардыгын курду.

    9:20 Аморлуктардын, хеттиктердин, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын аман калгандарын,

    9:21 Ысрайыл уулдары жок кыла албай калган алардын балдарын Сулайман кул сыяктуу жумушка салды, ушул күнгө чейин ошондой.

    9:22 Сулайман Ысрайыл уулдарын жумушка салган жок, аларды жоокер, кызматчы, төрө, аскер башчы, майдан арабаларга жана атчан жоокерлерге башчы кылды.

    9:23 Сулаймандын жумушчуларынын үстүнөн караган көзөмөлдөөчүлөрдүн саны беш жүз элүү болчу.

    9:24 Фараондун кызы Дөөттүн шаарынан Сулайман куруп берген эйгө көчүп келди. Анан Сулайман Мило сепилин курду.

    9:25 Сулайман Теңирге арнап өзү курган курмандык чалынуучу жайга жылына үч жолу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалып, Теңирдин алдында жыпар жыттуу заттарды түтөтүп турду. Ошентип, ал эйдү куруп бүтүрдү.

    9:26 Сулайман падыша ошондой эле эдом жериндеги, Кызыл деңиздин жүүгиндеги, эйлаттын жанындагы этсатон-Геберде кеме курду.

    9:27 Хирам деңизди жакшы билген кол астындагы кемечилерин Сулаймандын кол астындагы кишилери менен бирге кеме менен жөнөттү.

    9:28 Алар Опирге сүзүп барып, ал жактан Сулайман падышага төрт жүз жыйырма талант алтын алып келишти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск