Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Дөөттүн акыркы сөзү

    23:1 Бул жогору коюлган адамдын, Жакыптын Кудайынын майланганынын, Ысрайылдын мукам эндүү ырчысы, Жышайдын уулу Дөөттүн акыркы сөздөрү:

    23:2 «Теңирдин Руху мен аркылуу сүйлөйт, Анын сөзү менин оозумда.

    23:3 Ысрайылдын Кудайы айтты, Ысрайылдын аскасы мен жөнүндө мындай деди: “үл үстүнөн бийлик кылуучу адам адилет болсо, Кудайдын коркунучу менен бийлик жүргүзсө,

    23:4 анда ал ачык асманга күн чыгып келе жаткандагы таңкы жарыктай, жамгырдан кийин чыккан жаркыроодой, ал жаркыроодон жерден чөп чыгат”.

    23:5 Менин тукумум Кудай алдында ушундай эмеспи? Анткени Ал мени менен түбөлүк, бекем жана бузулбас келишим түздү. Менин бүт куткарылуум, бүт каалоом Андан келип жаткан жокпу?

    23:6 Кудайсыздар ыргытылган, кол менен кармаганга болбой турган тикенектей болушат.

    23:7 Бирок ким аны колу менен кармагысы келсе, ал темир менен же найзанын сабы менен куралданат, аны турган жеринде өрттөшөт».

    Дөөттүн эр жүрөк аскерлери

    23:8 Дөөттүн эр жүрөк аскерлеринин аттары: эснилик Жошеп-Башебет – эчөөнүн башкысы. Ал найзасын сегиз жүз кишиге көтөрүп, аларды бир жолку салгылашта талкалады.

    23:9 Андан кийинкиси Дөөт менен жүргөн үч эр жүрөк аскердин бири, Акойактын небереси, Додонун уулу элазар эле. Алар согушуу үчүн чогулган пелиштиликтерди намысына тийип чакырышканда, ал да Дөөттүн жанында эле.

    23:10 Ысрайылдыктар пелиштиликтерге каршы чыгышты, ошондо ал туруп, пелиштиликтерди колу чарчап, кылычка жабышып калгыча кырды. Ошол күнү Теңир улуу жеңиш тартуулады, эл болсо талап-тоноо үчүн анын артында жүрдү.

    23:11 Андан кийинкиси – арардык Агея уулу Шама. Пелиштиликтер Тиреяга, жасмык себилген талаага чогулганда, Ысрайыл эли пелиштиликтерден качты.

    23:12 Ошондо ал талаанын ортосуна туруп, аны сактап калды, пелиштиликтерди кырды. Ошол күнү Теңир Ысрайылга улуу жеңиш тартуулады.

    23:13 Отуз жол башчынын ичинен үчөө барды да, оруп-жыюу маалында Дөөткө, Адулам үңкүрүнө киришти. Ошол учурда Репа өрөөнүндө пелиштиликтердин кошууну турган.

    23:14 Ошол учурда Дөөт бекемделген жерде эле, пелиштиликтердин кошууну болсо Бейт-Лехемде болчу.

    23:15 Дөөт суу ичкиси келип: «Дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан ким мага суу алып келип, суусунумду кандырат?» – деди.

    23:16 Ошондо бул үч эр жүрөк пелиштиликтердин кошуунун жарып өтүп, дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан суу сузуп, Дөөткө алып келип беришти. Бирок Дөөттүн ичкиси келген жок. Ал сууну Теңирдин даңкы үчүн төгүп салды да, мындай деди:

    23:17 «Теңир, мени ушул сууну ичкенден сакта! Бул өз өмүрүн тобокелге салып барып келген адамдардын каны эмеспи?» Ошентип, сууну ичүүнү каалаган жок. Yч эр жүрөк ушундай кылган!

    23:18 Ушул эчөөнүн ичинен Серуянын уулу, Жойаптын бир тууганы Абышай башчы эле. Ал өз найзасы менен үч жүз кишини өлтүргөн, тигил эчөөнүн арасында анын кадыры бар эле.

    23:19 Ал эчөөнүн эң атактуусу жана башчысы болчу, бирок тиги эчөөнө тең келчү эмес.

    23:20 Улуу иштерди кылган капсейелдик эр жүрөк адам – Жойат уулу Беная. Беная мааптык Ариелдин эки уулун өлтүргөн. Ак карлуу кышта орго түшүп, арстанды өлтүргөн.

    23:21 Ал мисирлик бир алп кишини өлтүргөн. Колунда найзасы бар мисирликке союл менен чыгып, колунан найзасын тартып алып, аны өз найзасы менен өлтүргөн.

    23:22 Жойат уулу Беная ушундай эрдик кылып, үч баатырдын ичинен атактуу болду.

    23:23 Ал отуз баатырдын ичинен эң атактуу болчу, бирок тиги эчөөнө тең келе алчу эмес. Дөөт аны өз сакчыларына башчы кылып дайындаган.

    23:24 Отуздун ичинде Жойаптын бир тууганы Асаел, бейт-лехемдик Додонун уулу элханан,

    23:25 хароттук Шама, хароттук элика,

    23:26 палтилик Хейлез, текоялык Икеш уулу Ира,

    23:27 анатоттук Абиезер, хушалык Мебунай,

    23:28 акойактык Салмон, нетопалык Марай,

    23:29 нетопалык Баана уулу Хейлеп, Бенжемин уулдарынын Гибасынан Рибайдын уулу Итай,

    23:30 пиратондук Беная, нахелей-гааштык Идай,

    23:31 арабалык Абы-Албан, баркумдук Азмабет,

    23:32 шаалбондук элийакпа, Жашен уулдарынан Жонатан,

    23:33 арардык Шама, арараттык Шарар уулу Ахиям,

    23:34 Маахалыктын небереси, Ахазбайдын уулу элипелет, гилолук Акитопел уулу элиям,

    23:35 кармелдик Хесрай, арбилик Паарай,

    23:36 собалык Натан уулу Игал, гаттык Бани,

    23:37 амондук Селек, Серуянын уулу Жойаптын курал көтөрүүчүсү бейроттук Нахрай,

    23:38 итрилик Ира, итрилик Гареп,

    23:39 хеттик Урий бар эле. Бардыгы отуз жети.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск