Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Тимофею 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Сыйынуу жөнүндө

    2:1 Ошентип, баарынан мурда суранарым: такыбаалык, тазалык менен бейпил жана коогасыз жашашыбыз үчүн,

    2:2 бардык адамдар үчүн, падышалар жана бардык башкаруучулар үчүн сыйынгыла, өтүнгүлө, жалынгыла жана ыраазычылык билдиргиле.

    2:3 Анткени бул жакшы жана биздин Куткаруучубуз Кудайга жагат.

    2:4 Анткени Ал бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт.

    2:5 Анткени Кудай бирөө, Кудай менен адамдардын ортосундагы арачы да бирөө. Ал – адам болуп келген Машайак Ыйса.

    2:6 Ал өзүн бардык адамдар үчүн кун катары берди: өз убагында берилген күбөлөндүрүү ушул.

    2:7 Мен ошол күбөлөндүрүүнүн жар салуучусу жана элчиси, ишеним жана чындык менен окуткан бутпарастардын окутуучусу болуп дайындалгам. Мен чындыкты айтып жатам, калп айткан жокмун.

    үркектер менен аялдардын жүрүм-туруму

    2:8 Ошондуктан мен эркектердин бардык жерде таза колдорун көтөрүп, ачууланбастан жана шектенбестен сыйынууларын каалайм.

    2:9 Ошондой эле аялдар да өздөрүн өргөн чачы, алтын, бермет, кымбат баалуу кийим менен эмес, жөнөкөй кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-үстүүлүк менен,

    2:10 өздөрүн такыбаа жашоого арнаган аялдарга таандык болгон жакшы иштер менен жасалгалашсын.

    2:11 Аял киши унчукпастан, толук баш ийүү менен эйрөнсүн.

    2:12 Аял кишинин окутушуна, күйөөсүнө бийлик кылышына тыюу салам, ал унчукпасын.

    2:13 Анткени адегенде Адам ата, андан кийин Обо эне жаратылган.

    2:14 Адам ата азгырылган эмес, аял азгырылып, күнөөгө баткан.

    2:15 Ошондой болсо да, эгерде ишенимди жана сүйүүнү, ыйыктыкты жана адеп-ахлактуулукту сактаса, бала төрөө аркылуу куткарылат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск